Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак болуп өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда: 1. Согуш жылдарындагы ырларды …
Сот адилеттигинин Ак-Талаа районунда ишке ашырылышы, сот-укуктук реформасы, жарандардын кайрылуулары тууралуу Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Райымкулов Эрмек менен маекти сунуштайбыз. — Ак-Талаа райондук сотуна жергиликтүү тургундар кандай маселелер менен көбүнчө …
Ак-Талаа районунда жаш ойлоп табуучулар арасында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, анда алдыңкы орундардын жеңип алган окуучулар, облустук турга жолдомо алышты.
Ак-Талаа районунда жылдагыдай айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу боюнча үч айлык жарыяланды. Анын алкагында аймакка караштуу бардык айылдарда айыл тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгышат.
Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия …
Кыргыздын улуттук майрамы болгон Нооруз өзгөчө шаң менен өтөт. Күн менен түн теңелген жаз майрамын кыргызда жаңы жыл катары белгилеп келишет. Ак-Талаа районунун Жеңиш сейил багында көктөм майрамына карата салтанаттын биринчи …
Быйыл Ак-Талаа районунда улустун улуу күнү Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленүү алдында турат. Бул үчүн даярдыктар башталды. Тактап айтканда, «Арыба, кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бүгүн райондун …
Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага райондогу мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 …
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана 5-март ак калпак күнүнө белгиленди.
Ак-Талаа районунда мекемелер, спорт сүйүүчүлөр арасаныда волейбол боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш 5-март КРнын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналып, райондук сот кызматкерлери демилгеси менен уюштурулду.
Нуржан Садыриева учурда Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 3 чакырым жөө жол басып, фельдшер болуп эмгектенет. Нарын шаарында төрөлүп-өскөн каарманыбыз аталган шаардагы медициналык окуу жайдан билим …
Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” таймашы болуп, ага райондогу 18 мектептен 32 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө Саякбай Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилди. Ошондой эле суроолор эпостогу кайсы окуяга …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата бир катар салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Атап айтканда мектепте бир күн бою мугалимдер кыргыздын улуттук, ал эми …
9-февраль тиш доктурлардын эл аралык күнү, айрым жерлерде тиш ооруларынын күнү катары дагы белгиленет. Акырындап кеңири жайылып келе жаткан кесиптик майрамдардын бири. Тиш адам баласынын көркү. Аны сактоо, убагы менен …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында хоккей оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Нарын кышы» фестивалынын алкагында уюштурулуп, жалпы 8 команда …
Алтынай Нурдинова учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация бөлүмүндө 4-курста билим алат. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун Президенттик стипендиясына татыктуу болгон. Каарманыбыз окуудагы ийгиликтери тууралуу ой-бөлүштү.
Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында айыл өкмөттүн мурдагы имараты бала бакчанын кошумча корпусу катары пайдаланууга берилди. Бүгүн анын ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасы кесилди.
18-январь күнү Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде республикалык олимпиаданын II баскычы башталды. Ага райондун аймагындагы орто мектептерден 415 окуучу катышууда.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.