Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Инфраструктуралык

Куу-Майдан: Жапар Нышанов мектебине көчөттөр отургузулду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.

8 Апрель 2016 жыл 21:35

Сенсация: Көп кабаттуу үйлөрдүн саркынды суулары тазаланып жатат

    Кошбулактын Т. Марипов көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу үйлөрдүн алдында саркынды суулар (канализация) чогулуп адам өмүрүнө коркунучтуу абал жаралып жана экологиялык зыян алып келген кырдаал түзүлүп келген. Бул көрүнүш …

6 Апрель 2016 жыл 14:42

Жолдорду оңдоо башталды

Кошбулактын борбордук автоунаа жолдоруна шагыл кум аралашмасын төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул демилгени шаардык Кеңештин депутаты, «Нур» шахтасынын директору Абдыназаров Рахманберди Эрматович баштады. Өз каражаты менен иш жүргүзгөн Рахман Эрматович …

6 Апрель 2016 жыл 11:21

Суусамыр айылы таштандыдан арылып жатат

Суусамыр айылынын жалпы көчөлөрүнө ишембилик жасалды. Ишембиликке Суусамыр айыл өкмөтүнүн, милиция бөлүмүнүн жана башка мекемелердин жалпы кызматкерлери катышышты. Кыш айлары бүтүп, кар эригенден кийин таштандылардын жүзү ачыкка чыкты. Таштандылардын көпчүлүгү …

4 Апрель 2016 жыл 21:07

Андаракта ички жолдор оңдолду

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын ички жолдору ондолуп жатат. Айыл өкмөт башчысы билдиргендей, жол оңдоо 30-марттан башталып эки күндө аяктаганын билдирди. 

4 Апрель 2016 жыл 12:19

Кара-Суу: Мечит имамы менен маек

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы мечит курулду. Чоң эмес жамааты болгон мечиттин имамы менен маек курдук.       Кара-Суу: Мечит имамы менен маек

1 Апрель 2016 жыл 22:44

Cүрөт: Учкундагы жаз айы

Учкун айылында жаз келип, айлана жашыл түскө боёло баштады. Бирок аба ырайына таянсак, алдыңкы күндөрдө кечинде жаандын жаашы күтулөт жана танга маал токтоп күн ачык болот.

1 Апрель 2016 жыл 17:27

Токтоянда жазгы тазалоо иштери башталды

Токтоян айылында жазгы тазалоо иштери жүрүп жатат. Айыл тургундары өз конуштарын тазалап, айылды көркүнө чыгарууда.

25 Март 2016 жыл 12:05

Тасмада тургундар жазгы тазалоо иштери менен алек болууда

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылында жазгы тазалоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын жаз келгенде жер тазалоо, алма-бактарды кыйыштыруу иштери жүрөт.

22 Март 2016 жыл 17:04

Сүрөт: Ооган-Талаа айылынын кооз жерлерине саякат

Ооган-Талаа айылы чоң токойлордун арасында жайгашкан. Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айылдын кооз жерлерин сүрөткө тартып келишкен.

19 Март 2016 жыл 21:35

Ак-Чалдагы футбол аянтчасынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп турат

Ноокат районунун Ак-Чал айылында бир жыл мурда башталган футбол аянтчасы жарым жартылай курулушу менен токтоп турат.

18 Март 2016 жыл 17:48

Кызыл-Булак: 53 жылдык бактар кыйылып ордуна жаш көчөттөр тигилүүдө

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинин бактары жаңыланууда. Бул тууралуу аталган мектептин мүдүрү Асия Исмаилова билдирди.

18 Март 2016 жыл 16:59

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Нышанов мектебинин окуучулары ишембиликке чыгышты

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Нышанов орто мектебинин окуучулары бир күндүк ишенбиликке чыгышты. Ишембиликке Нышанов мектебинин окуучулары толугу менен катышты. Ишембилликке чыгуунун  негизги максаты,  биринчиден башкаларга үлгү болуу андан кийинкиси айылды …

16 Март 2016 жыл 22:24

Ооган-Талаада окучулар тазалык күнүн өткөрүштү

№17 мектептин окучулары көптөн бери күткөн жаздын келгенине байланышту тазалык күнүн өткөрүштү. Окучулар тазалык күнүндө мектепти жана айланасын тазалашты.

11 Март 2016 жыл 19:26

Ооган-Талаа: Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду

Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду. Аянтты оңдоого окучулар да жардам беришти.

11 Март 2016 жыл 18:21

Бакай-Ата айылына жаңы трансформатор коюлду

Бул 260 киловаттык трансформатор доолбор алкагында Бишкек шаарынан Бакай-Атага алынып келди. Учурда трансформатор Кырман жааматынын жанында орнотулду.

5 Март 2016 жыл 19:33

Базар-Коргон районундагы эки айылды бириктирип туручу көпүрө жараксыз абалда

Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортоңку айылын бириктирүүчү көпүрө жараксыз абалда. Жамгыр жааган сайын жер көчүп, жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.

1 Март 2016 жыл 18:59

Үч-Коргон айылында жашылдандыруу жана тазалоо иштери башталды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жаз мезгили келип, күндүн жылуу болгонугуна байланыштуу айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери башталды.

27 Февраль 2016 жыл 14:54

Учкун: Шарты жок маданият үйү жаңыланабы?

Нарын районуна караштуу Учкун айылында «Чоро Кожомжаров» атындагы маданият үйү союз убагында тургузулган. Учурда болсо анда маданий кечелерди уюштурууга эч кандай ыңгайы жок.

25 Февраль 2016 жыл 23:17

Көрктөндүрүү иштери санэпидкөзөмөл борборунан башталды

З Кыш узап жандуу жаратылышка жан берген жаз мезгилинин жышааны билине баштагандыктан өрүкзарлуу Баткен облусунун башчысы Ж. Разаковдун айлана чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча атайын буйругу чыккан. Бирок табийгый …

24 Февраль 2016 жыл 15:04
Шаршемби
26 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...