30-августта Токтогул районунун Терек-Суу айылында Каныбек уулу Нурбек атындагы эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев жана мекеме кызматкерлери, айыл …
“Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында Тогуз-Торо районунун акими түз эфирде элдин суроолоруна жооп берди. Жер тилкесин алам деген жарандар көп, кезекте турат, муктаждык бар. Каргалык айыл өкмөтү болуп, келечекте үйлөрдү куруп, …
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүрүүдө
«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов жергиликтүү тургундардын суроосуна жооп берди.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Ош- Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан Париж айылынын тургундарынын жарнамалык такталары толугу менен алынды.
18-19-августта жааган жамгырдан улам Соң-Көлгө кетүүчү жолдордо кыян жүрдү. Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы Соң-Көлгө кетүүчү жолдун 3 км ден 5 км ге чейинки жолдордун айрым бөлүктөрүнө кыян каптап, тазалоо …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында дагы бир долбоор ишке ашырылууда. Тактап айтканда, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык техникаларды атайын бир жерге топтоп, оңдоп, токтото турган гараж уюштурулууда.
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына 10млн сомго айыл чарба техникалары сатылып алынды. Баетов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында республикалык бюджеттен Баетов айыл өкмөтүнө бөлүнгөн …
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу «Тынчтык», «Жаш Тилек”, “Жаш Балаты”, “Чолпон”, “Терекке-береке” бала бакчаларына жаңы окуу жылына карата видеокөзөмөл орнотулуп, шаймандары (монитор) жана тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздалды.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Ак-Талаа-Баетов» муниципалдык спорт клубу керектүү спорттук инвентарлар менен толукталды. Тактап айтканда, Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан 577 400 сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 50 миң сом бөлүнүп, …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы байланыш бөлүмүнүн имараты оңдоодон өткөрүлдү.
Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрация бшчысы — аким Эрмек Бахавадинов жергиликтүү тургундардан келип түшкѳн суроолорго жооп берип, жакынкы арада Тосор айылындагы туристтик борбор ишке берилерин билдирди.
Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында райондогу тургундардын суроолоруна жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз. Долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондусунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарындагы сел жүргөн чөлкөмдөрдү калыбына келтирилүүдө. Тактап айтканда, Шырдакбектин сайындагы суу түтүктөрүнүн тирөөчтөрү бекемделип, тазалоо иштери жүрүүдө.
«Ачык Ѳкмѳт» долбоорунун алкагында жергиликтүү тургундардан келип түшкѳн суроолорго, Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрация бшчысы-аким Эрмек Ибрагимович Бахавадинов жооп берди.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында Арык-Тейт айылындагы милиция кызматкерлеринин аймактык таяныч пунктунун имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Т. Кулатов айыл аймагынын тургундарын таза суу менен камсыз кылып жатат.
Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында тургундардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Суроолордун мазмуну сугат суу, жол, мектеп, бала бакча тууралуу болду. Төмөндө айрымдарын сунуштайбыз.
Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык материалдык базасы чыңдалып, өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерине колдонуу үчүн жаңы шаймандар менен камсыздалды. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаев бөлүмдүн кызматкерлерин 1-июль …