Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Ой-Терскен мектебинде «Жабыркаган жаратылыш үнү» аттуу театр болуп өттү

29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.

30 Май 2021 жыл 16:58

Элеттик окуучу жогорку окуу жайда бекер окууга мүмкүнчүлүк алды

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.

30 Май 2021 жыл 10:55

Пандемия окуучулардын өнүгүүсүнө таасир бере албайт

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде дебаттык турнир болуп өттү. Турнирге жалпысынан 70 катышуучу катышып, орус жана кыргыз тилдүү командалар оюн көрсөттү.

30 Май 2021 жыл 10:24

Куланак: Китепканага жаңы энциклопедиялар алынат

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом …

29 Май 2021 жыл 15:31

Нарында «Китеп той- 2021» аталыштагы иш- чара болуп өттү

27-майда Нарында «Китеп той 2021» аталышындагы маданий иш- чара өткөрүлдү.

28 Май 2021 жыл 18:10

Мектепке 20 жылдык бүтүрүүчүлөр демөөрчүлүк көрсөтүштү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына   тапшырышты.

26 Май 2021 жыл 20:44

КОВИД-19: Бүтүрүүчүлөр окууну кандай аяктайт?

Быйыл ковид-19 пандемиясынан улам республика боюнча “Акыркы коңгуроо” аземи онлайн форматта өтмөй болду. Ошондой эле бүтүрүү кечеси, ар кандай жолугушууларды уюштурууга дагы тыюу салынган. Дарыгерлер былтыркы июнь айы кайталанбаш үчүн …

25 Май 2021 жыл 12:57

Сүлүктүдө жаш педагогдордун кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча тренинг болду

2021-жылдын 20-21-май күндөрү Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайында “Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу ыкмалары”- деген тема боюнча Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен чакан тренинг уюштурулду.

23 Май 2021 жыл 9:04

Сүрөт: 1-класстын окуучулары Алиппе китеби менен коштошушту

Нарын облусунун Кочкор районунун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде «Кош, Алиппе» майрамы пандемияга байланыштуу ата-энелер арасында гана өткөрүлдү.

20 Май 2021 жыл 21:25

Нарын районунун мектептери арасында дебаттык турнир өткөрүлдү

2021 — жылдын 16-май күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси, Нарын райондук билим берүү бөлүмү жана Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектеби тарабынан окуучулар арасында эки күндүк дебаттык турнир …

20 Май 2021 жыл 0:23

«Бир адамдан бир китеп» акциясы Чоң-Арык айылында да өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

19 Май 2021 жыл 11:11

Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына карата иш-чара өттү

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдык мааракесине арналган иш-чара болду.  Иш-чарага лицейдин жалпы окуучулары катышты. Анын өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу  студенттерге кеңири маалымат берилип, мугалимдер тарабынан …

19 Май 2021 жыл 10:14

Кара-Суу айылындагы китепканага ардагер мугалимдин ысымы берилди

Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы китепкананага Келдибек Эсенбаевдин ысымы ыйгарылды. Китепкана жаңы китептер менен толукталып, китеп сүйүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.

18 Май 2021 жыл 15:38

Окуучулар үчүн жайкы лагерге кабыл алуу жүрүп жатат

“Медиа Сабак” коомдук фонду Media Station жайкы лагерине катышуу үчүн жогорку класстын окуучуларын конкурстук негизде кабыл алат. Жайкы лагерь 2021-жылдын 1-июлунан 9-июлуна чейин Ысык-Көлдө өтөт. Буга 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандагы 8-9-10-класстын …

16 Май 2021 жыл 9:37

Кыргызстандын «Мыкты окуучусу- 2021» сынагына өтүнмөлөр кабыл алынууда

«Кыргызстандын мыкты окуучусу» республикалык долбоорунун алкагында башталган мыкты окуучуну тандоо сынагы бул жылы дагы уюштурулуп жатат. Ага 1-11-класска чейинки окуучулар тапшыра алат. Тандоо конкурстук негизде өтөт. Жеңүүчүлөр төш белги, күбөлүк, …

15 Май 2021 жыл 19:30

Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттар аралыктан өтөт

Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу  бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …

14 Май 2021 жыл 18:41

«Соң-Көл» орто мектебинде «Окуу керемет» долбоору старт алды

Кочкор районун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде USAID программасынын негизинде  уюштурулган «Окуу керемет» долбоору 1-4-класстардын арасында өткөрүлө баштады. Бул долбоор окуучуларды китеп окууга шыктандырып жатса, мугалимдер жаңы стратегиялар менен иштөөгө …

14 Май 2021 жыл 16:22

Айыл тургундардын мотивациясын жогорулатуу максатында окутуу болду

Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.

14 Май 2021 жыл 9:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...