Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: кесиптик лицей

Мугалим: Ишембиликтин максаты жөн эле айлананы тазалап коюу эмес

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде ишембилик өткөрүлдү. Кесиптик лицейдин жалпы жамааты жана окуучулары окуу жайдын айланасынан жана арык жээктеринен таштандыларды тазалап, бак көчөттөрүн отургузуп, гүлдөрдү эгишти.

Жаңы-Жер айылында кыз-келиндер арасында волейбол оюну уюштурулду

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Оюнга “Нарын”, “Лейлек” жана №43 кесиптик лицейдин мугалим устаттары, Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдер …

Кесиптик лицейде “Китеп кербени” акциясы өткөрүлдү

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов «Китеп кербенинин» ачылышына катышты.

Жаңы-Жерде «Slow Food» лабораториясынын ачылышы болду

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде Бүткүл дүйнө жүзү боюнча Эл аралык эко-гастрономиялык кыймылынын мүчөлөрү менен биргеликте Slow Food «Жер Эне” жана Slow Food 30-жылдыгына карата Slow Food …

№43 Кесиптик лицейдин директору айыл чарбанын мыктысы аталды

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейинин директору Бактыгүл Жусупова  «Айыл чарбасынын отличниги» медалы менен сыйланды.

Кесиптик лицейде үнөмдүүлүккө тарбиялап окутушат

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, тигүүчүлүк кесибинде окуган кыздардын дээрлик көпчүлүгү улуттук этнографиялык жасалгаларды, элдик кол өнөрчүлүктү, узчулукту, оймочулукту, саймачылыкты үйрөнүп өздөштүрүүдө.

Айдай Жаныбекова: Дүйнөдөгү ири ийгиликтерди багындырам деген жаштарга пандемия тоскоол эмес

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулардын жана педагогдордун коопсуздугун камсыздоо максатында №43-Кесиптик лицейде окуу процессин уюштуруу жана мамлекеттик сынактарды өткөрүүдө санитардык эрежелер сакталууда.

Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына карата иш-чара өттү

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдык мааракесине арналган иш-чара болду.  Иш-чарага лицейдин жалпы окуучулары катышты. Анын өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу  студенттерге кеңири маалымат берилип, мугалимдер тарабынан …

Кыргызстандагы жерлерди деградациядан сактап калуу керек

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин мугалимдери Бишкек шаарында «CAMP Ала-Тоо коомдук фонду» тарабынан уюштурулган «Токой жана айылдык питомниктерди колдоо аркылуу кургакчыл жерлерди жашылдандыруу, «Фенология жана Климат» питомниктерге кам …

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейден мекендештерге жардам топтолууда

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда жабыркаган мекендештерге жардам катары бир күндүк айлык маяналарын которушту.

Кесиптик лицейдин окуучуларына сыналгы белекке келди

Жаны-Жер айылындагы №43-Кесиптик лицейге «Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонду көп жылдан бери демөөрчү катары иштешип келет. Жакында кесиптик лицейдин жатаканасында жашаган  окуучуларга Зарылкан Токтосунова өз каражатынан  сыналгы белекке берди.

Биолаборатория жашылча- жемиш өстүрүүдө зыянкеч ооруларга каршы күрөшөт

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы кесиптик окуу жайда, жашылча- жемиш өстүрүү үчүн, зыянкеч ооруларга каршы биолаборатория курулууда. Биолабораторияны куруу ишин, кесиптик лицейдин жамааты колго алышты. Алар Органикалык кыймыл департаментинин биолабоаторияларын …

«Тигүүчү» кыздар мугалимдерин куттукташты

Сокулук районунун Жаңы- Жер айылындагы кесиптик лицейде “Тигүүчү” кесибинде окуган кыздар, 8-март майрамга карата мугалим эжелерин концерттик программа менен куттукташты. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бул кыздардын дээрлик көпчүлүгү эне мээримине же …

Кесиптик лицейге карагайдын көчөттөрү тигилүүдө

Сокулук районундагы Жаны-Жер айлынындагы Кесиптик лицейге, жерлердин чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясы “UNCCD” Фонд тарабынан карагайлардын көчөттөрү алып келинди.

Студент: Эрежелерди сактап кесиптик билим алууга умтулуудабыз

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде аралыктан окутуу мугалим-устаттарга, окуучуларга бир топ көйгөйлөрдү жаратты. Алыскы тоолуу аймактагы окуучулар интернет байланыштары үзгүлтүккө учураганда берилген тапшырмаларды убагында аткаруу мүмкүн эмес болуучу. …

Студент: «Чоң атам мен тандаган кесипти аябай жактырат»

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде окуган Султанбай Султанбаев, ветеринар-оператор кесибинде билим алат. Анын бул кесипти тандоосуна мал чарбасына болгон кызыгуусу себепкер. Ал Чоң атасы Туру карыя, кыргыздардын мал …

Кесиптик лицей мөмө- жемиш бактарды кыйыштыруу ыкмасын үйрөтөт

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде мөмө жемиш бактарды бутап кыйыштыруу ыкмаларын үйрөтөт. Бул жумуш менен сиз үйдөгү чакан бакчага кам көрүүгө тажрыйба алып, ишкерлик кылып кошумча каражат …

Кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бугүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмчөсүндө эмгектенишкен милициянын ага лейтенанты Жыргалбек Ниязалиев жана милициянын лейтенанты Актилек Рахманов окуучуларга жыйналыш өттү. Жаш өспүрүмдөргө …

Корей Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү кесиптик лицей менен таанышты

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде Корей Эл аралык кызматташтык агенттигинин долбоор жетекчиси Ким Чул Ёнг жана административдик жардамчысы Дүйшөнаалы уулу Дайыр лицейдин коллективи менен жолугушту. Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасындагы органикалык …

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейдин окуучулары «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, кыргыздын каада салттык ыкмасы менен кесипке үйрөтүп окутууда. «Ашпозчу» кесибинин окуучулары, өндүрүштүк окутууда ар кандай иш чараларда «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...