Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ооган-Талаа

Ооган-Талаа айылындагы жолдордун абалы

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын ички жолдору начар абалда. Айыл өкмөт башычысы быйыл жалпы узундугу 3 километр болгон ички көчөгө шагыл төгүлөөрүн билдирди.

22 Март 2017 жыл 17:43

Ооган-Талаа айылындагы коркунучтуу жарлар

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында ондон ашык кооптуу абалдагы жарлар бар. Айыл тургундары жар көчүп түшүп, жашоолоруна коркунуч туудурабы деп кооптонууда.

22 Март 2017 жыл 17:11

Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды.

22 Март 2017 жыл 16:47

Нооруз майрамында каада-салттар көрсөтүлдү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде Нооруз майрамына карата каада-салттар көрсөтүлдү.

22 Март 2017 жыл 15:43

Бокол көпүрөсү оңдолду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Бокол көпүрөсү жарым-жартылай оңдолду. Калган бөлүгү кар кетээри менен бүткөрүлө турганын айтты айыл өкмөт башчысы. 

22 Март 2017 жыл 15:34

Элге кызмат кылган Эламан Романов

Ооган-Талаа айылындагы тиш доктур Романов Эламан. ЖМБнын кабарчылары сиздер менен болмокчу Бүгункү күндө Ооган-Талаа айылында тиш дарылоо бөлүмүнө жаны, жаш кадр келип элге кызмат кылууда. Келгенине 1 эле жыл болгонуна …

15 Март 2017 жыл 12:57

Чатыры түшүп калган милиция бөлүмү.

Быйылкы кыш оор болгондугуна байланыштуу Ооган-Талаа айылындагы милиция бөлүмүнүн имаратынын чатыры кулап түшкөн.ЖМБдун кабарчылары сиздер менен болмокчу. Милиция бөлүмүнун кызматкери Сатаров Илгиздин айтымында: имарат эскилигине жетсе да биз бул жерде …

15 Март 2017 жыл 12:12

Правда айылында адеп сабагынан берген мугалимдер таймашты

Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мугалимдер арасында сынак болуп өттү. Сынака үч мектептин мугалимдери катышты.

14 Март 2017 жыл 15:36

Ооган-Талаанын жаш кол өнөрчүсү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында 14 жаштагы Адилет Канат уулу гезиттен тарелка жасады. Бул анын гезиттен жасаган алгачкы эмгеги.

7 Март 2017 жыл 19:29

Ооган-Талаанын мектеп периси аныкталды

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-мартка карата «мектебимдин перилери» аттуу сынак өткөрүлдү. Ал сынакка 8-9-10-11-класстарынын кыздары катышып, 11-класстын окуучулары жеңишке жетишти.

7 Март 2017 жыл 15:50

Смартфон үчүн алтынчы сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …

2 Март 2017 жыл 14:57

Баатыр эне

базар-коргон районуна караштуу ооган-талаа айылындагы баатыр эне. жмбнун кабарчылары сурмакан эргешова менен маек курду. сурмакан эргешова 1948-жылы 10-майда туулган. сурмакан эргешованын айтымында: » менин 10 балам бар. мени 1988-жылы төш …

8 Февраль 2017 жыл 17:32

Ооган-Талаадагы маданият үйүнүн отургучтары начар абалда

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн отургучтары жаман абалда. Бул боюнча аталган мекеменин башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.

30 Январь 2017 жыл 16:50

Ооган-Талаада кафе ачылды

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында алгачкы жолу кафе ачылды. Аны айыл тургуну Байыш Осмоналиев салган.

30 Январь 2017 жыл 15:59

Ооган-Талаада пенсияны банктан ала башташты

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын 103 пенсионери эми пенсияларын «Компаньон» банкынын сактык кассаларынан ала алышат.

30 Январь 2017 жыл 15:39

Сүрөт: Базар-Коргондо «Мен кыргызстандыкмын» аттуу ыр-бий сынагы өттү

Окуучулар арасында «Мен кыргызстандыкмын» аттуу сынак Базар-Коргон районунда болуп өттү. Ооган-Талаадан барган окуучулар байгелүү орундар менен кайтып келишти.

30 Январь 2017 жыл 15:34

«Мыкты сүрөт» сынагынын жыйынтыктары [сынак аяктады]

16-20-январь аралыгында келип түшкөн эки материалдын ичинен жеңген сүрөт:  Сүрөт: Ак карлуу Суусамыр, ызгаардуу кыш Материал фейсбукта жана одноклассникиде. Сынакка келип түшкөн материалдар бул жерде. Сынактар убактылуу токтотулду. [30-январда саат 11:47де …

30 Январь 2017 жыл 10:16

«Мыкты макала» сынагынын жыйынтыктары [сынак аяктады]

16-20-январь аралыгында келип түшкөн беш материалдын ичинен жеңген макала:  Куланакта абанын температурасы -40 градуска жетти Материал фейсбукта жана одноклассникиде. 23-27-январь аралыгында сынакка жазылган үч жаңылык тең жеңүүчү деп табылып, байге …

30 Январь 2017 жыл 10:00

Сүрөт: Ооган-Талаада окуучулардын жана ата-энелеринин катышуусу менен спорттук оюндар өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Дени сак улут, дени сак үй-бүлөө» деген ураандын астында мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен спорттук мелдеши болуп өттү.

26 Январь 2017 жыл 15:32

Ооган-Талаа: 40 жылга жакын убакыттан бери мектепте иштеген Көчкөнбек Раманов

Көчкөнбек Раманов Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 37 жылдан бери дене тарбия сабагынан берип эмгектенип келет.  

25 Январь 2017 жыл 16:10

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...