Эне сүтү ымыркайдын өмүрүн сактап, ден соолугуна негиз болсо, эненин организмин да бекемдеп, күч берет. Эне болууга даярдык жаш кезден башталып, сергек жашоо образын карманганы зарыл. Үй-бүлөлүк дарыгер Айгүл Тагаева …
Турусбек мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, мектепке 115 000 сомго 1,5 тонналык “Желмаян” самосвалы сатып алынды. Бул ишке мектептин ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү жана демөөрчүлөр чогуу салым кошушту.
28-августта Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө август кеңешмесинин алкагында салтанаттуу түрдө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.
Өлкөнүн бир катар аймактарында 60дан ашуун өндүрүштүк ишкана ачылды.Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Беш-Буркан көмүр кени расмий түрдө ачылып, ишке кирди.
Борбор калаанын тургундары жакында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында үйлөрүн экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу менен модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин насыя …
2025–2026-жаңы окуу жылына карата Токтогул районунда салтка айланган мугалимдердин “Август кеңешмеси” өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер …
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин 7-классынын окуучусу Кенжебеков Алишер манасчылардын эл аралык кароо-сынагына катышып келди.
Жаштардын демилгеси айылда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Жаш келин Сымбат Кудайберген кызы чакан грант утуп алды. ИСУР коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулган бул долбоор айыл тургундары үчүн чоң жаңылык болуп, сапаттуу …
Бул макалада конок этнопсихолог, коуч-трансформатор Мундуз Айбековна адамдын өзгөрүүгө болгон муктаждыгы жана анын жолдору тууралуу ой бөлүшөт. Адамдын жашоосунда өзгөрүү табигый көрүнүш. Бирок өзгөрүүгө муктаж болуп, бирок аны жасабаган адамдар …
Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 2024-жылдын июлунда башталган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы №103 Садда мектебинин жаңы имаратынын …
2021-жылы КРсынын Саламаттыкты сактоо министрлиги гепатитти текшерүү, алдын алуу жана дарылоо боюнча №59 буйрук кабыл алган. Мурда бул оорулар боюнча маалыматтар так болбой, көпчүлүк бейтаптар жеке клиникаларга кайрылып, кээ бирлери …
Нарын облусунун Төлөк айылында жергиликтүү коомчулук Соң-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо көйгөйүнө көңүл буруу үчүн фестиваль уюштурулду.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө мамлекеттин колдоосунун негизинде президенттик фонддун эсебинен акча бөлүнүп заманбап жүк жүктөгүч жана “Хово” үлгүсүндөгү атайын автоунаалар алынып келинди.
Жай – балдар үчүн эс алуу, оюн-зоок, бош убакыт көп болгон мезгил. Бирок дал ушул учурда телефон, планшет жана компьютерге болгон кызыгуу күчөп, экран көз карандылыгы пайда болуп же мурдагыдан …
2025-жылдын 6-августунда Дөбөлү айыл аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын жергиликтүү бюджеттен 165 миң сом бөлүнүп, Кеңеш, Дөбөлү жана Таш-Башат айылдарына видео …
6 – август күнү Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында жеке ишкер Жанар Алгожоева отургузган дары өсүмдүктөр талаасында Япониядан келген окумуштуулар менен жолугушуу болуп өттү .
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө №109 Жарлыгынын алкагында» Кочкор айылынын борборунда жайгашкан соода түйүндөрдү жана турак жайларды …
Чүй облусуна караштуу Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Чыңгыз Эргешов президенттик квота менен Белоруссия мамлекетинин медициналык окуу жайына акысыз өттү.
Токтогул районунда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында практикалык даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылында жайгашкан Курама уулу Турусбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде биология, …
2025-жылдын 27-июль күнү түнкү саат 23:00 чамасында Кетмен-Дөбө айыл аймагында катуу шамал менен коштолгон бороон-чапкын болуп өттү. Натыйжада Мазар-Суу, Кушчу-Суу, Чолпон-Ата жана Терек-Суу айылдарында электр чубалгылары үзүлүп, айрым жерлерде дарактар …