Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Ак-Тал айылында суу таңсыктыгын жоюу үчүн аракеттер көрүлдү

Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында суу өзгөчө көп пайдаланган жай мезгилдеринде таза суу таңсыктыгы жаралып келет. Себеби, айылдын төмөн жагындагы тургундар таза сууну көп пайдаланган учурларда …

22 Ноябрь 2023 жыл 8:13

Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлдү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлүүдө. Алынган маалыматка караганда  Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча 50 талапкер көрсөтүлүп, элдин берилген добушу менен Таалайкан Бекматова  делегат  болуп …

21 Ноябрь 2023 жыл 22:03

Ак-Талаада вакцина сактоочу жаңы кампа курулду

Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда “вакциналык кампасын» куруу иштери аяктады. Кампанын курулуш иштери Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, “COVID-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

21 Ноябрь 2023 жыл 8:03

Роботту сүйлөткөн Нурзада

Нурзада Макеева учурда 35 жашта. Бир нече жылдан бери Германияда жашайт жана Hymmen GmbH Maschinen- und Anlagenbau аттуу машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп иштейт. Ал адамдардын күндөлүк …

20 Ноябрь 2023 жыл 21:09

Тогуз-Тородо төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Казармандагы Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Саймалуу Таш санаты” аталыштагы айтышта 16 акын айтышып, тарыхый өрөөндүн улуулугун даңазалап, район элине өнөрлөрүн тартуулашты.

20 Ноябрь 2023 жыл 8:34

19-ноябрь «Эл аралык дан күнү»

19-ноябрь күнү дан эгиндеринин ден соолук жана экологиянын бакубаттуулугу үчүн пайдасын илгерилетүүгө арналган глобалдык иш-чара болгон «Эл аралык дан күнүн» белгиленет. Бул күн биздин күнүмдүк рационубузга дан азыктарын киргизүүнүн маанилүүлүгүн …

19 Ноябрь 2023 жыл 8:40

Чолпон айыл аймагына караштуу мектептердеги эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду

Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Ырыс алды ынтымак» аттуу эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.

19 Ноябрь 2023 жыл 8:26

Кызыл-Кыядагы №70 кесиптик лицейи Азия өнүктүрүү банкынан колдоо алды

Кызыл-Кыя шаарындагы №70 кесиптик лицейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы жана «Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн менеджери келип таанышып чыкты.

19 Ноябрь 2023 жыл 8:12

Корея ашканасынын тамактары жаштар арасында абдан популярдуу

Чүйдөгү №43-кесиптик лицейде «ашпозчу» кесибинин устаты Сезим Алтымыш кызы Корея ашканасынын тамактарын жасап үйрөнүүдө. Ал Кореядан келген ашпозчу  Енгми Муундан  өзүнүн окуучулары менен кошо Корея тамактарын бирге даярдашат. 

18 Ноябрь 2023 жыл 19:40

Ара-Көл жалпы мектебинде окуучуларга ысык тамак бериле башталды

Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класстар үчүн ысык тамак бериле башталды. Ысык тамак берилүү демилгесин «MERCY CORPS» компаниясы камсыздап жана 4 күнүн мамлекет, 1 күнүн ата-энелер …

18 Ноябрь 2023 жыл 15:59

Ноокат району боюнча тарых сабагынан семинар болуп өттү

17-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тарых сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашуун мугалимдер катышты.

17 Ноябрь 2023 жыл 21:00

Асылбүбү Базарова: «Өрнөктүү өмүр изим №43 кесиптик лицейде калат»

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде 19 жылдан бери эмгектенген Асылбүбү Базарова  өрнөктүү өмүрүн билим берүү тармагына арнаган мугалим. Ардактуу кесиптин чыныгы ээси эмгек жолунда …

17 Ноябрь 2023 жыл 19:53

№43 кесиптик лицейи кайтаруу жана күзөтүү департаменти менен кызматташууда

Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде «Аскерге чейинки даярдык» сабагы башкача формада өтүлүүдө. Кесиптик лицейдин «Аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов сабак өтүүдө окуучуларды айыл аймагында жайгашкан,  Кайтаруу жана …

17 Ноябрь 2023 жыл 16:53

№43-кесиптик лицей жылына жүздөн ашуун ашпозчу адистерин чыгарат

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде жана «ашпозчу» кесибинде окуган тайпалар  арасында “Мыкты ашпозчу” таймашы болуп өттү. Бул кароо-таймаш лицейдеги 1-2-3-курстар арасында өткөрүлдү. Буга чейин «Мыкты-ашпозчу» кароо-таймашынын 1-туру өткөрүлүп, …

17 Ноябрь 2023 жыл 13:43

Ак-Талаа районунда «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Ак -Талаа районунда  таймаш аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымагын бекемдөө  максатында  «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну уюштурулуп, ага алты мектептин 7-классынын окуучулары катышты. Бул оюн Кыргыз радиосу жана райондук …

17 Ноябрь 2023 жыл 9:10

Акталаада канча пенсионер бар?

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта өлкө башчысынын “пенсиянын камсыздандыруу бөлүмүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо тартиби жөнүндө” жарлыгына ылайык көбөйдү. Тактап айтканда, жаш курагы боюнча, багуусунан ажырагандыгы же ден-соолугуна байланыштуу майып адамдардын пенсиялары 38% …

16 Ноябрь 2023 жыл 22:57

Кочкор районунун бардык мектептерине ЖРТга даярдык көрүүгө китептер тапшырылды

16-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев  мектептерге акысыз ЖРТга даярдык үчүн  сынамык тест түшүндүрмөлөрү менен китептерди тапшырды.

16 Ноябрь 2023 жыл 22:52

Видео: №43 кесиптик лицейде инклюзивдүү билим берүү системасы окутулат

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде эмгектенген Нургүл Абылкасымова 16 жылдан бери ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды “тигүүчү” кесибине үйрөтөт. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жумушсуз жарандарга …

16 Ноябрь 2023 жыл 20:17

Жамааттык медиа окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүүдө

Сокулук районунда жайгашкан Жаңы-Жер айылында жайгашкан жамааттык мультимедиа борбору 2017-жылдан бери ишмердүүлүгүн жургүзүүдө. Ар жылы мультимедиа борборунун ишин жакшыртуу максатында Жаматтык ЖМКлар Бирлигинин колдоосунда тренингдер өткөрүлүп турат. 19-20-октябрда жаңылык жазуунун …

14 Ноябрь 2023 жыл 20:48

Чөнтөк телефондордун пайдалуу жана зыян жактары

Бүгүнкү күндө маалымат алып, аны иштетүүдө биринчи оорунда санариптик гаджеттер болуп калды. Аларды сиз туура пайдаланганды билесизби 

14 Ноябрь 2023 жыл 15:12

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...