Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Жооптуу катчы: Санариптен өтүү маанилүү

Санариптештирүүдө турак жайлардын мамлекеттик актысы жок болсо, жөлөк пул ала албай калат. Анткени жөлөк пулду чегерүү үчүн жарандын туруктуу жашаган үйүнүн жашоо шартын изилдөө керек.

28 Май 2022 жыл 11:08

Сүрөтбаян: Жаштар квест оюн уюштурду

Могол айыл өкмөтүндөгү «Могол демилгелүү жаштар» тобу активдүү мектеп окуучулары үчүн квест оюнун уюштурду.

28 Май 2022 жыл 11:06

Атай: Айыл өкмөт башчысы элдин суроолоруна жооп берди

«Айыл эли ынтымактуу болуп, жыйындарда активдүү катышып беришсе, чогулуш сайын айтылган койгон маселелерди колдоп, биримдикте баарын чечкенге аракет кылабыз». Мындай пикирин Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Жаңыбаев түз эфирде жооп …

27 Май 2022 жыл 22:57

Баетов: Дыйкандардын эмгеги текке кетпес үчүн мал тосот уюшулат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жазгы-айдап себүү иштери аяктап калды. Ошого байланыштуу сугат үчүн суу берүү дагы токтотулду. Ал эми айдалган айдоо аянттарын мал тебелеп, эмгек текке кетпес үчүн жылдагыдай мал …

27 Май 2022 жыл 10:50

Экологияны коргоо жана сактап калуу боюнча семинар өттү

Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмазбек Раев “Кара-Тоо айылынын бадалдуу токойлорун сактап калуу боюнча жергиликтүү жамааттын ролу” деген долбоор менен семинар өттү.

27 Май 2022 жыл 10:39

Акталаада жылдын мыкты мугалими жана тарбиячылары аныкталды

Ак-Талаа районундагы билим берүүчү орто мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2022», «Мыкты тарбиячы-2022» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

27 Май 2022 жыл 10:36

Базар-Коргон: Кесипти тандоого багыт

2022-жылдын 25-май күнү Базар-Коргон районундагы борбордук аянтчада «Кесипти тандоого багыт» аталышындагы келечектеги кесиптер жарманкеси уюштурулду.

27 Май 2022 жыл 10:34

Барскоон: Чакан сквер парк куруу пландалууда

Барскоон айыл аймагына чакан сквер парк курулат. Парк айыл аймактын маданият үйүнүн жанына куруу пландалууда. Жакынкы аралыкта сквер парктын иш кагаздары толугу менен бүтүп, курулушту баштайбыз,-дейт Барскоон айыл аймактын айыл …

27 Май 2022 жыл 10:24

Видео: Окуучуларга кесип тандоого багыт берүү

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Акылай Алмазбекова 9-класстардын окуучуларын Нарын шаарына экскурсияга алып барды. 

26 Май 2022 жыл 13:40

Суусамыр: Айыл тургундары суроолоруна жооп ала алышты

 «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы айыл тургундары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берүүнү улантууда. Урмат Алыпсатаров жергиликтүү кеңештин удаа 3 чакырылыштагы депутат.

26 Май 2022 жыл 13:38

Аудио: Чет-Булак айылынын окуучулары Бишкек шаарында экскурсияда болушту

Тогуз-Торо районуна караштуу Чет-Булак айылындагы Маатмуса Абдыжапаров атындагы орто мектебинин география мугалими Токтобү Жапаркулова менен 11-классынын окуучулары Бишкек шаарына экскурсияга барып келишти.

26 Май 2022 жыл 13:33

Апалар ар дайым сыйга татыктуу

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Энелер күнүнө арналган “Баарынан эне күчтүү, Энелер — өмүр булагы, үйдүн куту” деп аталган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аны  райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук аялдар кеңеши менен …

26 Май 2022 жыл 13:30

Сүрөтбаян: Мугалим-коомдун саяпкери

Бүгүн Ак-Талаа районундагы билим берүү тармагында эмгектенген агартуучулар, тарбиячылар үчүн  «Мугалим-коомдун күзгүсү» аталышындагы жыйынтыктоочу салтанат уюштурулду. Салтанатка быйылкы окуу жылында  мектептерде, бала бакчаларда эмгектенген алдыңкы жана ардагер мугалимдер, тарбиячылар, эл …

26 Май 2022 жыл 13:27

20 жылдык бүтүрүүлөрдөн кайрымдуулук

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2001-2002-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык кечени өткөрүү менен  айыл элине кайрымдуулук иштери жүргүзүштү. Алар Казан-Куйган жана Оттук айылдарында жашаган 10 үй-бүлөгө …

26 Май 2022 жыл 13:25

Кочкордо “Аскерге чейинки даярдык” сабагы боюнча мелдеш өттү

Кочкор билим берүү Спорттук Коргонуу Уюму жана Аскер комиссариаты тарабынан уюштурулган “Аскердик колдонмолор жана Спорттун түрлөрү” боюнча Кочкор районунда мектептер арасында мелдеш өттү.

26 Май 2022 жыл 13:23

Сары-Булак: Балык менен ишкерлик кылууга ыңгайлуу жер

Сары-Булак айылында көп жылдардан бери балык менен соода-сатык кылгандар бар. Алар чакан балык сатуу менен башташса, бүгүнкү күндө заман талабына ылайык чоң-чоң кафелерди да курушуп, көптөгөн кардарларды өздөрүнө тартып келишүүдө.

26 Май 2022 жыл 13:21

Таштанды көйгөйү качан чечилет?

Кочкор районуна караштуу Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара- Суу айылында көп жылдан бери таштанды маселеси чечилбей келүүдө. Акыркы учурда жергиликтүү тургундар ал жерге таштанды гана эмес, малдын өлүгүн дагы ыргытышууда.

24 Май 2022 жыл 20:51

Чолпон айылында көлдү сактап калуу боюнча фестиваль өтөт

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылынын айыл өкмөтүндө жыйын уюштурулду. Жыйында жакынкы аралыкта Соң-Көл көлүн сактоо боюнча фестиваль болору айтылды.

24 Май 2022 жыл 17:21

Түз эфирлерге айыл эли активдүү катыша баштады

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнө айыл эли түз эфирден суроолорун бере алат. Түз эфирде айыл көйгөйү, мал чарбачылыгы жана жеке инсандардын кайрылууларына Эркин Муслимович 40 мүнөттүк эфирде жооп берди.

24 Май 2022 жыл 17:14

Ээр чапкан элеттик жигит

Ак-Талаа районундагы  Кара-Бүргөн айылынын 43 жаштагы тургуну Алтынбек Жусупбеков элет жеринде мал чарбачылыгы менен бирге эле беш жылдан бери жеңил салмактагы заманбап ээрлерди жасап, чакан ишкерлик менен алектенет. Мындан сырткары, …

23 Май 2022 жыл 22:55

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...