Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ак-Талаа

Акталаадагы мектепте компьютердик окуу бөлмөсү ачылды

Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектепте компьютердик окуу бөлмөсүнүн ачылышы болуп, ага айыл тургундары, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөру катышты.

«Таза аймак» муниципалдык ишканасы жеке тараптарга өттү

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган “Таза аймак” муниципиалдык ишканасы банкрот болгондугуна байланыштуу, жеке тараптарга өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Аман Аалиевдин айтканына караганда айыл жашоочулары таштанды …

Акталаадагы таштанды полигону тосулат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында таштанды маселеси маанилүү маселе. Айрыкча таштанды көп төгүлгөн жайлардын айланасы тосулбай, айланасындагы турак үйлөргө жакындап келүүдө.

Жабыла көтөргөн жүк жеңил…

Баетов айылынын 61 жаштагы тургуну Калбүбү Моңолбаевага кайрымдуу жарандар жардам беришти.

Акталаада жыл мыктылары аныкталды

Ак-Талаа районунда 2020-жылдагы аткарылган иштер боюнча жыл жыйынтыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Жыйында жылдын мыкты мекемеси, айыл өкмөтү, бала бакча, мектеп аныкталды. Жыйынга мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары …

Акталаада “Нота” фестивалынын тушоо кесүү мааракеси болду

Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө “Нота” фестивалынын тушоо кесүү мааракесинин алкагында жаш таланттар санагы өттү. Сынакка аймактардагы 30 га жакын таланттуу өнөрпоздор катышты. Өнөрпоздордун жаш курагы 25ке чейин болуп, жанр тандоосуна …

Паспорт алардан мурда каттоодон өтүңүз

“Санарип аймак” долбоорунун алкагында Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү жарандардын аты-жөнүн санариптештирүү иштерин жүргүзүүдө. Райондун аймагындагы айыл өкмөттөргө бул боюнча маалыматтар берилип, паспорт алуу үчүн жарандар алгач аталган …

Жоолуктун салынышында дагы айырмачылыктар бар

1-февраль Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү. Бул дата 2014-жылдан бери белгиленип келет. Жоолк күнү деп белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө …

Эгерде сиз аты-жөнүңүздү өзгөртсөңүз жаңы күбөлүк ала албайсыз

КРнын “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык эгерде жаран фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кааласа бул иш аракет тууралуу мурда жүргүзүлгөн жарандык абал актыларындагы жазууларга өзгөртүү киргизилет. Ал …

Айыл өкмөтү: Кайыңды-Булак айылына социалдык шаарча курулат

Быйыл Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылына аз камсыз болгон толук эмес үй-бүлөлөр үчүн типтүү турак үйлөр салынат. Азырынча 15 үй-бүлөгө деп пландалып жаткан бул шаарча “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан курулат.

Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылына ФАП курулат

АРИС уюмунун “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун” алкагында Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылына бардык шарты менен жаңы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курулат.

Жаштар жакшы иштерди демилгелей алышты…

«Ак-Талаа Жаштары» коомдук бирикмеси 2020-жылы жасалган иштери боюнча жылдык отчет берди. Жыйынга коомдук бирикменин мүчөлөрү, райондун аймагындагы жаштар уюмдарынын жигердүү өкүлдөрү жана район акими Сейтек Кулубаев катышты.

Мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери мугалимдерге министрлик тарабынан кыскартылган бир нече иш-кагаздары боюнча аралыктан көрсөтмөлөрдү берүүдө. Методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиеванын айтканына караганда бул-мугалимдердин талабы. Бирок алар жүргүзүүгө милдеттүү …

Акталаада мектептер толук түрдө окутуунун салттуу режимине өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-январынан тартып, Ак-Талаа районундагы 8 жалпы билим берүүчү орто мектептерде дагы окутуу салттуу режимге өтөт. Бул тууралуу бүгүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев мектептердин жетекчилери менен …

Акталаада мектептер 3-чейректе толугу менен салттуу окууга өтөт

Ак-Талаа районундагы 300 гө чейин окуучусу бар 10 орто мектеп 7-декабрдан бери салттуу режимде, ал эми калган 8 мектепте окутуу экинчи алгоритм менен жүргүзүлүп келген. 3-чейректе райондогу бардык мектептер окутуунун …

«Салттуу окутуу башталганына кубанычтабыз»

Ак-Талаа районунун Чолок- Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде учурда 566 окуучуга 48 мугалим билим -тарбия берет. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин мектепте 1-класстын окуучулары гана салттуу окуп …

Чолок-Кайың айылында бешинчи көпүрөнүн курулушу башталды

Чолок-Кайың айылындагы Кум-Арыктын сайына көпүрө куруу иши башталды. “Кемп Ала-Тоо” эл аралык уюму көпүрө куруу үчүн курулуш материалдары менен толук камсыз кылган. Ал эми курулуш иштери айыл тургундарынын күчү менен …

Сүрөт: Окуучулар окуган мектебине таштанды челектерин орнотушту

Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган “Биримдик” командасы өздөрүнүн мектебине желим идиштер үчүн бир, ар кандай таштандылар үчүн эки челек орнотушуп, маалымат тактасын коюшту. Окуучулар бул аракетти …

Видео: Акталаада кыргыз тил күнүнө карата иш-чаралар аралыктан өттү

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата пландалган иш-чаралар пандемияга байланыштуу аралыктан өттү. Мектептин класстан жана мектептен тышкаркы тарбия иштерин уюштуруучусу Жыпар Кубатбекованын берген маалыматына караганда …

Аралыктан окутуу бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда

Кыргызстандагы билим берүү быйыл дагы кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу менен жүргүзүлүп жатат. Мектепте салттуу режимде окуп жаткандар биринчи класстын гана окуучулары. Ал эми калгандар үйдө ар кандай тиркемелер жана сыналгыдагы …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...