Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Ак-Талаа райондук электр тармагы жаңы кызматтык унаалуу болду

Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасы жаңы жыл алдында  УАЗ маркасындагы жаңы кызматтык автоунаалуу болушту.

Баетовдо аяз ата: «Балдарга жакшы маанай тартуулаган жагат»

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Азамат Дөөлөтбек уулу жаңы жыл түнү аяз атанын кызматын көрсөттү. Атайын буйрутма менен жаңы жыл түнү үйлөргө баш багып, белектерин берди.

Кош-Дөбө: Кардын калың түшүшү малга оор болууда

Ак-Талаа районунун эн алыскы Кош-Дөбө айылында акыркы ирет жааган кардын калыңдыгы 60 смге жеткен. Учурда айылдын көчөлөрүндөгү карлар машинелер жүргөндүктөн тапталып калган.

Ден соолугуна байланыштуу үйдө окуган балдарга жаңы жылдык белектер берилди

Баетов айылында жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине тийиштүү аймакта ден соолугуна байланыштуу үйдө билим алган балдар бар. Мектептин соцпедагогунун демилгеси менен балдарга белектер берилди.

Ак-Талаада ветеринардык инспекторлор атайын форма кийишет

Жаңы жылдан тартып райондун аймагындагы ветеринардык инспекторлор атайын форма кийишет. Инспекторлордун күнүмдүк кийүучү кийимдери башкармалыктын бюджетинин негизинде сатылып алынат.

Кан басым оорусу менен эркек кишилер көп ооруйт

Кан басым оорусу бул – кооптуу оорулардын катарына кирет. Эгерде ата-энеси кан басым орусу менен ооруган болсо, баласынын дагы жүрөк кан тамырлары же болбосо кан басымдын жогоруу болуу оорусуна кабылышы мүмкүн.

Баетовдо бруцеллез мурдагыга караганда быйыл көп катталган

Баетовдо 2015-жылдагыдан айырмаланып 2016-жылы бруцеллез көбүрөк катталган. Бул ооруга айыл тургундарынын арасында 36 адам чалдыккан.

Сүрөт баян: Баетовдо жалаң айымдар үчүн жаңы жылдык кече уюштурулду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда быйыл биринчи ирет айымдар үчүн “Апалардан ак бата” аттуу жаңы жылдык “Көгүлтүр от” болду.

Ак-Талаада билим берүү тармагында орчундуу ийгилик болгон эмес

Ак-Талаа районунун билим берүү тармагында узап бараткан жылда айтарлык ийгиликтер деле болгон эмес. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Ж. Мамбетова билдирди.

Жаңы жылга карата Ак-Талаанын ветеринарлары сыйланышты

Жаңы жылга карата Ак-Талаа районунда бир катар ветеринарларга сыйлыктар  тапшырылды. Сыйлык тапшыруу салтанатына райондук акимдин орун басары А.Сулайманов, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Д.Күйкеев, айылдардагы ветадистер жана ардагерлер катышты.

Ак-Талаада 2016-жыл өрт кырсыгы 66 пайызга көп катталган

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Талаа районунун аймагында 15 өрт кырсыгы катталган. Ал эми былтыр болсо жыл ичинде он өрт кырсыгы болгон.

Ак-Талаа районунда 2016-жылы кандай иштер жасалды?

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча акимдин орун басары Ж.Мамбетова өтүп бараткан жылдагы жасалган иштер тууралуу бизге маек курду.

Ак-Талаада архив имаратынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп калды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталган болчу. Учурда каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп …

Окуучулар сахнада Айтматовдун каармандарын ойношту

Баетов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде 5-11-класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Бул “Улуттук адабият күнүнүн” алкагында сынак катары өткөрулдү.

Сасык тумоодо гигиенанын эрежелерин сактоо зарыл

Учурда республика боюнча сасык тумоо менен ооруп жаткан жарандардын саны көбөйүүдө. Райондун аймагындагы абал боюнча Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Эрлан Бекишов менен бул масаеле боюнча …

Ак-Талаада дайынсыз болуп жаткан экинчи тургундун сөөгү табылды

Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт жайлоосунан мал издеп кеткен эки тургундун биринин сөөгү табылып, жайына коюлган болчу.

Ак-Талаада мал издеп кеткендердин бири сууктан каза болсо, экинчиси дайынсыз

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында саат 12.00дө Ак-Талаа РИИБнө Терек айылынын тургуну 1961-жылы Жусубакунов Исамамбет «МЭЛС ашуусунун Уу-Өтөк кыясында адамдын жансыз денеси жатат, тоңуп калыптыр» деп билдирүү берген. Мындан соң Ак-Талаа РИИБнүн …

Сурамжылоо: Конституцияга киргизип аткан түзөтүүлөргө оюңуз кандай?

«11-декабрда Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан референдумга барасызбы? Конституцияга киргизилип аткан түзөтүүлөргө оюнуз кандай?» деген суроолор менен Баетов айылынын тургундарына кайрылып, оюн уктук.

Ак-Талаада сасык тумоодон улам беш бала бакча жабылды

Ак-Талаа районунун аймагында өлкөнүн башка аймагы сыяктуу эле сасык тумоого чалдыккандар ондоп саналат. Буга байланыштуу райондогу Жерге-Тал, Конорчок, Жаңы-Тилек, Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарындагы “Тынчтык-3” бала бакчалары жабылды.

Баетовдо жаш мугалимдердин интеллектуалдык таймашы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, ага беш мугалимден турган “Билим” командасы катышты.

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...