Баетов айылындагы ата-энесинен ажырап, жакындарынын багуусунда турган жети балага “Финка” микрокредиттик компаниясы чакан белектерди тапшырды.
Чогулушта каралган маселе боюнча Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Тилебек Жумабаевге кайрылып, төмөндөгүчө маалымат алдык.
Айыл тургундарды сурамжылоонун негизинде айыл өкмөттүн ичиндеги иштер менен эл жакындан кабардар болуп турушун кабарлашкан. Бүгүнкү маек Учкун айыл өкмөтүнүн салык адиси Саламат Жээналиев менен болмокчу.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын тургундары «бир жылдан бери кино, концерт, цирк сыяктуу нерселер келген жок» деп кайрылышты. Бул маселе тууралуу биз маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.
Мергенчилик ресурстарын жɵнгɵ салуу жана коргоо боюнча Ош-Баткен облустар аралык башкармалыгынын Лейлек району боюнча инспектору болуп иштɵɵм райондун тоолуу, токойлуу аймактарын кыдырууга жана аны менен кеӊири …
Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири отоо чөп басып, көрүнбөй калса, кээ биринин отоолору жулунуп жакшы өсүүдө.
Бүгүн Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагында 1910-жылы туулган Мендеш Өмүралиевдин сөөгүн жерге берүү жыйыны болуп өттү. Ал 1943-жылы согушта Орусиянын аймагында каза болгон эле.
Улахол айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине эки кызматты киргизүү тууралуу айылдык кенештин токтому.
«Айылда токойлор кыйылып жатат, бул маселени лесхоз көрүп карап чыкса жакшы болмок» деп айтышты айыл тургундары. Бул маселе тууралуу лесхоздун инженери Тайирбек Аскаров менен маек курдук.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмундө кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Орозбаев Самүдүн жана старшина Нургушаев Рыскулбекти кесиптештери эскеришти.
Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган. Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.
Быйылкы тарых жана маданият жылына карата Токтоян айылында ыр кесе болду. Бул ыр кеседе айылга өз салымдарын кошкон белгилүү инсандардын жасаган иштерин чагылдырып, көрсөтүп беришти.
Мектеп жамааты сунган ыр кесенин жообу кылып, “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасы 31-майда чоң концерт беришти.
Нарын районунун Учкун айылында кыркын пунктун уюштуруу, жайыт маселеси, кичи футбол аянтчасынын долбоору тууралуу жалпы жыйнылыш болду. Аталган жыйналышка 15тей адам катышып, административдик комиссиянын жобосу тууралуу талаш-тартыштар да болду.
Учкун айылында 1-июнь «Балдарды коргоо» күнүнө карата 1-класстан 5-класска чейинки окуучуларга бекер балмуздак таратылды. Иш-чараны айыл өкмөтү уюштурду.
Нарын районунун Учкун айылынын “Раушан” балдар бакчасында “Балдарды коргоо” күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара быйыл жетинчи жылы өткөрүлүп, жалпы 75 бала жана ата-энелер катышкан. Айыл өкмөтү тарабынан болсо …
Айыл тургундарынан алган сурамжылоодо элдер китепканадан китеп алып окубаганын, айылдык китепкананын абалы алардын купулуна толбой турганын билдиришкен. Ошондон улам биз айылдык китепкананын кызматкери Гүлнара Жунушбекова менен маек курдук.
Чүй облусу 1939-жылы 21-ноябрда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен Фрунзе облусу болуп, кийин 1959-жылы жоюулуп, 1990-жылы азыркы аты менен белгилүү.
Биз Учкун айылдык китепканадан айыл тургундары качан китеп алып окугандыгына кызыгып сурамжылоо жүргүздук. Сиз акыркы жолу айылдык китепканадан качан китеп алып окугансыз? Китеп алып окуган болсонуз, китепкананын абалы жагабы? Эгер …
Азыр дээрлик бардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө, белгисиз.