Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Сүрөт: Ооган-Талаада алиппе майрамы болду

Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде 1-классынын алиппе майрамы болду. Майрам окуучулардын ата-энелеринин катышуусу менен өттү.

15 Апрель 2016 жыл 13:00

Баетов: Мектепте космонавтика күнү белгиленди

Адам баласы алгачкы жолу космоско учкан жылдан бери 55 жыл өттү. Мына ушуга байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 12-апрель космонавтика күнү белгиленди.

15 Апрель 2016 жыл 7:39

Баетов: Мугалимдердин райондук сынагы жеңүүчүлөрдү аныктады

Ак-Талаа районунда мугалимдер арасында кароо-сынак эки айлампа менен өтүп, ага жалпы 15 орто мектептин мугалимдери катышты. Ал эми финалдык турунда 5 мектептин мугалимдери үч тапшырма боюнча күч сынашты.

15 Апрель 2016 жыл 7:13

Акатов Дастан республикалык олимпиадага жолдомо алды

2016-жылдын 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги, Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси менен бирдикте уюштурган алтынчы класстар арасындагы областтык олимпиадага Кара-Талаа айылынын Болот Алаков орто мектебинин …

13 Апрель 2016 жыл 14:20

Ооган-Талаа: Окуучулар менен космоско саякат

12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.

13 Апрель 2016 жыл 9:07

Учкун: Окуучулар облустук “Манас таануу” таймашында 3-орунду ээледи

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин “Нур баян” тобу Нарын облустук “Манас таануу” сынагынан 3-орунга татыктуу болду. Аталган топ мектептин 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн.

12 Апрель 2016 жыл 21:27

Куу-Майдан: Көтөрмө айылында кесиптик лицей ачылды

Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган, бир кабаттуу жана 80 орундуу.

11 Апрель 2016 жыл 23:50

Чоң-Арык: Коргоол Досуевге 133 жыл болду

Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргоол акынга азыркы убакта Чоң-Арык айылында музей тургузулган.

9 Апрель 2016 жыл 10:48

Чоң-Арык: Айылга бала бакча керек

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары бала бакча жоктугунан кыйынчылыктарга душар болууда. Айылда бала бакчага бара турган балдардын саны 150гө жакын. 

8 Апрель 2016 жыл 18:20

Баетовдун орус тилинде ыр жазган жаш тургуну Адинай

Адинай Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Ал азыркы убакта орус тилинде ыр жазат. Анын көптөгөн чыгармалары бар.

7 Апрель 2016 жыл 15:57

Баетовдо “Бирге окуйбуз” долбоору жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Ажиев айылдык клубунда райондогу башталгыч класстын мугалимдеринин катышуусуунда аталган долбоорду жыйынтыктоо семинары болду. Анда мугалимдер жыл ичинде долбоордун алкагында жасаган иштери, жетишкен ийгиликтер, долбоордун пайдалуу жактары жөнүндө пикир …

6 Апрель 2016 жыл 7:07

Үч-Корон: Пушкин мектебинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленди

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде майрамдык кече болуп өттү. Анда окуучулар Жусуп Баласагындын өмүрүн, чыгармачылыгын сахналаштырылып, концерттик программала бийлер менен коштолду.

6 Апрель 2016 жыл 0:40

Андарак: Мектепте окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте спорттук мелдеш болуп өттү

Андарак айылындагы Манас орто мектебинде 5-апрель күнү окуучулардын ата-энелери менен биргелешкен спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага 7-классы аталары менен биргеликте катышты.

5 Апрель 2016 жыл 18:51

Баетовдо элдик революцияга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.

4 Апрель 2016 жыл 20:45

Баетов: Мектептердин уюштуруучулары тарбия маселелерин талкуулашты

Аталган иш-чара “Тарбия жакшысы — ата-эненин бактысы” деп аталып Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

4 Апрель 2016 жыл 20:32

Мугалимдердин республикалык кароо-сынагында Баетовдун мугалими баш байгени багынтты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.

4 Апрель 2016 жыл 13:37

Андарак: Балдар бакчасында орун жетишсиз

Лейлек районуна караштуу Искра айылында 2011-жылы Уулман Каразакованын демилгеси менен 50 орундуу “Байчежекей” балдар бакчасы ачылган. Учурда орун жетишпегендиктен балдар жатууга кыйналып жатканын билдирди тарбиячы.

4 Апрель 2016 жыл 13:22

Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү

Кыргыздын атактуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана анын агасы Нуркан Турсунбаев тууралуу айытып бермекчибиз.       Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү

1 Апрель 2016 жыл 21:12

Кара-Суу: «Ак кептер» долбоору ишке аша баштады

Жакында биздин айылдын мультимедиа борбору Клооп медиа менен бирдикте өзүнүн биринчи долбоорун утуп 1000 долларга ээ болду. Кененирээк маалыматты борбордун ыктыярчыларынан алсак.

31 Март 2016 жыл 20:37

Бакай-Ата районунда “жаз периси” атту сынак болуп өттү

Бул сынак Бакай-ата айылынын маданият уйундо 10-мартта кыздар арасында болуп өттү. Сынакка В.И.Ленин атындагы мектептин 9,10,11 классында окуган кыздары катышты. Сынак жогорку денгээлде өтүп кыздар өз өнөрлөрүн  кенен тартуулай алышты.Сынактын  негизги максаты кыздарды жоопкерчилике …

29 Март 2016 жыл 18:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...