2020-жылдын 7-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Бел аймагын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул аймакта Чолпон айылына караштуу болгон айылдардан чыккан таштанды төгүүчү жай орун алган. Таштандылар чегинен ашып көбөйүп ашып …
28- сентябрь Ысык-Көл районуна караштуу Карамолдо Орозов мектебинин мектеп жааматы ишембиликке чыгышты. Мугалимдер мектептин айланасын, жолдун жээгин таштандылардан арылтып, айлананы көрккө келтиришти.
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында бир айда эки жолу таштандылар чыгарылып турат. Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ
Талас шаарындагы көчөдө жаткан таштандылардын көп болуп жатканы шаардын көркүн бузуп, айланага зыянын да алып келүүдө.
Токтоян айылында таштанды маселеси күч алды, ага себепчи айыл тургундары болууда. Өткөн жылдары айыл четине таштанды төгүү үчүн чуңкур казылган бирок, айыл четинде жашаган тургундардын айтуусунда таштандылардагы желим баштыктар жана …
Базар-Коргон районундагы айылдарда 8-июнь күнү ишембилик өткөрүлдү.
Таштанды маселеси учурда коомдогу эң олуттуу койгѳйгѳ айланды. Мындай кѳйгѳй Ысык –Кѳл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылында дагы курч. Айыл ичинен агып ѳтүүчү Туура- Суу суусунун боюнда, айылдын кире …
Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында атайын таштанды ташуучу техникалар алынган. Учурда ошол техникалар иштебей турат. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн кызматкери менен маек курдук.
Куу-Майдан айылынын тургундары «таштандылар көбөйүп, балдарыбыз ойноп оору жугузуп жатат» дешет. Бул маселе тууралу биз айыл башчы Абдүрөшүт Кадырбайев менен маек курдук.
Куланак айылында 7-май күнү жаштар уюмунун демилгеси менен 7-8-классынын окуучулары таштанды тергени чыгышкан. Окуучулар экиге бөлүнүшүп, жарымы Учкундан Куланакка чейин, жарымы Достуктан Куланакка чейинки таштандыларды терип тазалашты.
Сурамжылоодо айыл тургундар таштанды маселесин айтышкан, биз ал маселе тууралуу айыл башчы менен маек куруп, жакын арада унаа алынып келинерин кабарлаган эле. Бирок ал маселе азырынча чечилген жок. Себебин билүү үчүн айыл …
Акыркы учурларда Учкун айылынын кайсы көчө жана чуңкурлар болбосун таштандыдан арылбай келет. Бул туурасында айыл тургундарынан сурамжылоо кылганыбызда, бул айыл өкмөттүн шалаакылыгы деп айтышты. Айыл өкмөт таштанды төккөндөргө 5000 сом …
Ооган-Талаада айылынын тургундары таштандылардын көбөйүп жатканын бизге билдиришти. Биз бул маселе тууралуу Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Калдаров менен маек курдук.
“Куланакта таштандылар көбөйүп жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок” дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу Учкун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Айзат Жунушалиева менен маек …
Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.
Ноокат районунун Куу-Майдан айлындагы таштанды төгүүчү жай эл жашаган жерге жакын жайгашкандыктан ыңгайсыздык жаралууда. Таштандыдан өлгөн жаныбарлардын денесин көрүүгө да болот.
Бакай-Ата айылынын тургундары бизге таштанды тууралуу кайрылышып, таштандыларды айыл башкармалыгы көзөмөлгө алса жакшы болот эле деп билдиришкен. Ал кайрылуунун негизинде Бакай-Ата айыл аймагынын башчысы Мирлан Исабеков менен маек курдук.
Айылыбыздын күн батыш тарабында эбегейсиз зор чуңкурга, таштанды төгүлүп-чачылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Таштандыны ташып сыртка чыгаруунун ордуна, айылдын бардык жашоочулары ушул жерге алып келип төгүшөт.
Нарын районундагы Учкун айылынын жашоочулары таштанды эки жылдан бери тазаланбай, жашоолоруна коркунуч туудуруп жаткандыгын айтышат. Аталган айылдын башчысы Касмакун Мамырбаев жакынкы убакта тазалоо иштери жүрөөрүн айтат.