Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: sumbulafmkm

Лейлек жергесинде күрөш өнүгүүдө

Лейлек районунун Раззаков айылында 24-декарбь күнү райондук деңгээлдеги күрөш мелдеши болуп өттү. Күрөшкө райондун ар кайсы айылдарынан балбандар келип, өздөрүнүн күчүн сынашты.

Лейлектин чемпиону аталган короз Андаракта

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Эрмек Бабакулов эки жылдан бери короз багып келет. Анын корозу 12-ноябрда өткөн короз урушта район чемпиону болду. 

Андаракта кароосуз иттер көбөйүүдө

Лейлек районунун Андарак айылында кароосуз калган иттер көбөйүүдө. Айыл ветеринарынын айтымында, буга иттердин көптөн бери атылбай жатканы себеп болууда.

Сумбуланын жаш актёрлору райондук тегерек столго катышты

Лейлек районунун Исфана шаарындагы Гагарин орто мектебинде райондук  деңгээлде “Өнөктөштүк ийгиликтин ачкычы” деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул жыйында Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган …

Андаракта жаңы чайкана ачылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Искра айылында жаңы чайкана ачылды. Аны айыл тургуну Гайбулла Умаркулов салган.

Сумбулага селден коргоочу тосмолорду коюу 2017-жылга пландалды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагы сел көп келүүчү жана коркунучка дуушар болуучу аймак болуп саналат. Учурда селден коргонуу үчүн селканалардын четтерине тосмолорду коюу иштери пландалды.

Андаракта форум театр өттү

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде форум театр өткөрүлдү. Бул аркылуу окуучулар коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү сахналаштырып көрсөтөт.

Андарактагы эгин талааларын суугарууга багытталган чоң түтүктөн суу чыкпай калган

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына СССРдин убагында мамлекет тарабынан коюлган трубадан суу чыкпайт. Суу түтүгү аркылуу айыл аймагындагы эгин талаасын жана жайлоодо жашагандарды суу менен камсыздап турган.

Андаракта мектеп кайрадан жабылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймаганында тумоологондордун саны көбөйүүдө. Сасык тумоодон улам Сумбула айыл аймагындагы мектептер кайрадан жабылды.

Сумбула айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 80-28 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана элдик добуш берүү ийгиликтүү өттү. 1242 шайлоочудан 433 шайлоочу келди.

Андарак: Манас орто мектеби качан ачылаары белгисиз

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тумоологондордун саны көбөйүп мектептер жабылды. Бул тууралуу Манас орто мектебинин директору Тажимурат Марипов менен маек курдук.

Тумоологондор көбөйүп, Сумбула айыл аймагындагы мектептер жабылды

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алганына байланышттуу мектептер жабылды.

Андаракта мектептин от казаны оңдоп-түзөөдөн өттү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..

Андаракта поликлиниканын чатыры менен эшик-терезелерин жаңыланууда

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы поликлиниканын чатыры жана эшик-терезелерин жаңыланууда. Бул атайын айыл тургунунун жазган долбоору менен ишке ашууда.

Андаракта окуучулар олимпиадага даярданууда

Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектеби зоналык олимпиадаларга даярданууда. Буга чейин аталган мектептин окуучулары олимпиадада зоналык, райондук жана облустук деңгээлге чейин катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.

Андарактын волейболчу кыздары зоналык турнирге даяр

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин кыздар волейбол тобу алдыда боло турган зоналык жана райондук мелдештерге даярданууда. Кыздардын тобу учурда райондун мектептерине барып, жолдоштук беттештерге катышууда.

Андарактын тургуну Чыңгызбек алатоо пародасындагы өгүздөрдү багат

Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Чыңгызбек Саттаров учурда алатоо пародасындагы өгүздөрдү багып жатат. Ал буга чейин швед пародасындагы өгүздөрдү багып, ошону менен бизнес кылып келгенин айтат.

Андарактык Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багат

Лейлек районундагы Андарак айылынын тургуну Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багып, алар менен улак тартыш оюнуна катышып келет. Ал аттарын Өзгөн шаарынан жана Орусиядан алып келген.

Андаракта төрөт үйүнүн жоктугу айылдыктарга кыйынчылыктарды жаратууда

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы төрөт үйү маселеси көптөн бери чечилбей келет. Төрөт үйү мындан эки жыл мурда акушер, гинеколог жоктугуна байланыштуу жабылып калган болчу.

Андарак: Окуучу Жумадыл эки жылдан бери коёндорду багып келет

Лейлек районунун Андарак айылындагы мектеп окуучусу Жумадыл Егемназар уулу эки жылдан бери коёндорду багып, аларды көбөйтүп келет. Учурда анын колунда эки эркек, 15 ургаачы коёну бар. Жумадыл мындан ары да коёндорду көбөйтөөрүн айтат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...