Тогуз-Торо районундагы Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин 15 окуучусу кыштын катаал шартына карабастан, ата-энелеринин макулдугу менен агайларынын коштоосунда ат минип барып, райондук олимпиадага катышып келишкен.
Тогуз-Торо районунда мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн райондук предметтик олимпиада ийгиликтүү аяктады. Билим таймашына райондогу мектептерден жалпы 267 окуучу катышып, ар түрдүү сабактар боюнча өз билим деңгээлин сынап көрүштү
Тогуз-Торо району. Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаап жатканына байланыштуу автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү жана тайгактык коркунучу жогорулады. Жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын …
Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн агайлары менен бирге …
Тогуз-Торо районунун А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” урааны алдында илимий интеллигенциянын форумунун I этабы жогорку деңгээлде өткөрүлдү
Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет.Акыркы учурда республикада муз үстүндө жүрүү эрежелеринин сакталбагандыгынын кесепетинен, анын ичинде жаш балдардын суу каналдарына жана көлмөлөргө чөгүп кетүү учурлары катталууда.Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдар бөлүмү …
Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесинин алкагында, Каргалык айыл өкмөтүнүн колдоосу менен Казарман айылында мектеп окуучулары арасында хоккей спортун өнүктүрүү, кышкы спортко болгон кызыгууну күчөтүү жана жаштарды сергек жашоого тартуу максатында …
Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун хирургия, реанимация жана гинекология бөлүмдөрү заманбап медициналык жабдуулар менен толукталды.Район акими Манас Мураталиев жаңы аппараттар менен таанышып, бул жабдуулар калкка сапаттуу …
Казарман айылында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк жөлөкпулун дайындоо жана төлөө тартиби» темасында микротренинг өткөрүлдү
Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесине карата эжелер арасында райондук волейбол мелдеши уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды
Тогуз-Торо райондук аялдар кеңеши тарабынан Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдыгына жана Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгына карата райондун экономикалык өсүшүнө, коомдук өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айымдарды даңазалоо максатында «Алтын-Чөйчөк Асылзаада» аттуу …
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет.Кышкы от жагуу мезгилинде турак жайларда өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында ар бир жаранды өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоого …
Тогуз-Торо районунда жогорку класстын окуучуларына кесиптик багыт берүү максатында «Кесиптик компас» аталышындагы форум өткөрүлдү
Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон 300 үй-бүлөгө “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын демөөрчүлүгү менен 150 тонна көмүр таратылды.
Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы 2026-жылдын 12-январынан тартып «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» -аттуу ай сайынгы жөлөкпулду дайындоо боюнча уюштуруу иштерин баштаганын билдирди.
Кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана суук шарттар күнүмдүк жашоого таасирин тийгизет. Төмөндө пайдалуу болгон айрым кеңештерди адистер эскертет.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Манас Мураталиев атайын график бекитип, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Каргалык, Тогуз-Торо, Атай айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуп келди
20-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги 3- Элдик Курултайдын делегаттары шайланды. Буга чейин айыл аймактарда жергиликтүү жыйындар өткөрүлүп, катышуучулар көрсөтүлгөн.
Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 18 жашка чейинки жана 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандар чакырылып, фуршет уюштурулуп, чакырылган конокторго акчалай белектер берилди.
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аялдар кеңеши тарабынан айымдар арасында волейбол оюну өткөрүлүп, ага жалпы 8 команда катышты.