Жаш инспекторлордун облустук сынагына Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор районунан жана Нарын шаарынан жалпы 6 команда катышты. Ак-Талаадан ЮИДД командасы катышып келди.
Баетов айыл аймагындагы таланттуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган Алтынбек Мундузбаевдин үй-бүлөсү алгачкы эмгегин бантик жасоо менен баштаган.
Ак- Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну дарылоочу Күмүшай Конокбаева Кореядан ар түрдүү медициналык аппараттарды алып келди.
Жарактан чыгып калган мечитти бала бакча кылып оңдошууда. Бул демилгени Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Амангазиев Талант Турусбекович көтөргөн.
Баетов айыл аймагында көчөлөрдү, эс алуучу жайларды жана мектептин айланасын таштандыдан тазалоо үчүн ишембиликтер жүрүүдө.
Баетов айыл аймагында “Тун-Ук” коомдук фондусу тарабынан “Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоорунун алкагында маалымат кампаниясы жүрүүдө. Бул иш чаранын негизги максаты — айыл жашоочуларына, жаштарга, мектеп окуучуларына, ата-энелерге таштандыны туш …
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Айгерим Байтерекова Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган көркөм окуу боюнча облустук сынакта баш байгени жеңип алган.
Бүгүн райондук маданият үйүндө “Маданияттын мыкты кызматкери”, чыгармачыл инсан маркум Доктурбек уулу Кеңешбекти эскерүү кечеси болуп өттү. Кесиптештеринин демилгеси менен маркумдун 14-апрель туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүүгө туугандары, достору келишти. …
“Шыгай” дыйкан чарбасынын мүчөсү Шыгаев Келдибек кадимки көөрүктү электр тогуна туташтырып койгон. Бул темирди ысытууга, иштетүүгө, аны ар кандай калыпка келтирүүгө абдан оңой. От жагууга кошумча күчтүн кереги жок. Бул …
Баетов айылынын тургуну Шыгаев Келдибек жазгы талаа жумуштарына колдонулуучу тырмоонун тиштерин колго жасайт. Эскирип, керектен чыгып калган тырмоону алып, анын тиштерин чыгарып, мизи учталып кайрадан жаңыртылат.
Женева шаарында жашап, иштеп жаткан жердешибиз, Баетов айылынын тургуну, журналист Ж. Эдигеевдин “Сапарлаш” аттуу французча-кыргызча сөздүгү жарыкка чыкты. Китеп француз тилин үйрөнгүсү келгендерге, ошондой эле француз тилдүү өлкөлөргө сапарга чыгууну …
Ак-Талаа районундагы орто мектептеринин окуучуларынын арасында 31-марттан 2-апрелге чейин спартакиада өткөрүлдү. Бул спартакиада спорттун волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, футбол, тогуз коргоол, күрөш, жеңил атлетика түрлөрү боюнча болуп, 18 мектептин …
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү облустук олимпиадада 1-орунду алган алдыңкы 6 окуучуну белектер менен сыйлады. Алардын үчөө Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин окуучулары. Учурда алар республикалык олимпиадага жөнөп кетүү алдында турат. Окуучуларды окуткан …
Уландардын аскерге чейинки даярдыгын текшерүү,мекенчилдикке тарбиялоо жана спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында аскердик-прикладдык спартакиада болду. Буга 5мектептин уландары катышып,100метрге чуркоо,гранатаны алыс аралыкка ыргытуу,саптык даярдык сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгынды Э.Карасартов мектебинин уландары …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестке каттоо иштери болуп жатат. Окуучулар каттоого өздүгүн аныктаган документи менен келүүгө тийиш. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Ч.Сатындиева «Каттоо 7-апрелде аяктайт. Каалаган окуучуларды …
Баетов айыл аймагынын элдик курултайын өткөрүү март айынын акыркы күндөрүнө болжолдонууда. Учурда квартал, мекеме-ишканаларда курултайга делегат көрсөтүү сунушу каралууда. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т. Турусбеков: «Курултайга 350 делегат …
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Ак калпак күнү белгиленди. Бул күнү атайын иш чаралар бекитилип, линейкалар өткөрүлдү. Окуучулар ак калпак, анын жасалуу жолдору, тарыхы, түрлөрү боюнча …
Ак-Талаа районундагы айрым орто мектептер суу, санитардык гигиена боюнча АРИСтин долбоору менен иш алып барышууда. Бул долбоор мектептерди таза, ичүүчү суу менен камсыз кылып, жакшыртылган санитардык шарттарды түзүү максатын көздөгөндүктөн …
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде АРИСтин “Суу.Санитардык гигиена” боюнча долбоору ишке ашууда. Ичүүчү коопсуз суу менен камсыз кылуу аркылуу балдардын ден- соолугуна камкордук кылуу максатындагы бул долбоордун негизинде мугалимдерге окутуу …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарыяланган 2 айлык жүрүштүн алкагында көркөм окуу боюнча сынак өттү. Окуучулар арасында өтүп жаткан бул сынакка 27 окуучу катышып, өздөрүн сынап …