Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Бирдик айылынын Жапаркулов көчөсүн оңдоо үчүн шагыл төгүлдү

Бул тууралу Бирдик айыл башчысы Мырзабеков Сагынбек билдирди. Иш чараны наам ээлери, тактап айтканда аталган инсандын уул кыздары өткөрдү. Эске салсак көчөгө бул ысым 2007-жылы ыйгарылган, бул убакытка чейин «Ынтымак» …

15 Ноябрь 2015 жыл 22:27

Жаштардын жаркын окуясы ЖаштарКемп2015 Баткен шаарында белгиленди

Баткен шаарында жаштардын жаркын окуясы «ЖаштарКемп 2015» 14-ноябрда белгиленди. Аталган иш чарага 350 жаш активисттер катышты.

15 Ноябрь 2015 жыл 0:07

Кошбулакта сел коркунучунун алдын алуу иштери башталды

Кыш жакындап кар жааганына карабай табийгый шарты катаал болгон Кошбулак аймактык башкармалыгында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин «Өзгөчө кырдаалдардын атайын алдын алуу иш-чаралары»  долбоору ишин баштады.

14 Ноябрь 2015 жыл 20:27

Кара-Суу: Тургундар кышка даярдык көрүүдө

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургундарынын кышка даярдануусу тууралуу айтып бермекчибиз. Кара-суулуктар кышка жакшы даярдык көргөнүн айтышты.

14 Ноябрь 2015 жыл 17:03

Көк-Ирим: Бирдик орто мектебинде ишембилик өткөрүлдү

Бул тууралуу Бирдик орто мектебинин тарбия заучу Мусалиева Наргиза билдирди. Айта кетсек бул ишембилик аталган орто мектеп түптөлгөндөн бери, жаз жана күз айларында өткөрүлөт. Быйылкы жылы мектептин айланасын тазалоо иштери …

14 Ноябрь 2015 жыл 16:15

Токтоянда кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 8,9,11-класстарына кесипти туура тандоо боюнча тренинг өтүлдү.

14 Ноябрь 2015 жыл 12:24

Тасманын кол өнөрчүлөрүнүн бири Бурулуш Асаналиева

Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Бурулуш Асаналиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал кездемелерден курак курап, оюу салып, жер төшөк жана жаздыкчаларды жасайт.

13 Ноябрь 2015 жыл 15:59

Көктөн күткөн жерден табылды

Сүлүктү шаардык ооруукананын №1-поликлиникасынын жолуна асфальт төшөлүп жатат.»Биздин көктөн күткөнүбүз жерден табылды. Эми бул жол Элге көп жыл кызмат кылсын. Баарыбыз кубанып калдык. Шаар жетекчилерине чоң ыракмат»-дейт башкы дарыгер Асат …

11 Ноябрь 2015 жыл 20:45

Таласта бүтүрүүчүлөр майрамдык кеченин ордуна айылдашына үй куруп беришти [сүрөт]

Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен. Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы …

11 Ноябрь 2015 жыл 12:17

Тасма: «Эл агартуунун отличниги» Ороз Саадабаевдин 34 жылдык эмгек жолу

Түп районунун Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин мугалими Ороз Саадабаев география сабагынан 34 жылдан бери эмгектенип келет. Бул тармакта ийгиликтерди жаратып «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон.

10 Ноябрь 2015 жыл 20:28

Тасманын ишкер айымы Гүлзат Чекирова

Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.

10 Ноябрь 2015 жыл 18:46

Тасмадагы жалпы мончо жаңыланып тургундарга кызмат кылууда

Түп районуна караштуу Тасма айылында мончо ишке кирди. Мончо айылдын так ортосунда жайгашкан. 

10 Ноябрь 2015 жыл 18:33

Тасмада мектеп айланасын тазалоо иштери болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты. 

10 Ноябрь 2015 жыл 18:16

Видео: Ноокаттын 70 жаштагы тургуну “I like to move it” ырына кантип бийлеген

Фейсбук тармагынын колдонуучусу өзүнүн барагына “I like to move it” ырына бийлеп жаткан адамдардын видеосун жүктөгөн. Анда жаш курагына карабастан өзгөчөлөнүп бийлеп жаткан кары кишини көрүүгө болот. Kloop.kgнин кабарчылары видеонун …

10 Ноябрь 2015 жыл 11:47

Көк-Алма айылына жаңы мечит курулду

Көк-Алма айылындагы мечиттин абалы начар болгондуктан жаңы мечит курулду. Жаңы мечит курулгандан бери мечитке келген жамааттын саны көбөйүүдө.

10 Ноябрь 2015 жыл 10:40

Ооган-Талаа: Долбоор менен айыл көчөлөрүнө шагыл төгүлмөкчү

Айылга кар жаап, жолдор ылай, суу. Ооган-Талаанын тургуну Марат Токтобаевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн долбоор жазылып жатат.

10 Ноябрь 2015 жыл 10:33

Ооган-Талаа: Комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада кол ойноткон мугалим эже

Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде музыкант Рахат Аматова 2015-жылдан бери иштеп келет. Талантуу эжеке комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада ойной алат.

10 Ноябрь 2015 жыл 10:20

Ооган-Талаада спорт зал ачылып, колдонууга берилди

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17 мектепке АРИС программасынын жардамы менен спорттук зал курулду. Эми окуучулар спорттук оюндарды залда өткөрүүдө.

10 Ноябрь 2015 жыл 10:10

Куу-Майдан: Абжапарова Чынаргүл өлкөнүн ар тарабынан келген оорулууларды эмдейт

Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Абжапарова Чынаргүлгө өлкөнүн ар тарабынан эмдөөдөн өтүү үчүн келишет. Бул эмдөө урук уулочу болуп, ага таенесинен өткөн.

9 Ноябрь 2015 жыл 21:22

Бакай-Ата: Исабек Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды

Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылындагы Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды. Жаңыланган ашканага жалпы мектеп окуучулары жана мугалимдери кубанышып, ыраазычылыгын билдирүүдө.

9 Ноябрь 2015 жыл 15:20

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...