Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.
Ак-Талаа районунда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктүн алкагында карагат, кара өрүк, терек жана башка бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, ага жергиликтүү эл, жаштар көмөк көрсөтүүдө.
Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Алиппе” майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул майрам окуучулардын билим жолундагы алгачкы ийгиликтерин даңазалаган өзгөчө күн болуп, жогорку деңгээлде уюштурулду.
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жергиликтүү тургундар тарабынан мүрзөнүн 800м узундукту тузгөн айланасы толугу менен тосулду.Айылдын башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, бул иштин негизги максаты мүрзөгө мал кирип, тартип бузулушунун алдын алуу.
КРнын Президенти С.Жапаровдун колдоосу менен Баетов айылындагы Адилет сейил багында башталган жаңы заманбап улуттук парктын жана спорт комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул ири долбоордун жалпы аянты 9 гектарды түзүп, толук …
Кочкор районунун айылдарынын ички жолдорун оңдоого, ирригация маселесин чечүүгө, элет элинин негизги көйгөйлөрүн жоюга шарт түзүлдү. Ал үчүн Кочкор районуна заманбап грейдер, погрузчик, цемент куйгуч жана чоң жүк ташуучу HOWO …
«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык …
Кара-Кече көмүр кенин байланыштырган жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу уланууда. Долбоордун алкагында Балыкчы–Кочкор темир жолу 2022-жылдын 31-мартында башталган. Узундугу 63 чакырымды түзгөн бул тилкени үстүбүздөгү жылдын 31-августунда …
Гепатит С бул боорду жабыркатуучу кооптуу вирустук оору. Ал көп учурда белгилери билинбей өтүп, акырында өнөкөт түргө өтүп кетиши мүмкүн. Ушул себептен эл арасында “жумшак өлтүргүч” деп да аталат. Кочкор …
Чернобыль кырсыгына быйыл 40 жыл толду. Ушул датага карата эскерүү иш чарасы уюштурулуп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Макеева Астра Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айлында туулган. Алгач Нарындагы педагогикалык окуу жайды, кийин Нарын Мамлекеттик Униеврситетин сырттан окуп бүтүргөн. Кесиби бонча башталгыч класстын мугалими. 50 жаштагы каарманыбыз учурда Байгөнчөк айылындагы …
Ак-Талаа районуна ички көчөлөргө жана чоң жолдорго суу чачып туруу үчүн 2 даана суу чачкан атайын унаалар берилди.Маалыматка ылайык, техникалар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен алынган. Анын бири Баетов …
Токтогул шаардык мэриясы муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, инфраструктураны жакшыртуу иштерин активдүү баштады. Жаңы алынган техникалар салтанаттуу тапшырылгандан кийин дароо ишке киришип, шаарга караштуу айылдардын жолдорун иретке келтирүүдө.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында элдик салым менен кудай тамак өткөрүлдү. Иш-чара жамгыр жаап, жерге береке түшсүн, эл ичинде тынчтык болсун деген тилек менен уюштурулду.
Кочкор районунда жаңы социалдык дүкөн иштеп баштады. Дүкөн Ормон Хан айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында жайгашып, аны «Адал Азык» ЖЧКсынын «Тойбосс» ишканасы ачты.
Токтогул районунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Болотбек Борбиев жана Гүлшаркан Култаева баштаган жумушчу топ жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү..
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 35 жаштан жогору жигиттер арасында волейбол боюнча турнир уюштурулуп, спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул мелдеш аймактагы тургундардын сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана …
Бүгүн Кочкор районунун Жыргалбек Абдыкалыков атындагы Маданият үйүндө Кочкор районунун жигиттери жана Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын кыздары » Кыз-жигит сармерден» оюнун уюштуруп, Кочкор районунун жергиликтүү тургундарына ыр майрам кечесин тартуулашты.
А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде 22-апрелде мазмундуу жана таасирдүү иш-чара болуп өттү. Мектеп жамааты кыргыз элине белгилүү инсан — мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, …
«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.