Байыш орто мектебинин чоң көйгөйү зал болчу. Ал жердин курулганына окуучулар эле эмес мугалимдер да кубанышты. Анткени буга чейин алар сырттагы мектеп аянтында ойноп келишкен болчу.
Барскоон айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед кызматкерлери үч айлык наристелерден алты жашка чейинки балдарга пландаштырылган эмдөө жүргүзө башташты.
Ак-Талаа аймактык оорукканасынын статистика бөлүмү берген маалыматка ылайык 2015-жылы жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркаган 99 адам каза болгон. Район боюнча аталган оору менен жалпы 1078 адам каттоого алынган.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде Асан Сопиев агайдын жаркын элесине арналган баскетбол оюну болуп өттү. Оюнда 3 команда катышышты.
Барскоон айылында футбол оюну кыш мезгилинде популярдуу болууда. Башка айылдардан оюнчуларо келип футбол таймашы өткөрүлүүдө.
Барскоон айылында “Тоо булбулу” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күндүзгү реабилитациялык борборунун ачылганына үч жылдын жүзү болду.
Мамалекет тарабынан 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин пайдаланууга тыюу салынып жаткан учуру.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 14- февраль күнү мелдеш болду ага 11 айылдан жана шаарлардан 170 бала келди. Мелдешке район жана айылдардан жаш машыгуучулар катышты.
Бакай-Ата айылында баскетбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага төрт мектеп катышып, Ленин орто мектебинин окуучулары жеңишке ээ болушту.
Тоң районунда жакында 12 мектеп арасында спорттук мелдеш жүргүзүлөт .Ушул мелдешке Болот Алаков мектебинин окуучулары кызуу даярданууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ооруканасында Айгүл Саадабаева медайым болуп эмгектенип келет. Кичине кезинен эле ак халат кийип элдин керегине жарасам деген кыялдарын оорундатып, ушул кесиптин ээси болгонун …
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан үч айылдын аялдар арасында волейбол болуп өттү. Мелдеште Кызыл-Аскер айылынын аялдар тобу баш байгени алды.
Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Тамекинин зыяндуулугу жөнүндө кененирээк маалыматты айылдын фельдшери Венера Турсуналиевадан алсак.
Ак-Талаа районунун аймагындагы 18 орто мектептин тарбия жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулары үчүн ден соолук комитетинде атайын окуу өттү. Окуу Кыргыз-Швед саламаттыкты сактоо долбоору тарабынан каржыланып, окуучу балдардын ден соолугун …
Лейлек районунун Андарак айылында жаңы күрөш залы ачылды. Эми балдар үчүн шарт түзүлүп, спорт менен алектене башташты.
Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.
Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү улгайган адамдар жана жаш балдар.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.
Ноокат районунда сасык тумоо оорусу эл ичинде жайылууда. Сасык тумоо оорусу менен бир жаштан жетимиш жашка чейинки адамдар көп кайрылышып жатат.
Ноокат районуна караштуу Арбын орто мектебинде зоналдык волейбол беттеши болуп өттү. Оюнда Куу-Майдандагы Нышанов орто мектебинин окуучулары жеңишке жетишти.