Кочкор районунун Төлөк айылына караштуу айылдык 1 китепкана бар. Пандемия учурунда окурмандар азая түшкөнү менен, китептер айыл өкмөтү тарабынан үзбөй толукталып келе жатат.
Республикалык мектептер арасында футбол оюну боюнча лига оюну 2021-жылдын күз айында башталган. Бул оюндун финалдык туру 16-январь күнү жыйынтыкталды. Ал эми бул лигага «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары тарабынан түзүлгөн команда …
Өлкөдө Ковид-19 илдетинин жаңы түрү деп белгиленген омикрон штаммы менен ооругандар катталууда. Омикрон штаммы боюнча Төлөк айылында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага карата даярдыктар жүргүзүлүүдө.
«Аял-күзгү» подкасты Кыргызстандагы аялдар, алардын ишмердүүлүгү, коомдогу орду, жараткан ийгиликтери жөнүндө маалыматтарды берет.
2022-жылдын 15-январында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчыев Төлөк айылына келип, элдин көйгөйүн угуу менен катар, 2022-жылы аткарыла турган иштер менен тааныштырып кетти.
13-14-январь күнү боло турган ройондук олимпиадага Соң-Көл орто мектебинен 9 окуучу барат. Алар 9-10-11-класстын окуучулары. Окуучуларды атайын сабактан берген мугалимдер даярдашты. Олимпиада райондун борборундагы Калыгул Бай уулу орто мектебинде өтөт. …
Төлөк айылында пандемия учурунда ветврачтардын иш алда канча көбөйгөн, анткени мамлекет тарабынан мал жандыкка идентификациялоо иштери мындан үч жыл мурун башталган.
Айыл ичинде түзүлгөн «Соң-Көл» көк бөрүчүлөр командасы 3 жылдан бери ынтымак оюнуна катышып келишет. Бул оюн пандемияга карабай уланууда.
Пандемияда онлайн сабак болгону баарыбызга белгилүү, ошол убакта окуучулардын көпчүлүк убактысы бош өттү. Айрымдары ата-энелерине жардам берсе, кээ бири китеп окуу менен алек болушту.
Төлөк айылында акыркы 3 айдан бери Ковид-19 менен ооругандар каттала элек. Айыл элинин бир тобу жайында-күзүндө сыртка чыгып, ооруну жуктуруп келип жатышкан. Азыр көбү кыш келип үйүндө болгонгобу, ооругандар жок …
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Алтынбек Асранкулов пандемия учурунда жасалган иштери менен бөлүштү.
«Соң-Көл» орто мектебинде 10-декабрь күнү «Ч.Айтматовдун каармандары сахнада» аттуу сабак-сахна өткөрүлдү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова уюштурду. Окуучулардын аткаруу чеберчиликтери катышкан мугалимдер тарабынан бааланды.
«Соң-Көл» орто мектебинде 9-декабрь күнү «Улуттук адабият» күнүнө карата акыл ордо оюну болуп өттү. Сынакта Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө суроолор түзүлүп, 3 тур менен өттү, жалпы 10 окуучу …
7-декабрдан баштап «Соң-Көл” орто мектебинде “Улуттук адабият” күнүн белгилөө иш чарасы башталды. Бул иш чара жуманын аягына чейин уланат. Бүгүн 5-11-класс аралык көркөм окуу сынагы болуп өттү.
«Соң-Көл» орто мектебинде 23-ноябрдан 3-декабрга чейин «Табигый илимдер» усулдук бирикмесинин 10 күндүк иши болуп өттү. Бул күндөрү мектептин математик, физик, информатик, химик, биолог, географ мугалимдери ачык сабактарды, ачык тарбия сабактарды …
Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан. Айыл тургундары көпчүлүк жумушту райондон бүтуруп келүүлөрүнө туура келет. Айрым гана элдер өздөрүнүн унаалары менен барбаса, көпчүлүгү айылдык таксилер менен барышат. Бүгүнкү күндө …
«Соӊ-Көл” орто мектебинде 6-11-класстарга кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, психотроптук заттардын зыяндуулугу боюнча лекция уюштурулду.
28-ноябрь күнү баардык жерде шайлоо болуп өткөнү турат. Ошону менен бирге Төлөк айылында шайлоого карата даярдыктар жүрүп жатат жана шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат.
Төлөк айылында жылына 50гө чукул энелер көз жарышат. Айылда атайын төрөткана жок болгондуктан, алар райондун борборуна барышат. Тогуз айына чейин ФАПтын кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушуп андан соң карточкалары өздөрүнө берилип, төрөтканага …
Кочкор районунун Төлөк айылында 1500дөй калк бар. Аларды тейлөөдө айыл өкмөттүн орду чоң. Ал эми ковид-19 илдети менен күрөшүүдө айыл өкмөттүн кызматкерлери мекемелер, айыл тургундары менен тыгыз иш алып барышууда.