Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ооган-Талаа

Ооган-Талаада 2017-жылы жаңы балдар бакчасы курулмакчы

Айыл тургундарына жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасы экенин аныкталды. Тургундар балдарына бакчада орун жетпей калгандыктан тарбияланбай жаткандыгын айтышты. 

4 Май 2016 жыл 23:00

Смартфон үчүн экинчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (ноябрь 2015 — апрель 2016) аралыгында сынак үчүн …

3 Май 2016 жыл 12:38

Ооган-Талаа: Айылдагы стоматология

Ооган-Талаа айылындагы тиш дарылоочу бөлүмү көп жылдардан бери тургундарга кызмат көрсөтүп келет. Кыскача баяндамабызды сунуштайбыз. 

30 Апрель 2016 жыл 19:01

Ооган-Талаада катуу жаандан үйлөрдү сел алып жолдор тосулду

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 25-апрелден 26-апрелге караган түндө катуу жаан жаап, үй, жолдорду сел алды. Айыл өкмөт башчысы 10 үйдү сел алганын айтты.

27 Апрель 2016 жыл 9:29

Сүрөт: Ооган-Талаада алиппе майрамы болду

Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде 1-классынын алиппе майрамы болду. Майрам окуучулардын ата-энелеринин катышуусу менен өттү.

15 Апрель 2016 жыл 13:00

Ооган-Талаада мектептин спорт аянтчасынын айланасы тосулууда

Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене-тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.

15 Апрель 2016 жыл 12:18

Кызыл-Суу: Ийгиликтин эрте-кечи жок деген 69 жаштагы акын Салкын Нуркулова

Салкын Нуркулованы 45 мөнөттүк жыйында бир мугалим жалган жалаа жапкандыктан, ал районго ыры менен арызданып кайрылган. Эмгеги бааланып ошондон кийин китеп чыгара баштаган. Учурда каражаты жоктугунан жаңы жазылган китеби басмаканада …

14 Апрель 2016 жыл 20:40

Могол айыл аймагында элдик жыйын болду

Жыйынга Базар-Коргон районунун акими катышты. Могол айыл аймагынын тургундары өз суроосуна жооп алышты. 2015- жылдын жыйынтыгына карата мыктылар грамота алды.

13 Апрель 2016 жыл 9:48

Ооган-Талаа: Окуучулар менен космоско саякат

12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.

13 Апрель 2016 жыл 9:07

Ооган-Талаа: Мектепте ата-энелер үчүн ачык эшик жумалыгы болуп өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.

12 Апрель 2016 жыл 12:41

Смартфон үчүн биринчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (октябрь 2015 — март 2016) аралыгында сынак …

5 Апрель 2016 жыл 18:52

ЖАЗ-2016 экинчи журналистика мектебинин катышуучулары

Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун жетинчи журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 26-март — 7-май аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Адилия Мундукова, «Токтоян» ЖМБ …

29 Март 2016 жыл 14:07

Клооп «Жай-2016» 1-журналистика мектебине катышуу үчүн сынак жарыялайт

    Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 6-июнь, 2016-жыл Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (6-июнь — …

22 Март 2016 жыл 9:31

Сүрөт: Ооган-Талаа айылынын кооз жерлерине саякат

Ооган-Талаа айылы чоң токойлордун арасында жайгашкан. Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айылдын кооз жерлерин сүрөткө тартып келишкен.

19 Март 2016 жыл 21:35

Коктонду айылындагы ФАПтын абалы начар

Базар-Коргон районуна караштуу Коктонду айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар. Айыл тургундары мекеменин ичине кирип дарылануу коркунучтуу экенин билдиришти.

18 Март 2016 жыл 16:06

Ооган-Талаада башталгыч классынын окучулары 8-мартка карата концерт коюшту

№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.

11 Март 2016 жыл 21:08

Ооган-Талаада окучулар 5-март ак калпак күнүн белгилешти

Ооган-Талаа айылындагы №17- С.Далбаев мектебинин 7-8-класстар арасында 5-март ак калпак күнүнө карата ыр кесе болуп өттү. Окучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

11 Март 2016 жыл 20:34

Ооган-Талаада окучулар тазалык күнүн өткөрүштү

№17 мектептин окучулары көптөн бери күткөн жаздын келгенине байланышту тазалык күнүн өткөрүштү. Окучулар тазалык күнүндө мектепти жана айланасын тазалашты.

11 Март 2016 жыл 19:26

Ооган-Талаа: Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду

Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду. Аянтты оңдоого окучулар да жардам беришти.

11 Март 2016 жыл 18:21

Базар-Коргон районундагы Жылдызбек бала бакчасынын шарттары жетишсиз

Базар-Коргон районунда жайгашкан Жылдызбек бала бакчасы 2012-жылдан тартып иштеп келет. Бирок бала бакчанын толук шарттары жок.

2 Март 2016 жыл 9:03

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...