Ноокат районунун Айбек айылында жаңы тигүү цех ачылганына беш айга жакын убакыт болуп калды. Анда 20дай кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушкан.
Ноокат районунун Айбек айылында мечит курулду. Бул мечит элдердин демилгеси жана ашар жолу менен салынды.
«Адеп ыйман жана маданият» жылына карата Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер арасында уюштурулган мини футбол боюнча мелдешке жалпысынан сегиз мектептин окуучулары катышты.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …
Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын Алма Калыева көчөсүнө жарык коюлду. Каражат айылдык бюджеттен жумшалган.
«Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Ноокат районуна караштуу Төрөбай Кулатов айыл аймагында Абшыр Ата жана Кызыл-Булак ветеринардык кызматтары иштеп жатат. Учурда айыл тургундары 350дөй бодо малды каттоодон өткөрүштү.
Ноокат районуна караштуу Ак чал айылындагы Мурзакарим Кудайбердиев жатак лицейинде чет тил жумалыгы болуп өттү. Ага ар бир класстан жетиден окуучу катышып, иш-чара сынак иретинде өткөрүлдү.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде предметтер арасында жумалыктар өткөрүлүүдө. Ага 5-класстан 11-класска чейин окучуулар катышууда.
16-20-январь аралыгында келип түшкөн эки материалдын ичинен жеңген сүрөт: Сүрөт: Ак карлуу Суусамыр, ызгаардуу кыш Материал фейсбукта жана одноклассникиде. Сынакка келип түшкөн материалдар бул жерде. Сынактар убактылуу токтотулду. [30-январда саат 11:47де …
16-20-январь аралыгында келип түшкөн беш материалдын ичинен жеңген макала: Куланакта абанын температурасы -40 градуска жетти Материал фейсбукта жана одноклассникиде. 23-27-январь аралыгында сынакка жазылган үч жаңылык тең жеңүүчү деп табылып, байге …
Нокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде мугалимдер арасында «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү. Сынакка катышкан 11 жаш мугалимдин арасынан Гүлзат Алимбаева жеңүүчү деп табылды.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде жаштар арасында «Ата-энеме» аттуу концерттин бет ачаары болду. Концертти ушул мектепте окуп кеткен, учурда Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан Элнур Абибилла уулу …
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сулайман Эминов ат жабдыктарын жасайт. Бул иш менен алектене баштаганына үч жылдай убакыт болду.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебине айыл имамдары келип, «Ыйман, адеп, маданият» жылына карата чогулуш өткөрүштү. Чогулушка 5-11-класстын окуучулар катышты.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундары Канат жана Канимет Мурзашевдер меш, буу менен үй жылыткыч, душ кабинасы сыяктуу турмуш-тиричилик буюмдарын жасашат. Бир туугандар техника багытында жогорку билимге ээ.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Мамат Ата көчөсүнө таза суу чыгарылды. Буга чейин тургундар кудуктан суу ташып ичишчү.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде мектептер аралык волейбол мелдеши болуп өттү. Ага Кеңеш айыл аймагынан беш мектептин окуучулары катышты.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Шарабидин Кадырбердиев 36 жылдан бери чөптөрдөн дары-дармек жасап келет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында волейбол залы ачылды. Буга чейин спорт залдын ордунда гараж болуп турган.
Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Учурда өз тегирмени менен элге кызмат көрсөтүүдө.