Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Суусамырдагы мектепте орус тили жумалыгы өткөрүлдү

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде орус тили жумалыгы уюштурулду.Жумалыктын алкагында окуучулар орус тилинде ырдап, бийлеп, көркөм өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө …

30 Март 2026 жыл 12:44

Кочкор:12 жылдык билим берүү жана окуу китептери боюнча тренинг

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин табигый илимдер боюнча координаторлору тренинг өтүп беришти.

30 Март 2026 жыл 8:58

Акталаада «Мектеп лигасы-2026» старт алды

Бүгүн  Ак-Талаа районунда «Дүйнөлүк бийиктик, улуттук дем, уңгу жол» саамалыктын жана «Кылмышсыз келечек» аталышта окуучулардын «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдеши старт алды.

29 Март 2026 жыл 11:50

Жаштар үчүн медиа Bootcamp өттү: “Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!”

2026-жылдын 24–26-март күндөрү жаштар үчүн медиа багытындагы атайын Bootcamp ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара “Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!” долбоорунун алкагында уюштурулуп, жаштардын медиа сабаттуулугун жогорулатууга, жарандык активдүүлүгүн арттырууга жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн …

28 Март 2026 жыл 21:11

Акталаалык окуучулар математика сабагы боюнча сынакта алдыңкы болушту

Математика сабагы боюнча өткөн облустук сынакта Ак-Талаа районундагы С.Атамбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин  11-классынын  окуучусу  Сейил Кайымбекова 1-орунду, ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы  инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу …

23 Март 2026 жыл 21:17

Шапак Рысмендеев мектебинде Нооруз майрамы белгиленди

Нооруз – жаратылыштын жаңылануусун, күн менен түндүн теңелишин даңазалаган, элди биримдикке жана жакшылыкка чакырган улуу майрам. Бул күнү адамдар бири-бирине ак тилек айтып, жаңы үмүттөрдү тосуп алышат. 2026-жылдын 18-мартында Шапак …

19 Март 2026 жыл 8:15

Караколдук окуучу Жамиля Турдубаева UWC ISAK Japan мектебине 100% грант утту

Каракол шаарынан чыккан окуучу Жамиля Турдубаева эл аралык билим берүү тармагында чоң жетишкендикке жетишти. Ал Япониядагы UWC ISAK эл аралык мектебине 100 пайыздык грант утуп алып, дүйнөлүк деңгээлде билим алуу …

17 Март 2026 жыл 10:26

Сокулук районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

14-март күнү Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтүндө жайгашкан бардык билим берүү уюмдары жалпы ишембиликке чыгышты. Ишембиликке мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын кызматкерлери активдүү катышып, билим берүү мекемелеринин айланасын тазалоо иштерин …

15 Март 2026 жыл 18:03

Балыкчы шаарындагы мектептерде «Жашыл класс» кароо-сынагы өттү

Иш-чара Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, Жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүүдө.

15 Март 2026 жыл 17:40

Республикалык олимпиаданын облустук этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2026-жылдын 11-мартында Чүй облустук усулдук билим берүү борбору тарабынан мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III (облустук) этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чара окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана билим берүү …

15 Март 2026 жыл 10:07

Райондук олимпиадада Гүльсина Капарова мектебинин окуучусу III орун алды

Чүй облусундагы Сокулук районунун мектептери арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиадада орус тили сабагы боюнча Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Бейшенбекова Раяна Рамизовна III орунду багындырып, мектеп жамааты …

15 Март 2026 жыл 9:55

Балыкчыда өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Балыкчы шаарында жаш өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу максатында 3 айлык күчөтүлгөн иш-план бекитилип, анын алкагында ата-энелерге практикалык кеңештерди берүү боюнча лекциялар уюштурулууда.

15 Март 2026 жыл 9:10

Катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Бишкек шаарынын Ленин районундагы №119 Р. Мамыралиев атындагы орто мектептин спорт залынын жана коридорунун чатыры катуу шамалдын кесепетинен учуп, имаратка зыян келтирилди. Окуя 2026-жылдын 21-февралында катталган.

15 Март 2026 жыл 9:08

«Клетка өлкөсүнө саякат» жана «Акыл Ордо» мектепте билимге арналган иш-чара болуп өттү

Нарын облусунун, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында илимий жана интеллектуалдык иш-чаралар уюштурулду.

14 Март 2026 жыл 14:55

Балыкчы шаарындагы мектептерде эрте турмуш куруунун алдын алуу боюнча лекциялар өткөрүлүүдө

Балыкчы шаарындагы мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында эрте турмуш куруунун алдын алуу максатында сериялык лекциялар уюштурулду. Иш-чараларга шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана адистери, БИИ кызматкерлери, социалдык коргоо тармагынын өкүлдөрү катышып, …

13 Март 2026 жыл 9:04

Балыкчыда жаштарды сергек жашоого үндөгөн “Гитара кечеси”

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Балдар билим берүү борборунда жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, баңгиликтин алдын алуу жана пайдалуу баалуулуктарды калыптандыруу максатында “Гитара кечеси” аттуу чыгармачылык сынак уюштурулду.

11 Март 2026 жыл 20:50

1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы 100 пайызга жогорулайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасында эмгектенген кызматкерлердин айлык акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу …

11 Март 2026 жыл 19:42

Соң-Көл: “Өркүн” тобу “Манас таануу” таймашында облустук турга жолдомо алды

Кочкор районунда өткөн Манас эпосуна арналган “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинен түзүлгөн “Өркүн” командасы ийгиликтүү катышып, 2-орунду камсыздап, облустук баскычка жолдомо алды. Таймашка райондун мектептеринен жалпы …

11 Март 2026 жыл 10:20

Акталаада «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Бүгүн Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук баскычы өтүп, ага 30 команда катышты. РБББнүн усулдук кабинетинин башчысы Чынар Сатындиеванын айтымында сынак манасчы Сагымбай Орозбаковдун …

11 Март 2026 жыл 10:17

«Манас таануу» интеллектуалдык таймашы Кочкор районунда өттү

Улуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун 180 жылдык мааракесине карата «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде болуп өттү.

11 Март 2026 жыл 9:39

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...