Нарын районуна караштуу Учкун айылында кар 18-ноябрь күнү таңга маал жаай баштады. Аба ырайына таянсак алдыңкы күндөрдө кардын жаашы күтүлбөйт.
Бул тууралу Бирдик айыл башчысы Мырзабеков Сагынбек билдирди. Иш чараны наам ээлери, тактап айтканда аталган инсандын уул кыздары өткөрдү. Эске салсак көчөгө бул ысым 2007-жылы ыйгарылган, бул убакытка чейин «Ынтымак» …
Кыш жакындап кар жааганына карабай табийгый шарты катаал болгон Кошбулак аймактык башкармалыгында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин «Өзгөчө кырдаалдардын атайын алдын алуу иш-чаралары» долбоору ишин баштады.
Сүлүктү шаардык ооруукананын №1-поликлиникасынын жолуна асфальт төшөлүп жатат.»Биздин көктөн күткөнүбүз жерден табылды. Эми бул жол Элге көп жыл кызмат кылсын. Баарыбыз кубанып калдык. Шаар жетекчилерине чоң ыракмат»-дейт башкы дарыгер Асат …
Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен. Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы …
Түп районуна караштуу Тасма айылында мончо ишке кирди. Мончо айылдын так ортосунда жайгашкан.
Көк-Алма айылындагы мечиттин абалы начар болгондуктан жаңы мечит курулду. Жаңы мечит курулгандан бери мечитке келген жамааттын саны көбөйүүдө.
Айылга кар жаап, жолдор ылай, суу. Ооган-Талаанын тургуну Марат Токтобаевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн долбоор жазылып жатат.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Тасма айылында клуб курулган эмес. Мурда клуб болгон менен ал 1979-жылдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген да, кийин кайра курулган эмес.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы көчөлөрдө таштандылар көбөйүүдө. Тургундар таштандылырдын адамдарга жана жаратылышка зыян келтирип жатканын билдиришүүдө.
Ноокат районунун Кашкалдак айылында мечит курулуп жатат. Мечиттин курулуш иши алты айдан бери уланууда.
Баетов айылында Германия кызматташтык уюмунун өкүлдөрү айылда ишке ашырылып жаткан “Биз айылды бирге тазалайбыз” долбоору боюнча байкоо жүргүзүүгө келишкен.
Ноокат районуна караштуу Кара-Кой жайлоосуна антен берилди. Антен орнотуу иштери июнь айларында башталып, август айынын аягында бүткөн.
Түп районуна карашту Токтоян айылынын жолу начар болгондуктан, оңдоо иштери жүрүп, жылына эки километрден жасала баштаган. Токтоян-Түп жолу 27 километр болсо, учурда анын 18 километри оңдолгон.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында медресе курулуп жатат. Медресенин курулуш иштери эки айдан бери уланууда. Медресеге элдерден акча чогултуп жатышат. Медресе 20 жылдай мурун курулуп, бирок толук бүтпөй калган.Айылдын аксакалдары кеңешип …
Ак-Талаа районундагы Көк-Дөбө тоосундагы кыш мезгилинде муз тебишсе, калган убактарда тургундар чыгып эс алышат. Көк-Төбө айылдын четинде бийикте жайгашкандыктан, аны тургундар “Баетовдун панорамасы” деп аташат.
2014-жылы катуу жааган жамгырдан кийин Токтогул көчөсүнүн жогорку жагыдан түшкөн селден 9 үйдү багы менен суу каптап, 1 үйдү сел бузуп кеткен. Ошондон кийин мэрия жана ӨКМ атайын комиссия …
Кошбулак айылында 2015-жылдын 2-октябрь күнү Деканова көчөсүндө «Нураман»балдар аянтчасынын ачылуу аземи болуп өттү. Аземге Сүлүктү шаарынын мэри А.А.Ибрагимов, коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин башчылары жана жергиликтүү тургундардын катышты.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кичи футбол аянтчасынын орду даярдалып, бирок каражат жоктугуна байланыштуу токтоп калган. Жакындан бери мектеп администрациясы жана жергиликтүү жаштар айрым саясий партиялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, пайдубалын куруу …