Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондук айыл аймактарындагы мектептерде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектептерде жыйындар өткөрүлдү.
Тогуз-Торо районунда 2021-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин коронавирус оорусу 8 учур аныкталды. Оорулар женил түрүндө өтүп, дарылануу үй шартында жүргүзүлдү. Алардын контакттары 43 адамдан ПЦР анализи алынып, таза чыкты. Акыркы …
Райондук маданият үйүндө «Ааламдын көркү аялзат» аттуу концерттик программа маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жалпы 250 айымга жагымдуу маанай тартуулашты.
Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай, Карл Маркс айылдарындагы тейлөөчү мекемелер тургундарга маалымат беришти.
Кара-Суу айылынын жаштары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан районубуздагы эн бийик желекти чечип жаныртышты.
Дүйнөлүк банк каржылаган Ага Хан фондусунун «Кыргыз Республикасында мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу» долбоорунун алкагында районубуздун 14 мектебине жазган долбоорунун негизинде тиешелүү жабдуулар, материалдар тапшырылды.
Тогуз-Торо районунда өткөрүлгөн олимпиадада Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин окуучулары ийгиликке жетишти.
Тогуз-Торо райондук администрациясынын жыйындар залында Аксакалдар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 50гө жакын райондук аксакалдар катышышты.
Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдешке Тогуз-Тородон 2 бала, 2кыз катышып, байгелүү орундарга жетишти.
15-февраль Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата Тогуз-Торо райондук А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө «Ооган ыйы унутулбайт» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү.
Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Биринчи мугалим» сынагына Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Бекташова катышып, 2-орунду жеңип алды.
Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форуму райондогу активист айымдар үчүн “Айым лидерлиги” деген темада иш- чара өткөрүлдү.
Райондук жаштар биримдиги, Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкана жана А.Сыдыков атындагы маданият үйү менен биргеликте райондук деңгээлде элибиздин жан дүйнөсүн китеп аркылуу байытуу максатында иш- чара өткөрүлдү.
2021-жылдын 10-январында КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү өнөктүгүнө карата Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жайгашкан №2087 Кара-Суу шайлоо участогу өз ишин алып барууда.
Тогуз-Торо районунда өрт кырсыгы болуп, Санирабига Бекмамет кызы 5 баласы менен убактылуу жашаган батириндеги эмеректер, балдардын кийимдердин бардыгы өрттөнүп кетти. Учурда жалгыз бой эне жардамга муктаж болууда. Өрт кырсыгы …
2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын 70 алдыңкы студенттери Президенттик стипендияга татыды. Ал эми Тогуз-Торо районунун 22 жаштагы тургуну Диана Кенжебекова 70 алдыңкы студенттин катарын толуктады.
Пандемияда Тогуз -Торо районунун тургуну Бекболот Кошматов Тогуз -Торо районунун 5 айыл өкмөтүнүн 100 үй бүлөгө 1 кап ун, 3 литр суу май, 5 кг макарон жардам көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөр, жарандардын коопсуздугу жөнүндө санитардык эпидемиологиялык алгоритмди так аткаруу боюнча окутууга, участкалык шайлоо комиссиянын төрага, катчылары мүчөлөрү катышты.
Оорунун жай мезгилдегиден айырмачылыгы экинчи толкунда женил өтүүдө, башкача айтканда бейтаптар жеңил түрү менен ооруп, үй шартында дарыланышууда. Окуучулар арасында оору катталган жок. Бүгүнкү күнгө жалпы 62 учур болду.
Тогуз-Торо районунда айымдарды өнүктүрүүгө багытталган борборлор барбы? Же болбосо элеттеги айымдар үй тиричилиги менен гана элекпи? Алар өзүн – өзү өнүктүрүүгө, саламаттыгына кам көрүүгө, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө айыл жергесинде кандай …