Эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Ак-Талаанын Баетов айылында Соң-Көл периси Акмөордүн эстелиги ачылды. Ал Мурзалымбеков көчөсүндө жайгашкан Тарых музейинин кире бериш жерине коюлду.
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Баетов айылында парад болду. Ага бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери ар кандай ураан, чакырыктар менен чыгышты.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ар кыл тармакта өз салымдарын кошкон бир катар инсандарына райондун “Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Каржылык сабаттуулук — биринчи кезекте адамдын каржылык чечимди кабыл алууда анын кесепеттери менен тобокелдиктерин эсептеп чыгууга зарыл болгон маалыматы. Учурда көпчүлүк эл насыя менен тиричилик өткөрүп жатканы белгилүү.
Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы мелдештерге катышуу үчүн Ак-Талаа районунан төрт спортчу барат.
Мугалимдердин август кеңешмесинде өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен ишинде алдыңкы көрсөткүчтү берген билим берүү мекемелери жана агартуучулар, тарбиячылар жана оңдоп-түзөө иштерин мыкты жасаган мектептер, бала бакчалар грамоталар жана акчалай сыйлыктар …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын 52 жаштагы тургуну Жеңишбек Оконов 20 жылдан бери 4 комбайн курап, аларды дан эгидерин жыйноого колдонуп келет.
Ак-Талаа районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага 18 жалпы билим берүүчү орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, ошондой эле акимдин орун басары А. Сулайманов жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги катышты.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бийиктиги 3000 метрге жакын болгон МЭЛС ашуусу бар.
Кыргызстан жеке ишкердик тармагында мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле жаш мамлекет болуп саналат. Бирок акыркы жылдары орто жана кичи ишкердик өнүккөндөн өнүгүп келет.
Баетов айылында Мэлс Турдалиевдин 80 жылдыгына карата бир туугандары жана балдары футболдук турнир өткөрдү. Эки күнгө созулган бул турнирге жалпы 15 футболдук команда катышып, байге фонду 40 миңди түздү.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин ашканасы быйылкы окуу жылында жаңы эмеректер менен камсыз болот. Учурда ашканада эски жабдууларды чыгарып, жылуулук системасын орнотуу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Жаңы окуу жылынын башталарына аз убакыт калды. Учурда Ак-Талаа районунун аймагында жалпы билим берүү мекемелери ремонт иштерин аяктап, 1-сентябрга даярдык көрө башташты.
Жаңы-Талап айылында Гүлай Эсеналиева жетектеген аялдардын тобу БУУнун өнүктүрүү программасынын негизинде жашылчанын уруктары менен бекер камсыз болушкан. Аларды өз огороддоруна айдап, пайда табышат.
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы Талап айыл аймагында жаңы мектеп курулууда. Мектеп ушул жылдын ноябрь айында ишке берилет.
Жаңы Талап айылынын тургуну Макелеев Алтынбек 1998-жылдан бери “Келечек” ветеринардык сервисинин жетекчиси болуп иштейт. Жакында эле Индонезияга мамлекеттин каржылоосу менен барып 1 ай жасалма уруктандыруу боюнча окуп, тажрыйба алып келген.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин курулуп, пайдаланууга берилгенине 38 жыл болгон. Ушул аралыкта бир да капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Полдордун чирип, эскирип калышы мектептин жана окуучулардын санитардык абалын сактоодо бир …
Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип, туристтерге кызмат көрсөтүшөт.
Учурда ишкерликти эңсегендер же өз алдынча иш жасоого кызыккан жаштардын катары көбөйдү. Көпчүлүгү ишкерликтин көнүмүш түрлөрү менен алектенсе, айрымдары жаңы демилге менен кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн сунуш кылышууда.
Тарых жана Маданият жылына карата 29-июлда Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы республикалык денгээлде өткөрүлгөнү турат. Бул мааракеге райондогу маданият кызматкерлери даярдыктарды көрүшүүдө.