Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Андарактын тургуну Чыңгызбек алатоо пародасындагы өгүздөрдү багат

Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Чыңгызбек Саттаров учурда алатоо пародасындагы өгүздөрдү багып жатат. Ал буга чейин швед пародасындагы өгүздөрдү багып, ошону менен бизнес кылып келгенин айтат.

29 Ноябрь 2016 жыл 1:00

Андарактык Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багат

Лейлек районундагы Андарак айылынын тургуну Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багып, алар менен улак тартыш оюнуна катышып келет. Ал аттарын Өзгөн шаарынан жана Орусиядан алып келген.

29 Ноябрь 2016 жыл 0:46

Жол кырсыктарын алдын алуу иштери эффективдүү болушу зарыл

Республиканын аймагында 2016-жылдын 21-ноябрына чейин кырсык болгон жерден айдоочунун качып кетүүсү менен коштолгон 727 жол кырсыгы катталган. Ал эми Нарын облусу боюнча 5 жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан.

28 Ноябрь 2016 жыл 22:00

Баетовдо аксакалдар соту жарандык арызды карады

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө Аксакалдар соту коомдук алдын алуу бөлүмүнө келип түшкөн эки жарандык арызды карады. Бул боюнча Баетов айылынын участкалык милиционери Бурул Батырбек кызы кабарлады.

28 Ноябрь 2016 жыл 21:42

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу боюнча жолугушуу өттү

Ак-Талаа районундагы орто мектептердин окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, суицидди алдын алуу максатында жер-жеринде жолугушуулар өтүүдө.

28 Ноябрь 2016 жыл 21:12

Ак-Талаа районунда СПИД оорусу менен 11 жаран каттоодо турат

Мындай маалымат бүгүн ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда өткөн чогулушта белгилүү болду.

28 Ноябрь 2016 жыл 21:04

Терек-Суу айылынын тикмечи айымы Гүлнара Шекилбаева

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Шекилбаева кѳп жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет. Анын негизги кардарлары болуп окуучулар эсептелерин айтат.

28 Ноябрь 2016 жыл 20:50

Терек-Сууга биринчи кар жаады

Токтогул районунун Терек-Суу айылында биринчи кар 27-ноябрда жаап, айлана аппак карга оронуп калды. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл кыш жылдагыдан суугураак түшкөн.

28 Ноябрь 2016 жыл 20:24

Үч-Коргондун тонтон жана чичи тажиктеринин ортосунда кандай айырма бар?

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында тажик улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылышат. Сырттан байкалбаганы менен алардын өз ара сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктары бар. 

28 Ноябрь 2016 жыл 15:36

Үч-Коргондогу аялдардын көпчүлүгү тигүүчүлүк менен алектенет

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында көпчүлүк аялдар тигүүчүлүк менен алектенишет. Бул тууралуу тармакта 20 жылдык тажрыйбага ээ ишмер аял Мавлюда Хайдарова билдирди.

28 Ноябрь 2016 жыл 14:13

Германияга иш сапар менен

13-ноябрдан 20-ноябрга чейин республикабыздын жамааттык медиаборборлорунун координаторлору Германияга иш сапары менен болуп кайтты. Сапарды Эбэрт фонду каржылады.

28 Ноябрь 2016 жыл 12:04

Бакай-Ата: Коомдук тармактардын таасири кандай?

Учурда коомдук тармактарды көп эле жаштар колдонуп жатат. Алардын ичинен вотсап, одноклассники, фэйсбук, инстаграм жана твиттерди айтууга болот. Бул тууралуу мектеп мугалимдери жана окуучуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

28 Ноябрь 2016 жыл 11:31

Бакай-Атанын акыны Кабылан Балкыбеков

Бакай-Ата айылына белгилүү акын Кабылан Балкыбековдун китеби жарык көргөн. Биз акындын чыгармачылыгы менен таанышып, маек куруп келдик.

28 Ноябрь 2016 жыл 10:58

Аудио: Бакай-Атада жылгаяк сезону ачылды

Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жылгаяктын сезону ачылды. Ал жерде көбүнчө мектеп окуучулары эс алышат.

28 Ноябрь 2016 жыл 10:41

Бакай-Атанын тургундары кышкыга даярбы?

Кычыраган кыш келип, Бакай-Ата айлынын тургундарынын кышка даярданып көмүр ала баштады. Айылда көмүр баасы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

28 Ноябрь 2016 жыл 9:42

Кара-Суу: Германияга иш сапар менен. 6-бөлүк

18-ноябрда PI Radioго саат 10:00дө Лотум-Штрассе 10, 10119 Берлин дареги боюнча келдик. Бизди Йорг Депта тосуп алды.

27 Ноябрь 2016 жыл 22:57

Кызыл-Кыяда жаштар күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк студенттер жана жаштар күнүнө карата 10-17-ноябрда майрамдык кечелер уюштурулду. Алардан бири Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейинде болуп өттү.

26 Ноябрь 2016 жыл 19:11

Быйыл Үч-Коргондо кыш күтүлгөндөн эрте келди

Өткөн жылдарга караганда бул жылы кыш эрте келгендиктен Кызыл-Кыя шаар тургундарынын жана Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын даярдыктары тууралуу кыскача сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

26 Ноябрь 2016 жыл 18:33

Ооган-Талаада табигый кырсыктан жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуу өттү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.

26 Ноябрь 2016 жыл 15:22

Кара-Суу: Германияга иш сапар менен. 5-бөлүк

17-ноябрда Гамбургдагы “FURST BISMARK” отелинен эртең мененки тамакты ичип, 09:38де вокзалдан поездге түшүп, Берлинге сапар тарттык.

26 Ноябрь 2016 жыл 15:07

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...