Тогуз-Торо районунда Кыргызстандын желеги жана «Тогуз-Торо Кыргызстандын географиялык борбору» деген президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү орнотулду.
Территориальная избирательная комиссия Сокулукского района провела семинар для председателей и секретарей участковых избирательных комиссий района. В ходе семинара участники ознакомились c нововведениями избирательного процесса.
Талас облусунун чыгаан дастанчылары, манасчылары, комузчулары, жаш таланттары ошондой эле кол өнөрчүлөрү 9-август күнү Баткен облусуна үч күндүк иш сапары менен жөнөп кетишти.
«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата, 2-3-август күндөрү Талас облусунда «Баткен облусунун маданият күндөрү” өткөрүлүп жатат.
Ак-Талаадагы орто мектептер жаңы окуу жылына карата учурдагы ремонттон өткөрүлдү. Райондогу 18 орто мектепти ремонттоого республикалык бюджеттен 581 миң сом бөлүнгөн.
Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы көмүр өндүрүүчү жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, коомдук ишмер Абдугафар Халбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын жана төш белгисин алды. Автор: Анварбек Тухтаров
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында ата-тегин изилдөө боюнча санжыра жазуу иштери жүрүп жатат.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 7-июль күнү аталган айыл аймактын башчысы шайланды.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016-жылдын август айынан бери айылда жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.
Нарын районуна караштуу Жерге-тал айылында Улуттук каада-салт фестивалы болуп ɵттʏ.Фестивалда кɵчмɵн кыргыз элине тиешелʏʏ болгон улуттук буюмдар,улуттук каада-салт, оюндар кɵрсɵтʏлдʏ.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектептин, ФАПтын оңдоо иштерине жана китепкананын салынышында «АРИС» программасынын салымы чоң. 2017-жылы бул программа менен айылдагы мал доктурга алыскы жердеги тургундардын үй жандыктарына дары жеткирип …
Ак-Талаа районунда бир катар медицина кызматкерлери кесиптик майрамына карата сыйланышты. Сыйлоо аземи райондук маданият үйүндө өтүп, ага райондогу медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жаңы өкмөт башчысы февраль айынан бери иш алып барып келет. Айыл өкмөт башчы менен айылдын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маек курдук.
1-июль салык кызматкерлеринин күнүнө карата Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын улук салык инспектору Урмат Масирбаев менен маек курдук.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө жакынкы аралыктан бери 92-069 номерлүү ишеним телефону иштей баштады. Бөлүмдүн башчысынын орун басары М.Ашырбаевдин айтымында, чалуулар райондун бардык аймагынан кабыл алынат.
Ак-Талаа районунда жергиликтүү бийликтин, билим берүү тармагынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусу менен 18 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Жыйныга окуучулар кызыл килем үстүндө келишти.
Талас облустук сотунда 9-июнь күнү биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдын 1-кварталындагы иштери боюнча кеңешме өттү.
Талас облусунун өрткө каршы мамлекеттик кызматы 15-июнда 91 жылдык мааракесин өткөрдү. Мааракеге өрткө каршы мамлекеттик кызматынын жумушчулары, ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.