Ак-Талаа районунда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгына караштуу жеке ветеринардык сервистер жылкыларга чип тагып жатышат. Быйылкы 2025- жылга 5558 баш жылкыны идентификациялоо планы берилген болсо, учурда 15 …
Бүгүн Ак-Талаа районунда КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана акимдин балдарга арналган Жаңы Жылдык балаты майрамы өтүп, ага райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин мыкты окуучулары, спорттук мелдештердин, кароо-сынактардын …
2025-жылдын 20-декабрында Кочкор районунун Чолпон айылында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдеш «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» деген ураан алдында уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, биринчи орунду Чолпон …
18-декабрь, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата КР Улуттук банкы жана КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен китепти чыгарышты.
20-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.
18-декабрда Ноокат районунун акими Д. Шейшеканов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте Абшыр-Ата туристтик зонасына барды. Туристтик зона менен жеринен таанышып, аймакта иш жүргүзүп …
Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Тимурлан Жунусакуновдун үй-бүлөсүндө 11-декабрда 3 эм төрөлдү. Жубайлар үч эм тууралуу кош бойлуулуктун 2 айында дарыгердин кезектеги кабыл алуусунда билишкен.
2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз–Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун «Атом» документалдык тасмасынын атайын көрсөтүүсү болуп өттү. «Росатом» мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган иш-чарага 300дөн ашык студент катышып, илимий-агартуучулук иш-чаралардын циклын ачты.
12-декабрь Адабият күнүнө карата А. Осмоновдун жээн небереси Сыдыкалиева Даражан Болотбековнадан Дөбөлү жамааттык медиасынын кабарчысы Алмазбекова Сайкалдын алган интервьюсу
Ак-Талаа райондук ветеринария, мал чарбасы, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Талант Токтокожоев «Ачык өкмөт» долбоорунда суроолорго жооп берди.
Бүгүн Токтогул жергесинде тарыхта терең из калтырган, кыргыз элинин даңктуу уулу – колбашчы, баатыр, XVIII кылымдагы көрүнүктүү эл башчылардын бири Хан Садыр Арзымат уулунун элесине арналган эстеликтин расмий ачылыш аземи …
Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес участогунда курулуш материалдарын чыгаруучу ири ишкана – жаңы бетон заводу расмий түрдө ишке берилди. Заводдун курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталып, кыска убакыттын …
Дөбөлү айылынын ФАП кызматкери мед айым Гулзат Бакеевадан, учурда курч жүрүп жаткан сасык тумоодон сактануу боюнча пайдалуу кеңештер
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы “Нур Чолпон” бала бакчасында “3–7 жаштагы балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрү жана тарбиялоонун принциптери” аталышындагы ата-энелер мектеби болуп өттү. Иш-чарага бала бакчанын жетекчилиги, тарбиячылар, айыл тургундары жана …
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагына Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. «Мен Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич 1980-жылы Кулатов …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына таштанды ташуучу машина келип жатканы элге кубаныч тартуулады. Ал айлана- чөйрөнүн тазалыгын сактоого жардам берет, жугуштуу оорулардын алдын алат жана жашоо шартты жакшыртат.
Кыргызстандын экономикасында айрыкча динамикалуу өнүгүп жаткан багыттардын бири энергетика тармагы. Өнөр жайдагы тез өсүш рынокто жогорку квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талапты кескин жогорулатты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен биргеликте майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган иштерди улантууда.
Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагындагы Исмаил айылында 2025-жылдын 12-ноябрь күнү Чодугул Байсалбекова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы курулуп баштаган имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.
Бүгүн Бишкекте медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүүгө, кастык тилге каршы турууга жана онлайн-модерация механизмдерин жакшыртууга багытталган Улуттук коалициялык форум өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, медиа уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн, жарандык коомдун жана …