Баетов айыл өкмөтүнүн алдында уюштулган “Асыл түшүм” муниципалдык ишканасын техникалык жактан камсыздоо жана оруп-жыюу иштерин убагында бүткөрүү үчүн жаңы айыл чарба техникалары алынып келинди.
Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде 2020-2021-жаңы окуу жылына карата ремонт иштери жүрүүдө. Мамлекет тарабынан ремонтко бөлүнгөн 667800 сомду тендердин негизинде жеке ишкерлер Улан Шерипбеков жана Сүйүнбек Сулайманов утуп алган.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге …
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова Сүрөттөр интернеттен алынды
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын спорт залы 2016-жылдан бери бүтпөй келет. Тендерден утуп алган компания бюджеттен акча толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш аягына чыкпай калганын билдирет.
Көп тарттың го ашказандын азабын, Бүгүн сага Баткен күрүч басайын. Отко тосуп, эт жүрөгүң бооруңду, Күндө бизди тойгузасың казаным. Оргушталып кайнайт менде далай сыр, Оо казаным, жакшы күнгө жарай жүр. …
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Баетов айылынын Карсартов орто мектебинде өзүн-өзү башкаруу мектеп парламентинин мүчөлөрү шайланды. Бул салтанатка мугалимдер, окуучулар катышты.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде информатика мугалими Нургүл Макелеева жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучуларга менталдык математика боюнча атайын курс ачып окута баштады.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы маданият үйүнүн алдында ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.
Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип, туристтерге кызмат көрсөтүшөт.
Учурда ишкерликти эңсегендер же өз алдынча иш жасоого кызыккан жаштардын катары көбөйдү. Көпчүлүгү ишкерликтин көнүмүш түрлөрү менен алектенсе, айрымдары жаңы демилге менен кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн сунуш кылышууда.
Тарых жана Маданият жылына карата 29-июлда Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы республикалык денгээлде өткөрүлгөнү турат. Бул мааракеге райондогу маданият кызматкерлери даярдыктарды көрүшүүдө.
Ишкерлик менен алектенбеген, жок эле дегенде алып-сатарлыктын түйшүгүн башынан кечирбеген адамды ушу тапта табыш кыйын. Заман шартына ылайык ишкерлик менен тиричилигин өткөргөндөрдүн саны арбыды.
Быйылкы жайда Сары-Жыгачта балдар үчүн лагерь ачылган. Аталган жер Жаңы Талап айыл өкмөтүнө тиешелүү болуп, Сөң-Көл жайлоосуна жакын жайгашкан.
Учурда айыл чарба малдарынын арасында жугуштуу оорулар көп кездешет. Алардын айрымдары ооруну өз алдынча аныктай албай зыян тартышат.
Баетов айылындагы ата-энесинен ажырап, жакындарынын багуусунда турган жети балага “Финка” микрокредиттик компаниясы чакан белектерди тапшырды.
Бир канча жылдан бери кароосуз калып, мал жандыктардын оттоочу жайына айланган бул бассейн кайрадан пайдаланууга берилди.
Залкар Өмүркулов Баетов айылынын тургуну, таланттуу жана профессионал сүрөтчү.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмундө кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Орозбаев Самүдүн жана старшина Нургушаев Рыскулбекти кесиптештери эскеришти.