Төлөк айылында дүкөндөр аз жана чакан болгонуна байланыштуу, айыл тургундары райондун борборунан соода кылышат. Дүкөнчүлөрдүн алып келген азык-түлүктөрү айыл жергесине кымбат келет, себеби айыл райондун борборунан алыс болуп, жол кире …
Күз мезгили келип, жер-жерлерде той-аштар күчөгөн мезгил. Жакшы саамалык көп болгону жакшы, бирок эл ооруну унутуп калгандай, санитардык эрежелер да сакталбай калды.
Төлөк айылынын башкы дарыгери өлкөдө айтылып жаткан Ковид-19 илдетинин 4-толкуну болуп калса, ага даярдыктар көрүлүп жатканын маалымдады.
Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин 2000-жылдын бүтүрүүчүсү Каныбек Кылычов 23-октябрь күнү мектепке жана бала бакчага чакан эмеректерди алып келип тапшырды. Белекти тапшыруу аземине айыл өкмөт, мектеп кызматкерлери, бала бакчанын кызматкерлери …
2019-2020-окуу жылдарында «Соң-Көл» орто мектебинде алыскы Америкадан Коди Ариго аттуу ыктыярчы келип иштеген. КОВИД-19 илдети чыгып, тилекке каршы Коди Ариго мөөнөтүнөн мурда өз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон. Бирок быйыл жай …
Төлөк айылында «Фаризат» бала бакчасында 2 тайпа бар, жалпысынан 50гө чукул балдар тарбияланышат. Ал эми «Соң-Көл» орто мектебинде 320га чукул окуучулар окуп-тарбияланышат. 15-сентябрдан бери балдардын окууга келүүсү, бөбөктөрдүн бала бакчага …
Төлөк айылында Ковид-19 илдетин жуктуруп алгандар, аны менен катар каза болгондор да бар. Жай айларынды бул илдет тездик менен тарап, ооругандардын саны өсүп кеткен. Ал эми акыркы эки ай ичинде …
Төлөк айылында спортко кызыккан жаштар көп. Алардын көпчүлүгү көк бөрү, футбол, ордо оюндарын ойношот. Көк бөрү боюнча айылдын курама командасы облустук турларда жеңүүчү болуп келишкен. Аны менен катар ордо оюну …
«Төлөк» айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде кызмат өтөп кеткен эжей-агайлар бар. Ал мугалимдер азыр эс алууда болсо дагы мектептин ардак тактасына жазылуу. Макалабызда ардактуу мугалимдер тууралуу айтып беребиз.
«Соң-Көл» орто мектебине 300гө жакын окуучу быйылкы окуу жылына тартылды. Окуучулар мектеп формасы менен ата-энелер тарабынан камсыз болушкан. Санитардык эрежелерди сактоо максатында окуучулар беткап тагынып, антисептик алып жүрүшүүдө. Бүгүнкү күндө …
Бишкекте жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан уюштурулган «Жаш кабарчы» жайкы лагерине Соң-Көл жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчы кабарчысы Айпери Марлес кызы катышып келген. «Жаш кабарчы» жайкы лагеринен 12 күн бою алган билимин …
Төлөк айылындагы жаштардын көбү жумуш издеп шаарга кетишкен. Бирок КОВИД-19 илдетинин кесепетинен айылга кайтып келгендери да бар. Ал эми айрым жаштар шаарга баруудан баш тартышып, айыл түйшүгү менен алектенишүүдө.
Марафон Кочкор районундагы бардык айыл аймактарында ийгиликтүү болуп, ошондой эле Төлөк айылынын тургундары дагы өз салымын кошуп жатышат.
Кочкор районунун Төлөк айылында акыркы бир ай ичинде Ковид-19 илдетине чалдыккандар каттала элек.
Кочкор районун Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан, климаты оор болгондуктан дээрлик дыйканчылык кылууга болбойт. Эгин, жашылча-жемиштер, мөмө жемиштер райондон ортомчу соодагерлер аркылуу алынып келинет.
Кочкор районунун Төлөк айылы райондон алыс жайгашкан, климаты катаал болуп саналган айылдардын бири. Кышкысын кар жатпаса да бул айылда кыш катуу кармайт. Ошондуктан айыл эли кыштын камын эрте көрүшөт.
Төлөк айылы тоолуу, кичинекей айыл болгонуна карабай, бул айылдан кыргыз элине аты таанымал болгон инсандар көп чыккан. Алардын алды «Маданияттын мыкты кызматкерлери» наамына да ээ болушкан. Ал эми бүгүнкү күндө …
Окуу жылынын мөөнөтү бир узаргандыктан айыл эли жапырт окууга даярдана элек. Кочкор районунун Төлөк айылында 300гө жакын мектеп жашындагы балдар бар. Бүгүнкү күндө көпчүлүгү өз үйлөрүндө жайкы эс алууларын өткөрүп …
Бүгүнкү күндө заман талабына ылайык баарыбызда уюлдук телефон бар. Андагы келген маалыматтардын чын-төгүнүн билбей туруп, башкаларга тез бөлүшүүгө шашабыз. Акыркы күндөрү өлкөдө башталган эмдөө иш-чарасына фейк маалыматтардын тез тарашынын кесепетинен …
Кочкор районунун «Соң-Көл» орто мектебиндеги мугалимдердин 88% эмдөөдөн өтүштү.