Добрый день, уважаемые радиослушатели вы на волне 100,5 FM, в эфире «Радиомост» передача «Мой успех» и сегодняшняя тема нашего выпуска: «Финансовая грамотность пенсионеров».
Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто билим берүүчү мектебинин мугалимдердин майрамына карата “Мугалим мѳмѳлүү дарак” аталышындагы темада сурамжылоо жүргүздүк.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы эң ири Ала-Буга даряасына узундугу 20 метрлик темир көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
Баетов айыл өкмөтү тарабынан 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата 70 жаштан жогору 200гө жакын адамдарга сый тамак берилди.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата 100 жаштан ашкан кары адамдар Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады.
Убакыт өтүп, мезгил алмашып учурда каржылык сабаттуулукка болгон муктаждар көбөйө баштады. Себеби, жашоодо акча ар дайым маанилүү рольду ойноп келген.
Терек-Суу айылынын ар кайсы жеринде таштанды ыргытылып тазалык сакталбай жатат. Бул болсо тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Таштандыдан кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп кѳрдүк.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында карылар күнүнѳ карата кече болуп ѳттү. Ал кечеге 100дѳн ашык карылар келди.
Кошбулактагы Сүлүктү Педагогикалык окуу жайында 01.10.2016- жылы улгайган жарандардын күнүнө карата «Карысы бардын-ырысы бар» аттуу акция өтүп жатат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ардагер мугалими сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет. Жемиштерди өстүргөн жердин аянты 15 сотых. Ал жерге помидор, бадыраң, кулпунай, кызылча, перец, редиска, баклажан, чеснок сыяктуулар …
Түп районунун Тасмада айыл тургундарынын көбү мал багуу менен алектенишет. Малдарын жайкысын жайлоого жиберишет. Биз быйылкы жылы малдар жайлоодон кандай келгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.
Быйыл Лейлек районунун Андарак айылында алманын түшүмү аз болду. Ага быйылкы жыл жаан-чачындуу болгону себеп болгон.
Ак-Талаа райондук токой чарбасынын Үгүт айылындагы кызматкеринин үйү 1958-жылы курулган. Бул аралыкта үйгө оңдөп-тузөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында үйүн өзгөчө жаныбарлар менен бөлүшүп жашаган тургун бар. Света эже — ал акыркы үч жылдан бери үйүндө түгөйлүү тотукуш багат.
«Акыл ордо» таймашын кыргыз тили күнүнө карата Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин парламенти уюштуруп, баардык суроолор кыргыз тили тууралуу берилди. Сынакка 9-11-клаастан жалпы алты окуучу катышып, жыйынтыгында 11-класстын окуучусу жеңишке жетти.
Нарын районундагы Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары кыргыз тили күнүнө карата кече майрамын өткөрүштү. Кечеге 11-класстын ата-энелери чакырылып, келген ата-энелерге балдары бата берип, ыр күлкү тартуулашты.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде информатика мугалими Нургүл Макелеева жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучуларга менталдык математика боюнча атайын курс ачып окута баштады.
Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан, Түп району боюнча сынак өткөнү жатат. Бул сынакка таруу менен айнек бетине түшүрүлгөн сүрөттөр көрсөтүлмөкчү.
Үч-Коргондо жашаган улуу муундагы инсандар жаштардын каржы сабатуулугу боюнча сурамжылоо жургузуду.
Ак-Талаа районунун Терек айылында 75 орундуу жаңы бала бакча салынып, 25-октябрда колдонууга берилет. Аталган бала бакча Жерүй долбоорунун негизинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында курула башталган.