Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында волейбол жана кол күрөш боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешти Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы уюштуруп, демөөрчүлүк кылышты.
АРИСтин долбоору аркылуу Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылына жакында жаңы техника келет. Техниканын жардамы менен жайыттарга жол салса да болоорун айтты айыл өкмөт башчысы.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.
Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2016-жылы ѳткѳрүлгѳн иш-чаралардын жүрүшү тууралу маалымат беришти.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында таза суу чыгарылганына эки жылдын жүзү болду. Айыл башчысынын айтымында, таза суу чыгарылгандан кийин айыл тургундарынын ден соолугу жакшырып калган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенген тиш доктур Айзада Коңурбаева эл кызматында. Ага Куланактан тышкары Учкун жана Жылан Арык айылдарынын тургундары дарылануу үчүн келишет.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын “Ботокөз булак” балабакчасы үч жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Бакча көп ийгиликтерге жетип жатканын айтат билим уясынын жетекчиси.
Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Махабат Самандарова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенет. Ал элден түшкөн тапшырыктар аркылуу иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багып келет.
Ак-Талаа тарых музейинде райондун аймагында жашаган жаныбарлар, өсүмдүктөр, тарыхый жерлер жана кыргыз эли колдонгон байыркы буюмдардан турган экспонаттар бар. Жаңы жылда музей жаңы 70тей экспонат менен толукталган.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы он жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келет. Компания банкка айлангандан бери айыл тургундарына толук кандуу банк кызматтарын көрсөтө баштады.
Талас шаарынын тургуну Бактыбек Байдаралиевдин үйүнѳ конок болдук. Бактыбек мырза кѳп жылдан бери сүрѳт тартып келет. Сүрѳтчүнүн үйүнѳ конок болгонубуздун себеби, бул үй сүрѳт галереясына айланган. Сүрѳттѳр үйгѳ ѳзгѳчѳ атмосфера …
Тогуз коргоол, шахмат жана тенис оюндары боюнча алты айыл арасында олимпиада оюндары алгачкы жолу Чоң-Арык айылында болуп өттү. Буга чейин оюндар жыл сайын Терек-Суу айылында өтчү.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жардамга муктаждыгы бар адамдар жөнүндө билип көрүүнү чечтик. Бул тууралуу айыл өкмөттүн соцадиси менен маек курдук.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө өткөн жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп, 21 депутака 7-январь күнү мандат тапшырылды.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.
28-декабрдан 11-январга чейин мектеп оуучулары жана мугалимдери кышкы каникулга чыгышкан. Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын мектеп окуучулары жана мугалимдери каникулда кандай эс алып жатышат?
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Жээналиев 2014-жылдан бери бул кызматта иштеп келет. Бул убакыт аралыгында аткарган иш аракеттери жана мындан кийин бул кызматта эмгектенүүнү каалайбы-жокпу, маегибизден таанышыңыз.
Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага жалпы тогуз команда катышып, Арбын 1 курамасы баш байгени багынтты.
Ноокат районуна караштуу Арбын айылында жашаган жалгыз бой эне Буажар Адыгенееванын үйү эскилиги жетип, жер титирөөдөн кийин кооптуу абалга кептелген. Ал эч кандай жардам көрсөтүлө электигин айтат.