Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ден соолук

Андаракта балбандар көбөйөт

Лейлек районунун Андарак айылында жаңы күрөш залы ачылды. Эми балдар үчүн шарт түзүлүп, спорт менен алектене башташты.

1 Февраль 2016 жыл 17:52

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.

1 Февраль 2016 жыл 16:27

Баетов: Мезгилдүү оору менен жабыркагандар ооруканада кезек күтүшүүдө

Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү  улгайган адамдар жана жаш балдар.

1 Февраль 2016 жыл 16:08

Үч-Коргондо көз ооруларын дарылаган жеке менчик клиника иштөөдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.

19 Январь 2016 жыл 10:19

Ноокат районунда сасык тумоо оорусу күч алууда

Ноокат районунда сасык тумоо оорусу эл ичинде жайылууда. Сасык тумоо оорусу менен бир жаштан жетимиш жашка чейинки адамдар көп кайрылышып жатат.

20 Декабрь 2015 жыл 16:54

Ноокат районунда волейбол мелдеши болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Арбын орто мектебинде зоналдык волейбол беттеши болуп өттү. Оюнда Куу-Майдандагы Нышанов орто мектебинин окуучулары жеңишке  жетишти.

20 Декабрь 2015 жыл 16:06

Куу-Майданга стоматолог келди

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебине окуучулар үчүн стоматолог келди.

20 Декабрь 2015 жыл 15:58

Шаңкол айылындагы Даары-Суу орто мектебинде спорт зал жок

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылындагы Даары-Суу орто мектебинде спорт зал жок. Мектеп 1993-жылы ашар жолу менен курулуп, ага зал салынбай калган.

20 Декабрь 2015 жыл 15:29

Терек-Суунун ветеринары Бакыт Чороев

«Терек-Суу айылында жалгыз ветеринардык дарыкана бар. Айыл тургундарынын айтымында бул дарыкана пайдалуу жана ыӊгайлуу.

15 Декабрь 2015 жыл 16:58

Терек-Сууда кыздар аралык райондук волейбол беттеши болуп ѳттү

Терек-Суу айылында айылдар аралык кыздардын мелдеши болуп ѳттү. Бул мелдешке Токтогул районуна караштуу айылдар катышты. Ушундай эле мелдеш Чоӊ-Арык айылында да болду.

15 Декабрь 2015 жыл 16:43

Жал: Балдар сарык оорусуна кабылды

Жал айылында 2015-жылдын октябрь айларынан баштап сарык оорусуна чалдыккандардын бир нечеси катталган. Алынган маалыматтарга караганда, ондон ашык бала ооруга кабылган.

12 Декабрь 2015 жыл 18:33

Терек-Суу: Айылдык ооруканада жылуу суу чыкпайт

Терек-Суу айылынын ооруканасында көп жылдан бери жылуу суу маселеси чечилбей келет. Ал тургай муздак суу да кээ бир учурларда чыкпай калат. Бул учурда оорукананын тазалык кызматкери кыйналаарын айтат.

9 Декабрь 2015 жыл 19:18

Терек-Сууда СПИД күнүнө карата айылдар арасында сынак болуп өттү

Терек-Суу айылында ВИЧ СПИДке каршы айылдар арасында конкурс болуп өттү. Бул конкурска Терек-Суу жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнөн беш айыл катышып, Чолпон-Ата айыл өкмөтү жеңишке жетти.

7 Декабрь 2015 жыл 9:50

Ак-Талаада акыркы жылдары жугуштуу оорулар көбөйдү

Мындай маалымат кечээ айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери катышкан жыйында белгилүү болду.

7 Декабрь 2015 жыл 9:29

Баетов: Өспүрүм кыздардын жыныстык жашоого эрте аралашуусу ден-соолукка зыян

Мындай багыттагы  жолугушуу бүгүн  Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жогорку классынын кыздары үчүн өттү. Жолугушуунун негизги максаты кыздар арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу, гигиенасын сактоого   жана өзүнө-өзү кам …

3 Декабрь 2015 жыл 9:16

Баетовдо волейбол боюнча райондук мелдеш өткөрүлдү

Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ак-Талаа боюнча бир айлык жарыяланган. Ошонун негизинде Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде волейбол жана башка спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

29 Ноябрь 2015 жыл 18:44

Баетов: Ийилчээк кыз көрүүчүлөрдү таң калдырды

Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Алина Керимжанова өзүнүн ийилчээктиги менен көптөгөн адамдарды таң калтырды.

29 Ноябрь 2015 жыл 18:19

Баетовдо СПИДке каршы күрөшү күнүнө карата конкурс болуп өттү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде СПИДке каршы  күрөшүү күнүнө карата конкурс болуп өттү.

29 Ноябрь 2015 жыл 18:04

Ооган-Талаа: Билимге умтулган Курманжан

Ооган-Талаа айылынын тургуну Алишер кызынын полиартрит ооруcуна чалдыгып, кайра айыга баштаганын айтат. Кызы Курманжан ооруп калганда кыймылсыз эле жан болуп калган эле дейт ал.

28 Ноябрь 2015 жыл 10:01

Сүрөт: Тасмада мал ооруларына каршы эмдөө жүрдү

Түп районуна караштуу Тасма айылында мал ооруларына каршы кан алынып, ийне сайылды. Бул иш чара бодо малдын шарп, бруцеллез ооруларын алдын алуу катарында жүргүзүлдү. 

26 Ноябрь 2015 жыл 16:21

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...