Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмаз Раевдин демилгеси менен Анара Момунова жана Асел Дуңганаева болуп “Лидерлик жана Эдвокаси” аталышында тренинг өткөрүштү.
Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин өсүмдүк өстүрүүчү (фермер) группасынын студенти Орозобек Салмоорбеков, өзүнүн чоң күнөсканасын Кочкор районунун Кара-Суу айылына салды.
Т.Кулатов айыл өкмөтүндө экологияны коргоо, таза сактоо максатында социалдык мекемелерде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликти Кулатов айылынын өкмөт башчысы уюштуруп, айыл өкмөттө иштеген кызматкерлер ишембиликке чыгышты.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Рахатбек Эсенгуловдун үй-бүлөсү туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга аракет кылып келишет. Алар биринчи кезекте таштандыны бөлүп таштоону үйрөнүшсө, азыркы учурда жоопкерчиликтүү керектөө жагын колго …
31-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучуларына «Жайытты туура пайдалануу жана сактоо» деген темада тренинг болуп өттү.
Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмазбек Раев “Кара-Тоо айылынын бадалдуу токойлорун сактап калуу боюнча жергиликтүү жамааттын ролу” деген долбоор менен семинар өттү.
Кочкор районуна караштуу Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара- Суу айылында көп жылдан бери таштанды маселеси чечилбей келүүдө. Акыркы учурда жергиликтүү тургундар ал жерге таштанды гана эмес, малдын өлүгүн дагы ыргытышууда.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылынын айыл өкмөтүндө жыйын уюштурулду. Жыйында жакынкы аралыкта Соң-Көл көлүн сактоо боюнча фестиваль болору айтылды.
Жайыл районунун Суусамыр айылында үч гектар жерге чычырканактын көчөттөрү отургузулуп, жергиликтүү тургундарга жумуш орду түзүлүүдө. Отургузулган чычырканактын үч түрү бар.
Кыргызстандын аймагында боек катары колдонулуучу 80 ге жакын өсүмдүктүн түрү бар. Күнүмдүк-тиричиликте да кеңири пайдаланышкан. Учурда синтетикалык боектор пайда болгону менен табигый боекторду өндүрүү менен алектенгендер дагы жок эмес. Мунун …
29-апрелде Германиянын жаратылышты коргоо уюму тарабынан Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин айланасына 1200 түп тикенеги жок чычырканактын көчөтү отургузулду.
Борбор калаанын көчөлөрүндө бош жүргөн иттер, шаар тургундарын кооптондурат. Алардын арасынан көчөдө элди каап алган учурлар дагы кездешкен. Мындан улам ит атарлар, иттердин санын кыскартууга аракет кылышса, айрым шаар тургундары …
ГЭФ ПРООНдун долбоору менен “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмазбек Раевдин демилгеси менен, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы, бадалдуу токойдун жээгине бак-дарактар отургузулду.
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу боюнча бир катар иш-чара болуп өттү.
«Жашыл мурас» акциясынын алкагында жаштар тарабынан 2 гектар аянтка 1700 даана жаңгак көчөтү тигилди.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрт чыккан. Өрт жалпысынан 3,5 га жерди каптап күч түзүм жана элдин жардамы менен өчүрүлдү.
Бүгүн Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылынын кире беришине «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында 48 даана ийне жалбырактуу карагайлар отургузулду.
Базар-Коргон шаарындагы О.Атабекова инновациялык-гимназия мектебинде үч күнгө созулган «Театр ыкмасын» сабакта колдонуу боюнча тренинг өттү.
Ысык -Көл облусунун жалпы жалпыга маалымдоо кызматерлери «Журналисттер үйү» коомдук бирикмесинин демилгесин «Кумтөр голд компанисинин» жана Каракол шаардык мэриясынын колдоосу менен «Журналисттердин аллеясын» көрктөндүрүштү.
Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоо максатында айыл жаштары демөөрчүлүк кылып мектепке 200 түп алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.