Бүгүн Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Район боюнча 264 жаран талапкерлигин койгон.
10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Ошентсе да көпчүлүк шайлоочулар жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлаганы келишип, бирок референдум тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришкен.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5529 Ак-Чал шайлоо тилкесинде айыл тургундары шайлоого активдүү катышууда. Шайлоого келген шайлоочулардын маанайлары жакшы, эч кандай мыйзам бузуу байкалган жок.
2153Шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышууда. Шайлоо өз деңгээлде, санитардык эрежелер толук түрдө сакталып, элдин маанайы жакшы. Шайлоочулардын саны эрте мененки саатка карата көп болду, түшкү ченге карата азайууда.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык №5376 Шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Шайлоого келгендердин маанайы жакшы, эч кандай мыйзам бузуулар байкала элек.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын номер 4051 шайлоо участогунда шайлоо кызуу жүрүп жатат. Шайлоого келген айыл тургундарынын пикири боюнча түшкө чейин шайлоочулардын көбү айылдын улуу муундары келип жатты.
Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2-сынакта өзүнүн калеминен жаралган ыры менен 1-орунду багындырды.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде шабдаалы жана алма бактын “Ред делишес” “Старкримсон” сортундагы көчөттөрү отургузулду. Көчөтүн отургузууну мектептин ардагер мугалимдери жакшы тилек, бата менен баштап беришти.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана жана маданият үйүнүн …
Кыргызстандагы калкынын саны боюнча экинчи орундагы шаар сапаттуу орто билим алуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү теңсиздик индекси боюнча рейтингде эң акыркы орунга ээ болду. Ош, тактап айтканда, окутуу шарттарын баалаган критерий боюнча өлкөдөгү …
Талас шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү максатында 1998-жылдан бери эле коомдук жайлардагы имараттарга пандустарды коюу иши каралган. Бирок банктарга, соода түйүндөрүнө азыркы күнгө дейре мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу пандустар …
Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга 11 депутат катышты. Кезексиз отурум айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын Жеңишбек Ашымов мектебинин директору Гүлжамал Жаңыбаевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамга ээ болду. Ал мамлекет башчы Садыр Жапаров 125 кыргызстандыкка мамлекеттик …
Бүгүн Ак-Талаа районунун «Бермет-Жал» ат майданында улуттук ат оюндарын сүйүүчүлөр тарабынан облустук деңгээлде ат жарыш оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 7-апрель Элдик революциянын 11 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары болуп өттү.
Бүгүн Ак-Талаа районунда кыз-келиндер арасында аркан тартыш жана аралыкка чуркоо боюнча жөө күлүктөрдүн мелдеши өттү. Мындан сырткары, волейбол боюнча оюнга 8 команда катышты. Аталган мелдештин өтмө кубогун райондук администрация уюштуруп, …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы “Адилет” атындагы сейил бакта 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, окуучулар жана курман болгон Адилет Карасартовдун үй-бүлөсү катышты.
2010-жыл 7-апрель. Он бир жыл артта калган календардагы ушул күн кыргыз тарых бетине трагедия катары кара тамгалар менен жазылып калары турган иш. Авторитардык бийликти кулатууга көтөрүлгөн элге ок атылган. Кагылышуудан …