Нарын районуна караштуу Оттук айылында кайнене менен келиндин катышуусунда сынак өткөрүлдү. Сынак үй-бүлөлүк ынтымакты чыңдоо максатын көздөп, ага айыл тургундарынан үч үй-бүлө катышышты.
Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Салтанат Баетов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, Баатыр энелер, мекемелерде иштеген айымдар, жаштар жана райондун акими Жумадилла Жапаров менен айыл …
Азыркы учурда сүт сатуу багыты бардык айылдарда өнүгүүдө. Дал ушул багытты өнүктүрүү максатында Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Төрөгелди Кемелбеков асыл тукум уйларды багып өстүрүү боюнча фермерлик иш жүргүзөт.
2022-жылдын 18-19-май күндөрү Нарын району боюнча «Жыл мугалими-2022» кароо сынагы болуп өттү. Сынак эки тур менен өтүп жыйынтыгында Кылыч Рысмендеев атындагы орто мектептин мугалими жеңүүчү деп табылды.
“Улуу Жибек Жолунда Жашыл Ааламга Саякат – Жалал-Абад – 2022” туристтик форумунун алкагында Тоо жана окуялуу туризм боюнча аймактык кубокто Арстанбап биринчи орунду алды.
Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору жаш ыктыярчыларды үч ай окутту.
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөттүндө «Мисс Кулатов- 2022» кароо сынагы болуп өттү. Сынакка ар бир мектептен бирден окуучу кыз катышты. Жалпы 8 кыз ат салышты. Сынакты Кулатов айыл өкмөтүнүн айылдык …
Кыргызстандын аймагында боек катары колдонулуучу 80 ге жакын өсүмдүктүн түрү бар. Күнүмдүк-тиричиликте да кеңири пайдаланышкан. Учурда синтетикалык боектор пайда болгону менен табигый боекторду өндүрүү менен алектенгендер дагы жок эмес. Мунун …
Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Кара-Суу айылында Курманбек Назарбеков жана Дастан Майрамбек уулу биргелешип, самын чыгаруучу станок алып, самын өндүрүлүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар арзан баада …
Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Сарыбай айылындагы «Жал» дүкөнүнүн сатуучусу Мыктыбек Ормонов 3 жылдан бери дүкөндү иштетип келет. Азык-түлүктүн кымбаташын элдер туура кабыл алды. Нааразычылыктар да болуп турат деп билдирди жеке ишкер.
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасында тарбиялануучулар жана ата-энелер менен биргеликте «Ден соолук табылгыс байлык» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке «Жеткинчек» жана «Ынтымак» тайпаларынын балдары катышышты.
2022-жылдын май айында Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагынын башчысы болуп Казыбек Усупов дайындалды. Ал эми буга чейин башчы болуп келген Чыңгыз Мамбеткулов Он-Арча айыл аймагына которулду.
Сокулук районуна караштуу Конуш айылынын Акитай Исаков атындагы башталгыч мектебинин 2021-2022 окуу жылынын 1-классынын «Ааламга жол-Алиппеден башталат» аталыштагы «Алиппе»майрамы болуп өттү.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби 2014-2015-окуу жылынан баштап «Көп тилдүү билим берүү программасы» боюнча иштеп келишет. Аталган программанын башкы максаты, келечекте көп тил билген муунду тарбиялап чыгаруу. Кыргыз …
Тогуз-Торо районубуздун Ж.Кадыров атындагы эс алуу паркында мындан 77 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эл-жер үчүн жанын берген маркум жоокерлерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.
Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен 2022-жылдын 6-7 май күндөрү Лейлек району боюнча жаш ишкер аялдарга “Ишкердиктин негиздери” деген темада кичи-тренинг болуп өттү. 35 ашуун жеке ишкер аялдардын катышуусу менен өткөн …
Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Нарын облустук жаштар конгрессинин төрагасы Жылдызбек Кабылбек уулу жана Кызыл Ай Коомунун ыктыярчысы Бегай Кубанычбек кызы менен менен жолугушту.
Жаз келери менен эле элет жеринде ичүүчү таза суу көйгөйү жарала баштайт. Ошону менен кошо таштанды, бала бакча, оорукана көйгөйлөрү да четтен чыгат.
28-апрель күнү Ноокат районундагы Ж.Нышанов, “Арбын”, “Шаңкол” жана “Дары-Суу” орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Оштогу жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштурган “Шаңкол деми” …
Ооган-Талаанын жаңы конуштарында электр жарыгынын кубаттуулугунун аздыгын сурамжылап жаткан жашоочулардын 20% айтышкан. Электр кубаттуулугу аз болуп муздаткычтар, мештерди иштете албай жатабыз деп билдиришкен.