Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов «Медиа РАЙ» окуу борборунун компьютердик курсу боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сертификаттарды тапшырды.
Бакай-Ата айылынын тургуну Тагар Молдобеков элдин колу, бутунун сынган жерлерин кармап, массаж жасоо менен алектенет. Бул кесиби кичинекей бала чагынан башталган.
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Эне-Сай» деген миң түркүн дүкөнү ачылды. Бул дүкөндөн айыл шартына керек болгон буюмдарды табууга болот.
Ноокат районунун Байыш айылы таза суу менен камсыз болду. Бул «Көк буудай» деген уюмдун аракетинин натыйжасында ишке ашкан.
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында цемент сатуучу жай ачылды. Бул жай ачылып, жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу болуп калганын айтышат.
Түп районуна караштуу Тасма айылында мал жандыктарын купкага салуу боюнча долбоор жүрүүдө. Мурда айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдарга барып кой жандыгын дарылатып келишчү.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 25-апрелден 26-апрелге караган түндө катуу жаан жаап, үй, жолдорду сел алды. Айыл өкмөт башчысы 10 үйдү сел алганын айтты.
Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылындагы багбан Үсөн Төрөев. Ал көчөттөрүн 1984-1985-жылдары тиккен.
Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга керектүү китептер алынып келинген.
Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.
Бруцеллёз ылаңдаткычы эң майда микробдор болуп эсептелет. Бруцеллёз менен көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, топоз, жылкы, буйвол, төө, ит-мышык жана башка жаныбарлар ылаңдайт.
Кадырбай Чоңмурунов Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылында Улуу Ата мекендик согушка катышкан жалгыз ардагери. Кадырбай Чоңмурунов жаш кезинде эле каардуу согуш башталып, башка жигиттердей сыяктуу эле согушка жөнөп кеткенин айтат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда белгиленчү «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.
«Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтүлүп жаткан тарбиялык иштерге анализ берүү жана сапаттуу билим берүү боюнча ачык эшиктер күнү болуп өттү. Аталган …
1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна алып келген.
Кызыл-Туу айылында С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы» аттуу акциясы өттү. Акцияга мектеп мугалимдери, «Жаш натуралистер» ийрими, ата-энелер, шериктеш уюмдар, окуучулар катышты.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.
Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде алипе майрамы болуп өттү. Окучуларар кандай ырларды ырдап, бийлерди көргөздү.
Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.