Э.Думанаев атындагы Балыкчы шаардык маданият үйүнүн кызматкери Нурзада Байдуева чыгармачылык жолу, кесиби, алдыга койгон максаттары тууралуу маек куруп берди. Маекти Балыкчы жамааттык медиа борборунун кабарчысы Хадия Үсөнова алып барды.
2023-жылдын 1-декабрында Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары Түркия мамлекетинде үч сулуулук салон жана Анкара шаарындагы эң ири окутуу борборду ачкан ишкер Мира Дөөлөталиева …
Гендердик зомбулук көптөгөн коомдордо, анын ичинде Кыргызстанда да эң олуттуу социалдык көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Бул көрүнүш көптөгөн адамдардын жашоосуна кыйратуучу таасирин тийгизип, жалпы коом үчүн терс кесепеттерди жаратууда.
Учурда дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө дагы 25-ноябрдан бери «Зомбулукка каршы 16 күн» кампаниясы жүрүүдө. Кампаниянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга …
Кетмен-Дөбө өрөөнүнөн чыккан, чыгармачылыкка кеч келген акын, ар тараптан таланттуу комузчу, ырчы Кенже Кутманова өз жан дүйнөсү, ырга болгон шыгы жөнүндө бөлүштү.
“Кыргыз кызы” – деген темада кыздар арасында таймаш өткөрүлдү. Таймашка 8-9-10 класстын окуучу кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. “Кыргыз кызы” таймашынын максаты кыздарга болгон сый-урматты даңазалоо. Кыргызда «Кыздын чачы улук, …
Наргиза Ибраимова Орусиянын Новосибирск шаарында 15 жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Ал жолдошу менен бирге соода түйүндөрүн ачып, Кыргызстандан, Кытайдан, Түркиядан, Түркмөнстандан товарларды алып келип сатышат. Учурда Наргиза айым демилгелүү …
Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейде Зейнеп Бекбоева «ашпозчу» кесиби боюнча сабак берет. Ал уникалдуу реабилитациялык топто сабак өтөт, ал жерде социалдык камсыздоого муктаж студенттер, ошондой эле майыптыгы бар балдар билим алат.
Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү 25-ноябрда белгиленет. Бул көйгөйгө карата бүгүн, социалдык тармактарда маалыматтар таратылып, Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.
Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботторду программалоо менен алектенет. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen-und Anlagenbau аттуу заводдук индустриялык машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп кызмат кылат.
Ооган-Талаа жамааттык медиа борбору Америкада жүк ташуучу компания түптөгөн ишкер айым Чынара Жусупова тууралуу макала даярдаган. Ишкер айымдын тажрыйбасы, ишкерчилик тууралуу айткандары менен Ооган-Талаа айылынын окуучулары дагы тааныша алышты.
Венера Шонкоева
Нурзада Макеева учурда 35 жашта. Бир нече жылдан бери Германияда жашайт жана Hymmen GmbH Maschinen- und Anlagenbau аттуу машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп иштейт. Ал адамдардын күндөлүк …
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде 19 жылдан бери эмгектенген Асылбүбү Базарова өрнөктүү өмүрүн билим берүү тармагына арнаган мугалим. Ардактуу кесиптин чыныгы ээси эмгек жолунда …
Мугалимдик кесип ары татаал, ары жоопкерчиликтүү, ары кызыктуу кесиптердин бири. Себеби, мугалим келечек ээлери болгон жаш муундун түптөлүшүнө зор салым кошуп, билимин берип, алгач дүйнөнү тааныткан адам. Ушундай ардактуу кесипти …
Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жайгашкан №25 профессионалдык лицейдин окуучулары үчүн эки мамлекетте өз ишин ачкан жеке юрист Гулиза Акматсияеванын ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүлдү.
Кант шаарынын №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Манас күнүнө карата райондук иш-чарага активдүү катышышты.
“Балдарды Коргоо Борбору” коомдук бирикмеси БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоордун максаты — мектептеги өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мектептен кийинки билимин …
«Соң-Көл» орто мектебинин 10-11-класстарына Соң-Көл медиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы «Ийгиликти кантип жаратса болот?» деген темада электрондоштурулган семинар-сабак өткөрдү. Мында Москвадагы Гулнур Темиркулованын ишмердиги, ийгиликтери, кесипкөйлүгү жөнүндө сөз болду.
«Татыктуу Жашоо” долбоорунун алкагында Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу жана үй-бүлөнүн экономикасын чыңдоо үчүн финансылык сабаттуулук боюнча үй-бүлөлөр үчүн тренингдер өттү.