Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ысык-Көл

Таштак жерлердеги жемиш бактары

Балыкчы токой фондусунда өндүрүмдүүлүгү төмөн жана кайрак жер тилкелери арбын. Учурда анын 500 гектардан ашык жерине жемиш бактары тигилген. Таштак жерге тигилген жемиш бактары акырындап түшүмүн берүүдө. Аны иштетүүгө тартылган …

Ысык-Көл облусунда сүт чарбасын колдоого пайызсыз насыя бериле баштады

Даярдаган: Аида Молдалиева

АЙНУРА УЗАКОВА: Бүгүн биздин айылдын үйлөрүндө суу, кир жуучу машина жана душ бар

Мундуз айылы, Ысык- Көл облусу Мындан  аркы  баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт Көрсө долбоорлор, гранттар өтө көп экен, алардын көбү жөнөкөй жашоочуларга чейин жетпей калат экен. Ал эми жеткендерин мен дайыма …

БИБИГУЛЬ БУПЕБАЕВА: Биз мал уурдоону түп орду менен жок кыла алдык

Липенка жана Кабак айылдары, Ысык- көл облусу  Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт.     Мен Кабак айылында жашайм. Ал Ысык- көл облусунун, Жети —  Өгүз району. «Айыл жашоосу» Коомдук …

БОЛОТ КЕНЕНБАЕВ: Мен уникалдуу маданият борборун түздүм

Корумду айылы, Ысык – Көл облусу Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт. Мен 20 жыл элден артта калып, эч нерсеси жок жашадым, идея жөнүндө ойлонуп гана жүрдүм. Уялбастан айтам, айылдагы …

ЖАҢЫЛ БАИШЕВА: Биз биригип, элдик кол өнөрчүлөр борборун ачтык

Бөкөнбаев айылы, Ысык – көл обулусу Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан  жүргүзүлөт. Советтер Союзу кулагандан кийин биз аялдар менен ар кайсы жерлерде иштедик. 1995- жылы Ысык – Көл облусунун Бөкөнбаев …

Нооруз жаңы күндүн, жаңы жылдын башаты

Ысык-Кɵл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу 1 айылында 21-март күнү күн менен түн теңелгендигине байланыштуу Тɵрт-Күл айыл ɵкмɵтүндɵ Нооруз майрамы белгиленди. Аталган майрамга 5 тен ашык айыл катышып жеңүүчү табылды.  

Туура-Суу 1 айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп баштады

Ысык- Көл облусунун Туура-Суу 1 айылындагы футбол аянтчасы жаны үлгүдө жасалып жатат. Бул айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.  

Айылдагы күнөскана жемиштерин берип жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу 1айылында күнөскана ачылганына аз убакыт болду. Күнөскана мектептин аянтында жайгашып, мектеп жетекчилигини астында иш алып барат. Учурда күнөсканада жемиштер бышып, сатылып баштады.  

Токтояндык окуучулар таруудан айнек бетине сүрөт тартуу сынагына даярданууда

Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан, Түп району боюнча сынак өткөнү жатат. Бул сынакка таруу менен айнек бетине түшүрүлгөн сүрөттөр көрсөтүлмөкчү. 

Тасмада тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү

23-сентябрь өлкө боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себептен бүгүн Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.

Тасмада мектеп окуучулары табият кырсыктарына даяр туруу боюнча көнүгүү жасашты

Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себептен Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.

Карасаев айыл аймагына ФАО уюму тарабынан техника жана малдар берилди

Түп районуна караштуу Карасаев аймагына Швейцариянын өкүлдөрү тарабынан жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чаранын максаты — айыл тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуу.

Тасмада мектеп терезелери пластикке алмаштырылды

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин терезелерин долбоордун алкагында пластик терезелерге алмаштырылды. Аны менен бирге текчелери жана сырткы эшиктери да жаңыланды. Оңдоп-түздөө иштери бир айга чейин созулду.

Тасма: Мектеп окуучулары жайкы эс алууну кандай өткөзүштү?

Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.

Тасма: Мобилдүү клиника айыл элине кызмат кылды

Түп районуна караштуу Тасма айылында мобилдүү клиника бир күн айыл элине кызмат кылды. Аталган клиника тургундардын ден-соолугун бекер текшерди.

Чоң бет кичи жайлоосу эс алуучуларды өзүнө тартууда

Түп районундагы бул жайлоо кооздугу менен эс алуучуларды өзүнө тартып келет. Эс алып келгендердин көпчүлүгү шаар тургундары.

Тасмада мектеп терезелери пластиктелет

Буга чейин Тасма айылындаг Асан Сопиев мектебинин терезелеринин абалынын начар экендиги туурасында “Нур FM” ЖМБнын  кабарчылары жазып чыккан эле. Андан соң мектептин эски, иштен чыккан терезелерин жаңы пластик терезге алмаштыруу …

Токтоян: Мектепте ремонт иштери аяктап калды

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде ремонт иштери соңуна чыгып калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу быйыл мектеп иштери кеч болуп жатат.

Токтоянга жүн тытуучу аппарат келди

Буга чейин айыл тургундары жүндөрүн башка жактарга алып барып, же өз колдору менен көп убакыт коротуп тытып келишкен. Айылга бул жүн тытуучу машина элдин  сунушу менен Атрадный айылынан алынып келинип, …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...