Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Муниципалитеттер

Т. Кулатов айыл аймагына жаңы айыл өкмөт башчы дайындалды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагына Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы болуп  эмгектенген. «Мен Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич 1980-жылы Кулатов …

27 Ноябрь 2025 жыл 8:23

Таза айыл — жарык келечек 

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына таштанды ташуучу машина келип жатканы элге кубаныч тартуулады. Ал айлана- чөйрөнүн тазалыгын сактоого жардам берет, жугуштуу оорулардын алдын алат жана жашоо шартты жакшыртат.

27 Ноябрь 2025 жыл 8:19

Акталаада үч айыл аймакка кеңсе жабдуулары тапшырылды

Ак-Талаа районунда «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы ( CS-FOR)» долбоорунун алкагында пилоттук Тоголок-Молдо, Кара-Бүргөн, Ала-Буга айыл аймактарынын ар бирине 3000$ турган атайын кеңсе жабдуулары тапшырылды.

8 Октябрь 2025 жыл 10:17

Токтогул: Кетмен-Дөбө айыл аймагында катуу шамал электр зымдарын үздү

2025-жылдын 27-июль күнү түнкү саат 23:00 чамасында Кетмен-Дөбө айыл аймагында катуу шамал менен коштолгон бороон-чапкын болуп өттү. Натыйжада Мазар-Суу, Кушчу-Суу, Чолпон-Ата жана Терек-Суу айылдарында электр чубалгылары үзүлүп, айрым жерлерде дарактар …

28 Июль 2025 жыл 23:19

Ак-Талаадагы «Турук» көмүр кенинде былтыр 44 миң 712 тонна көмүр казылган

Ак-Талаа районундагы «Турук» көмүр кенинде 2024-жыл ичинде жалпы 44 миң 712 тонна көмүр казылган.

6 Февраль 2025 жыл 11:03

Токтогулда Элдик Курултайга делегаттар шайланды

7-декабрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо болуп өттү. К.Р. Президентин жарлыгынын негизинде 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги Элдик курултайга Кетмен-Дөбө аймагынан эки делегат шайланды. Жыйынды жергиликтүү кеңештин төрагасы …

9 Декабрь 2024 жыл 16:50

Тогуз-Тородо Элдик Курултайга делегаттар шайланды

20-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги 3- Элдик Курултайдын делегаттары шайланды. Буга чейин айыл аймактарда жергиликтүү жыйындар өткөрүлүп, катышуучулар көрсөтүлгөн.

9 Декабрь 2024 жыл 15:27

Т. Кулатов айыл аймагында Курултайга делегаттар шайланды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында 20-декабрь өткөрүлүүчү Элдик Курултайга ачык добуш менен 4 кандидаттын арасынан 3 делегат шайланды. Алар Рахманкулов Заман, Матраимова Асылкан жана Шарипов Талантбек.

7 Декабрь 2024 жыл 18:25

Токтогулда ишембилик болуп өттү

Жалал-абад облусунун Токтогул районунун аймагында массалык ишембилик болуп өттү. Ага райондук  мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана райондун тургундары катышты.

16 Октябрь 2024 жыл 12:50

Базар-Коргон: Район боюнча мектептер жана бала бакчалар курулууда

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов жарандардан келген суроолорго жооп берди. Суроолор мектеп, бала бакча, социалдык конракт, коопсуз шаар боюнча болду.

2 Октябрь 2024 жыл 12:51

Жеке ишкердин демилгеси менен мектеп имараты курулду

Арстанбап-Ата айыл аймагындагы №19 орто мектепке кошумча имарат жана кичи футбол аянтчасы курулду. 

19 Сентябрь 2024 жыл 10:27

Заманбап тегирмен райондун элин арзан ун менен камсыздайт

Базар-Коргон районундагы АУК айылында күнүнө 30 тонна ун чыгарчуу тегирмен курулду.  

19 Сентябрь 2024 жыл 10:18

Токтогулда жаңы эс алуу жайы ачылды

30-августта Токтогул районунун Терек-Суу айылында Каныбек уулу Нурбек атындагы эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев жана мекеме кызматкерлери, айыл …

31 Август 2024 жыл 15:54

Казарман-Бишкек авиакаттамы иштеп баштайт

“Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында Тогуз-Торо районунун акими түз эфирде элдин суроолоруна жооп берди. Жер тилкесин алам деген жарандар көп, кезекте турат, муктаждык бар. Каргалык айыл өкмөтү болуп, келечекте үйлөрдү куруп, …

30 Август 2024 жыл 21:35

Тогуз-Торо: Үймө-үй кыдыруу уланууда

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүрүүдө

29 Август 2024 жыл 9:22

«Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун» каражаты ипотекалык үйлөрдү курууга басым коет

«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов жергиликтүү тургундардын суроосуна жооп берди.

25 Август 2024 жыл 12:51

Суусамыр: Париждеги жарнамалык такталар алынды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Ош- Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан Париж айылынын тургундарынын жарнамалык такталары толугу менен алынды. 

22 Август 2024 жыл 10:24

Жаандын кесепетинен Төлөк айылындагы жолдорду кыян каптады

18-19-августта  жааган жамгырдан улам Соң-Көлгө кетүүчү жолдордо кыян жүрдү. Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы Соң-Көлгө кетүүчү жолдун 3 км ден 5 км ге чейинки жолдордун айрым бөлүктөрүнө  кыян каптап, тазалоо …

19 Август 2024 жыл 12:59

Ак-Талаа: Айыл чарба техникаларын токтотуучу атайын жай курулууда

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында дагы бир долбоор ишке ашырылууда. Тактап айтканда, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык техникаларды атайын бир жерге топтоп, оңдоп, токтото турган гараж уюштурулууда.

19 Август 2024 жыл 12:53

Ак-Талаада айыл чарба техникалары сатылып алынды

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына 10млн сомго айыл чарба техникалары сатылып алынды. Баетов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында республикалык бюджеттен Баетов айыл өкмөтүнө бөлүнгөн …

19 Август 2024 жыл 12:18
Шейшемби
11 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...