Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Балыкчы: СПИДден коргонуу күнүнө карата флешмоб сынагы уюштурулду

24-ноябрь күнү Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде “1-декабрь- Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө” карата атайын сценка жана флешмоб сынагы болуп өттү.

29 Ноябрь 2023 жыл 22:18

Ишкер айым Насыйкат Муканбетова боюнча презентация жасалды

Усупбекстан жамааттык мультимедиа борбору учурда ишкер айымдар долбооруна катышып жатат. Борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова чет өлкөдө ийгиликтерди жараткан ишкер айымдар тууралуу позитивдүү материалды даярдоо менен биргеликте окуучуларга аларды тааныштыруу иштерин …

27 Ноябрь 2023 жыл 15:08

Зейнеп Бекбоева майыптыгы бар балдарды ашпозчулук кесипке үйрөтөт

Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейде Зейнеп Бекбоева «ашпозчу» кесиби боюнча сабак берет. Ал уникалдуу реабилитациялык топто сабак өтөт, ал жерде социалдык камсыздоого муктаж студенттер, ошондой эле майыптыгы бар балдар билим алат.

26 Ноябрь 2023 жыл 18:40

№43-Кесиптик лицейинде «Мыкты ашпозчу»  кароо-таймашынын 2-туру өткөрүлдү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде ашпозчу кесибинин окуучулары арасында кароо-таймаштын 3-туру болуп өттү.  Өткөн жумада «Мыкты ашпозчу»  кароо-таймашынын 2-туру өткөрүлгөн. Ал эми бүгүн 2-турдан тандалып алынган  келечектеги ашпозчулар …

25 Ноябрь 2023 жыл 21:52

Адам укуктарын илгерилетүү боюнча коомдук мониторинг жүргүзүү механизмдери талкууланды

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин (АОСМИ) мүчөсү «Жаңы-Жер» мультимедиа борборунун жетекчиси Бишкек шаарындагы  «Ramada» мейманаканасында өткөрүлгөн  «Адилеттүүлүккө мониторинг-Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы семинарга катышты.  Иш-чара гендердик теңчиликке, экологиялык укуктарга, …

25 Ноябрь 2023 жыл 14:28

Ак-Талаалык Нурзада Германияда IT тармагында иш алып барат

Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботторду программалоо менен алектенет. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen-und Anlagenbau аттуу заводдук индустриялык  машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп кызмат кылат.

25 Ноябрь 2023 жыл 9:25

Ишкер айым Чынара Жусупова чет жерден ишкерчилик кылууга шыктандырды

Ооган-Талаа жамааттык медиа борбору Америкада жүк ташуучу компания түптөгөн ишкер айым Чынара Жусупова тууралуу макала даярдаган. Ишкер айымдын тажрыйбасы, ишкерчилик тууралуу айткандары менен Ооган-Талаа айылынын окуучулары дагы тааныша алышты. 

25 Ноябрь 2023 жыл 8:45

Ак-Талаа: “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагы өткөрүлдү

Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын райондук туру өткөрүлгөн. Аталган фестивалга райондогу мектептерден 13 жана балдар билим берүү …

25 Ноябрь 2023 жыл 8:08

Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөгө тарашынын сыры илимий конференцияда айтылды

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыгы боюнча Базар-Коргон шаарындагы №1 Макаренко мектебинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча ар түрдүү тилде илимий конференция өттү. 

25 Ноябрь 2023 жыл 8:08

Тогуз-Торо: “Күн маек” уктуруусу аркылуу айыл тургундары түз эфирде суроолорун бере алышты

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысынын орун басары, гинеколог Роза Абильдаева биргеликте Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосунун түз эфиринде угуучулардын ар тараптуу суроолруна жооп …

24 Ноябрь 2023 жыл 21:14

Ирилешкен аймактарды колдоого акча каражаты берилди

Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине колдоо иретинде 10 млн. сомдон акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун маалыматына караганда бул каражат …

24 Ноябрь 2023 жыл 8:00

Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн Курултайга делегаттар шайланды

15-декабрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү Курултайга Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн делегаттар шайланды. Алар: Азимжан Абдиллаев жана Абсатар Эшимбаев.

23 Ноябрь 2023 жыл 20:06

Фото репортаж: №15 кесиптик лицейиндеги ачык сабак

Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде тарых мугалими Мээрим Акматалиева «Кыргызстандагы таш доору» атындагы көргөзмөлүү ачык сабак өттү. Ачык сабакка электр газ менен ширетүүчү кесибинде 1-курсунда окуган 482-группасынын окуучулары жана окуу жайдын …

23 Ноябрь 2023 жыл 15:08

Тажрыйба алмашуу туру Жалал-Абадда

Тажрыйба алмашуу турунун алкагында райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери усулдук колдоо көндүмдөрүн жакшыртышты

23 Ноябрь 2023 жыл 12:57

«Ч.Айтматов жана биз» дебаттык оюну Ооган-Талаа айылында өттү

Базар-Коргон райондук администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде «Ч. Айтматов жана биз» аттуу дебат оюну Ооган-Талаа айылында уюштурулду.

23 Ноябрь 2023 жыл 12:30

«Алтын күз» иш чарасы №43-кесиптик лицейде

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде студенттер арасында жыл сайын өтүлүүчү “Алтын күз” майрамы уюштурулду. 

23 Ноябрь 2023 жыл 12:26

Т. Кулатов атындагы колледжинде бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү

Жарманке 22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Баткен JIA бизнес ассоциациясы, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн эл аралык …

22 Ноябрь 2023 жыл 16:36

Баглан айылында жаңы ФАП курулду

22-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Баглан айылында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) ачылышы болду.

22 Ноябрь 2023 жыл 15:14

Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлдү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлүүдө. Алынган маалыматка караганда  Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча 50 талапкер көрсөтүлүп, элдин берилген добушу менен Таалайкан Бекматова  делегат  болуп …

21 Ноябрь 2023 жыл 22:03

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...