Терек-Суу айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу жай бар. Эркин күрөш менен машыккан жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багынтып, алды дүйнөлүк жана республикалык деңгээлде күрөшкө катышып жаткан кези.
Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 10-апрель күнү мугалимдер жана дарыгерлер арасында “Спорт — ден-соолуктун булагы” аталышындагы волейбол мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдеште мугалимдер дарыгерлерден алдыга озуп чыгып, ийгилике жетишти.
«Таза айыл, таза жаштар» акциясына Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинен 68 окуучу катышып, өз салымдарын кошушту.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин короосунун пайдубалы куюлуп, аны 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү колго алды.
Ноокат районунун Байыш айылына электр энергияга кеткен чыгымды тогүү үчүн касса ачылды. «Ош электронун» буйругу менен ачылган кассага эми тургундар алыс барбай эле өз айылынан электр жарыгына акча төлөй алышат.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ооруканада көрктөндүрүү ишин жүргүзүштү. Анда имараттын айланасындагы арчалар акталып, 150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде жаз алды менен мектепти жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Бул иш-чара мектептин директору Турсумкан Абдыгулованын жана мектеп жамаатынын демилгеси менен ишке ашууда.
Кара-Суу айылы дыйкан менен малчылардын айылы. Ошол себептүү биз сиздерге айылыбыздын жаш фермери, малчысы Ибраимов Эмил тууралуу айтып берели.
Чоң-Арык айылынан чыккан ырчы Бектур Шаршеналиев окуучулар менен маек куруп, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында эшектер жоголуп, союлуп кеткен учурлар көп катталууда. Эшектердин күчү жана жардамы менен айыл тургундары өз жумуштарын бүтүрүшчү.
Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргоол акынга азыркы убакта Чоң-Арык айылында музей тургузулган.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары бала бакча жоктугунан кыйынчылыктарга душар болууда. Айылда бала бакчага бара турган балдардын саны 150гө жакын.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы жыгач, темир уста Азамат Маматемин уулу дарбаза, эмерек, шып, стол жасайт. Бул иш менен жети жылдан бери алектенет.
Райондогу орто мектептердин окуучулары аралык спартакиада бул жолу үч өрөөндө бир эле учурда Н. Жыргалбекова, Ж. Сатылганов жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.
Жакында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кара-Суу айыл өкмөтүндө болуп, өкмөттүн төрайымы Насипа Жээнбаева менен айыл көйгөйлөрү тууралуу маек куруп келдик.
Кара-Суу айылынын чоң көйгөйлөрүнүн бири спирт ичимдиги. Тойлордо көп колдонулуп, жаштардын арасында ичимдик ичкендер, айылдагы коопсуздукка кедерги тийгизип жаткандыгы тууралуу сөздөр болууда.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылына даарылоочу аппарат келди. Бул аппарат белге, бутка, бөйрөк, гемморой ооруларына шыпаа болуп, денедеги туздарды тер аркылуу чыгарат. Негизинен бул аппарат пар сыяктуу. Анын ичине тушкөн адам …
Кошбулактагы минифутбол стадионунда бүгүн Сүлүктү шаардык минифутбол оюну өтүп жатат. Бул иш чара мэрия тарабынан уюштурулган. «Бүгүнкү мелдешке Сүлүктү шаарындагы мекеме ишканалардан 14 команда ат салышып жатат. Оюндун шарты 10 …