Сокулук районунун Сарбан айылына эмгеги сиңген инсандар көп. Алардын айрымдары Сагынбек Мырзалиев, Күмүшбек Шеримкулов, Сабыр Тыналиев. Булар Сарбан айылына өздөрүнүн колунан келген жардамдарын беришкен.
Бүгүн Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде акталаалык оюнчулар менен Тогуз-Торо районунан келген оюнчулар спорттун волейбол жана шахмат түрү боюнча күч сынашууда.
Ак-Талаа районунда “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Манас жана маданият” фестивалы 9-июнда өтөт. Аталган иш-чара райондун борбору болгон Баетов айылындагы Адилет паркында өтмөкчү.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында «1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрамдык кече болуп өттү. Кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, аларга бекер балмуздактар таратылды.
Баетов айылында балдарга арналып өткөрүлгөн иш-чарада Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы майрамга келген бардык балдарга бекер балмуздак таратып берди.
Балдардын эл аралык күнүнө карата Ак-Талаа районунун Баетов айылында иш-чара өттү. Балдардын иш-чарасы райондук маданият үйүндө өтүп, ага балдар менен бирге ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү катышты.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында «1-июнь – Балдарды коргоо күнү» белгиленди. Иш-чара мектепте болуп өттү.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 90 жаштагы тургуну Акыш Өмүрбаев 30 жылдан ашык убакыттан бери айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенет. Жаш кезинде бригадир, зоотехник, начальник болуп иштеп жүрүп, көптөгөн сыйлыктардын …
Бишкек шаарында 24-25-майларда генерал-майор Темиркан Субановдун урматына арналып кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат болуп өттү. Ага өлкө боюнча 12 команда ат салышып, таластык балбандар командалык эсепте 1-орунга ээ болушту.
Барскоон айылында тургундарга кечки саат жетиден эртең мененки саат сегизге чейин дүкөндөргө спирт ичимдиктери жана тамеки сатууга тыюу салынды.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согушка карата чакан иш-чара уюштурулду.
Бүгүн Бишкек шаарында «Шаарлар форуму 2017» башталды. Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башчысы Сапар Исаковдун катышуусу менен өтүүдө.
28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Сот тутумунун ачык айкындыгы» аталышында тегерек үстөл болуп өттү. Иш-чарада коомдун сот тутумуна ишеним көрсөтпөгөндүгүнүн себептери талкууланды.
Барскоон айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди. Барскоон айылында бир согуш ардагери, бир тылда эмгектенген жана 19 курман болгон ардагерлердин жубайлары бар.
Түп районуна караштуу Тасма айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы майрамдалды. Майрамга Карасаев айыл аймагындагы үч айылдын тургундары келип катышты.
Туптуура эки жыл мурда «Кызыл-Булак» шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев тарабынан Сүлүктү шаарынын Элмуратов өз алдынча башкаруу аймагына Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары үчүн аллея ачылган.
Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде жаш тескөөчүлөрдүн облустук таймашы болуп өттү. Анда облустагы беш жана шаардагы бир орто мектептин командалары катышты.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев билимин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында апрелдин 22синен 29уна чейин Германияга барып келди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 9-май Улуу Жеңиш майрамын белгилөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө.
Нарын районуна карштуу Учкун айылында жаңы айыл башчы шайланды. Айылда чечилбеген көйгөйлөр жана алдыдагы пландары боюнча Жумакадыр Исмаилов менен маек курдук.