Ак-Талаа районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында 1-сентябрдан бери “Көңүл бургула, балдар!” аталышынддагы рейд журүүдө. Аталган иш чаранын алкагында айдоочулар арасында, эл көп чогулган …
aziret005 —Саламатсыздарбы Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде “Ак кептер” мультимедиа борбору, сиздер менен мен Гүлзада Бейшенбекова жана Азирет Туратбеков. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге жаңы окуу жылы тууралу айтып бермекчибиз. …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тазалыгы айыл тургундарын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн канаттандырабы? Айылдын тазалыгын сакташ үчүн кимден, кантип башташ керек? Ушул сыяктуу суроолорго Ак-Бакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы жооп …
Кыргызстанда учурда насыя алып үй салып, унаа алып, той өткөрүп жана аны башка керектөө муктаждыгына жумшаган жарандар көп. Бирок насыя алуу ар кандай кыйынчылыктар менен коштолбош үчүн калктын каржылык сабатын …
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жашаган тургундар таштандылар алынбай, көчөлөрдө төгүлүп жатканын айтышат. Төмөндө сурамжылоону сунуштайбыз.
Суусамыр айылы тоолуу аймакта жайгашкандыктан өндүрүш жокко эсе. Айыл тургундары керектүү курулуш материалдарын Карабалта шаарынан ташып келүүгө мажбур болушкан. Төө Ашуу ашуусунан жүк ташуучу унаа менен алып келүү кыйынчылыктарды жаратып …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде мектепти тазалоо иштери болду. Бул иш-чаранын максаты мектептин айланасын таза кармоо ирээтинде өтүлгөндүгү туралуу айтып өтүштү.
“Кенч Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, жеке ишкер Кылыч Исамамбетов Баетов айылынын түндүк тарабындагы Түлкү-Сарай чөлкөмүнө атайын даярдалган көлмөгө 25 миң даана түстүү форелдин чабактарын коё берип, айыл чарбасына дагы …
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 40 жаштагы тургуну Жылдызбек Сыдыков Түлкү-Сарай чөлкөмүндө 8 жылдан бери үй канаттууларын багып келет.
Финансистер каржылык жактан билими бар адамдын үйүндө ар дайым акча болорун эскертишет. Демек каржылык сабаттуулук биздин жашоодо чоң ролду ойнойт. Мисалы: жеке акча каражаттарын сактоо жана туура пайдалануу, билим алуу …
Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин терезелерин долбоордун алкагында пластик терезелерге алмаштырылды. Аны менен бирге текчелери жана сырткы эшиктери да жаңыланды. Оңдоп-түздөө иштери бир айга чейин созулду.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаан-чачындан улам беде уругу жакшы алынбай калды. Бул туурасында айыл тургундары билдиришти.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.
“Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты: Концепция жана мыйзам негиздери” боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, жергиликтүү дин кызматкерлери, айыл тургундары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.
Нарын районуна каршатуу Учкун айылында арпа күшөөчү станок ойлоп табылды. Бул станок жумушту жеңилдетүү максатында ойлоп табылган.
Учкун айылында 15-августан бери өтүп жаткан 15 үй кожейкелеринин сабагы бүгүн аяктады. Сабак айылдагы апалардын турмушун оңдоо максатында өтүлгөн.
Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2» жана 2016-жылы уюштурган «Кыш-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август) аралыгында сынак …
Жайкы мезгилдеги ремонт иштеринин ар кандай себептеринен улам кечеңдеп, жаңы окуу жылына кирбей калуу коркунучунда турган Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби 1-сентябрда окуу процессин баштады.
Эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Ак-Талаанын Баетов айылында Соң-Көл периси Акмөордүн эстелиги ачылды. Ал Мурзалымбеков көчөсүндө жайгашкан Тарых музейинин кире бериш жерине коюлду.
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Баетов айылында парад болду. Ага бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери ар кандай ураан, чакырыктар менен чыгышты.