Азиза Орозгулова 11-классты бүтөөрү менен эжелеринин чакыруусу менен Орусияга кетүү үчүн даярданып жатат. Ал жеткиликтүү акча каражатын тапкандан кийин жогорку билим аларын пландаштырууда.
2013-жылдын апрель айында ӨКМ тарабынан Ашырбай Коёнкөзов атындагы мектеби авариялык абалда деп табылган. Айыл өкмөтү жаңы мектеп имараты 2014-жылы курулушу мүмкүндүгүн айтты.
Класстардагы лабораториялык жабдуулардын жоктугунан практикалык сабактар толук аткарылбайт. Мектеп директору тиешелүү препараттар Орусияда өндүрүлгөндүктөн, азыркы күндө келбей калгандыгын айтты.
Жолдун начардыгынан айдоочулар автоунааны ремонтто жана жаңы тетиктерди алууга көп каражат кеткендигин айтып нааразы болуушууда. Ал эми ЖЭИнин жетекчиси ремонт иштери башталгандыгын кабарлап, бирок качан бүтөөрү белгисиздигин кошумчалады.
Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу, ата-энелер балдарын ар кайсы жерлерге таштап, жумушка барууга аргасыз болушууда. Балдар бакчасынын жетекчиси 2013-жылдын 1-сентябрында балдарды кабыл алуусун маалымдады.
Кызыл-Булак айылынын тургундары айылда бала бакча жоктугунан балдарын үстүнкү айылга жөнөтүүдө.
Айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнов кийинки жылы эски мектептин имаратын бала бакча кылууну пландаштырып жатканын кабарлады.
Кулатов айыл аймагынын тургуну Россияда жарым жылдан ашуун иштеп келди. Иш берүүчүлөрдүн бири айлык акысын бербей, эмгек келишими менен «алдангандыгын» айтып берди. Айыл тургуну атын жашыруун бойдон калтырууну суранды.
«Азык-түлүк магазининде продуктуларын сатып, ошол дүкөндө сатуучу-консультант болуп ишке киргенмин».
Кулатов айыл окуругунун тургуну Айжамал Марасул кызы үстүбүздөгү жылы химия боюнча республикалык олимпиадада 5-орунга жетишти. Даярдануу учурунда лабораториянын жоктугу чоң кыйынчылыктардын бири болгонун айтып, мугалимдин сүрөттөрдү көргөзүп даярдаганын кошумчалады.
Жолдорду оңдоо-түзөө иштери Кызыл-Булак айылынын Чоко көчөсүнө келип токтотулду. Жолдорду оңдоо иштерин токтотулушун айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Абдразакович заводдон бетон чыкпай жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Кыргыз эли эзелтен көчүп-конуп, жашоосун өз шартына ылайыктап, үйлөрүн дагы жүктөп, бүктөп алып көчүп келишкен.
Куланак айылында эки жылдан бери элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча айымдардан түзүлгөн уюм иштеп, аз да болсо салымдарын кошууда. Жасаган буюмдары менен ар кандай көрсөтмө, ярмаркаларга катышып жаткандыктарын белгилеп өттү.
Гүкүн Маймылова Джал айылынын тургуну беш жылдан бери уулу менен кызын көрбөй келет. Балдары Россияда эмгектенип жүрүшөт.
Нургазы Мурзакулов Москвадагы курулуштардын биринде иштеп келип, Honda үлгүсүндөгү авто унаа сатып алган. Азыркы учурда алган унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Кайрадан барып там салып жана магазин курууну пландаштырууда.
Мектепте лаборатория жоктугунан физика мугалими теманы түшүндүрүү үчүн ар кандай плакаттарды чийүүгө аргасыз. Директор лаборатория ачуу үчүн каражаттын жоктугун маалымдады.
Үй курууга каражат табуу үчүн Хасан Эгембердиев жубайы менен Россияда алты ай иштеп келди. Эки баласын чоң энесинин кароосунда калтырышкан.
Ачы участогуна караштуу РЭСтин өкүлү Токтогул ГЭСинде суунун жетишпестиген электр энергия өчүрүлүп жатканын маалымдады. Мындай абал айыл тургундарынын жашоосунда тоскоолдуктарды жаратууда.
Сугат суунун жетишсиздигинен огороддор кургап кетип, айыл тургундары жер-жемиштерди кымбат баада сатып алууга аргасыз. Ал эми айыл өкмөтүнүн орун басары казылган арыктар жаандан улам кайрадан толуп калганын маалымдады.
Дене-тарбия сабагы жылуу мезгилдерде гана спорт аянтчасында өткөрүлсө, ал эми кыш мезгилинде спорт зал жоктугуна байланыштуу класс ичинде шахмат жана шашки ойноого аргасыз. Мектептин директору спорт зал куруу үчүн атайын эл аралык гранттар жазылып жатканын маалымдады.
БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТИРЛИГИ ТАРАБЫНАН КЛАССТАРДЫН КЫСКАРЫШЫ БОЮНЧА ЧЫККАН УКАЗДЫН НЕГИЗИНДЕ АБДЫЛДА АРАЛБАЕВ МЕКТЕБИНДЕ ДА КЛАССТАР КЫСКАРТЫЛГАН.
Суунун туруктуу берилбегендигинен айыл тургундары тоодогу булактардан алууга аргасыз. Суунун токтотулушун айыл өкмөтү ремонт иштери менен түшүндүрдү.