Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Балдар

Ой-Терскен мектебине 137 миң сомго эмеректер алынды

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.

22 Февраль 2022 жыл 12:06

Сүрөт: Мектепте масленица майрамы белгиленди

Тилебалды Айбашев атындагы орто мектепте орус тили жумалыгы жыйынтыкталып, масленица майрамы белгиленди. Окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий , көркөм айтуу, сулуу жазуу, макал лакап программасында таймашты.

21 Февраль 2022 жыл 18:21

Тарбиячы: «Ар бир баланын коопсуздугу үчүн баарыбызда жоопкерчилик бар»

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.

21 Февраль 2022 жыл 18:13

Ноокатта ооган согушунун ардагерлеринин күнү белгиленди

Ноокат районунда «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» аттуу ооган согушунун ардагерлери менен окуучулардын жолугушуусу болду.

21 Февраль 2022 жыл 13:23

Сүрөтбаян: Бала бакчага пандемияга карабай ашкана курулду

Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.

21 Февраль 2022 жыл 13:09

Оттук: «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору жаңы дайындалды

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.

21 Февраль 2022 жыл 12:56

Ат-Башы: Мектепте англис тилине арналган жумалык болду

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.

19 Февраль 2022 жыл 18:39

Адаттан тышкаркы сабактар баланын өнүгүүсүнө өбөлгө

Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана  4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.

19 Февраль 2022 жыл 11:54

Чолпон айылында мугалимдер менен окуучулар медициналык текшерүүдөн өтүштү

Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү. 

18 Февраль 2022 жыл 19:19

Ача-Кайыңды айылында китеп окууга үндөгөн иш-чаралар уюштурулду

Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде 17-февраль күнү «Кел, китеп окуйлу!», «Сен китеп ачасың, китеп сени ачат» деген аталыштагы райондук семинар болуп өттү. Семинарга райондун бардык 21 мектебинин башталгыч класстарынын …

18 Февраль 2022 жыл 10:25

Оттук, Казан-Куйган айылында робототехника курсу ачылды

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунда окуучулар үчүн робототехника курсу ачылды. Бул курста окуучулар ойлоп табуучулук менен бирге программалоо тилдерин өздөштүрүшөт.

18 Февраль 2022 жыл 7:32

Мектеп окуучулары өз алдынча китеп окуу сынагын уюштурууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучулары демөөрчүлөрдү таап, китеп окуу сынагы өткөрүштү. Ага 25 окуучу катышып, жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланды.

16 Февраль 2022 жыл 22:18

Окуучулар олимпиаданын облустук туруна кызуу даярданышууда

Нарын району боюнча өтүлгөн жалпы республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аталган Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары облустук турга кызуу даярдыктарды көрүп жаткан учуру. 

16 Февраль 2022 жыл 22:08

«Омикрон штаммы чыкканда мектеп дагы жабылабы деп корктум»

«Мен 9-класстын окуучусумун. 2019-2020-жылдардагы короновирус илдетинен дүйнө жүзү боюнча карантин болуп, мектептер онлайнга өткөн. Бирок мага онлайн окутуу жаккан жок», -деп билдирди №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нуржигит …

16 Февраль 2022 жыл 18:09

Окуучулар «Манас» эпосун илимдер менен байланышын изилдешет

Учурда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы абдан актуалдуу болуп жаткан учуру. Окуучулар телетаймашка кызуу даярдануу менен улуттук сыймыкты да даңазалоого, баалоого, жайылтууга үйрөнүп жатышкандыгы адамзатты кубандырбай койбойт.

16 Февраль 2022 жыл 10:54

«Окуу керемет» долбоорунун алкагында өтүлгөн сабактар натыйжалуу болууда

Республика боюнча башталгыч класстар «Окуу керемет» долбоорунун алкагында иш алып барып келишет. Нарын району боюнча бул долбоорго 25 мектеп катышып, мугалимдер тарабынан ачык сабактар өтүлүп келет.

15 Февраль 2022 жыл 16:08

Оору күч алганда окуучулардын кошумча эс алуусу абдан ыңгайлуу

Жыл сайын 1-класстардын окуучулары үчүн февраль айында кошумча 1 жумалык эс алуу берилет. Азыркы учурда коронавирус оорусу менен бирге сезондук сасык тумоо да күч алуу мезгилинде болгондуктан, окуучулар  үчүн эс …

15 Февраль 2022 жыл 11:44

Мектепте санитардык эрежелерди сактоо ишке ашырылууда

Т.Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.

14 Февраль 2022 жыл 17:16

Эки ирет Кыргызстандын мыкты окуучусу аталган Гүлсүнай

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 11г-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева экинчи ирет «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» сынагында жеңүүчү болду. Ал окуучуларды бир дагы мүмкүнчүлүктү кое бербеш керектигин өз маегинде билдирди.

14 Февраль 2022 жыл 16:56

Куланак: Ыктыярчылардын жаңы мууну иш баштады

Куланак жамааттык медиа борборунун катарын  жаңы ыктыярчылар толуктады. Алар А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары

14 Февраль 2022 жыл 16:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...