Бактыгул Акунов Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жашоочусу. Бош убактысында кыргыздын улуттук аспабы комуз чабуу менен алектенет.
Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу кичине балдар ойноочу батут коюлду. Ойноо үчүн бир мүнөтүнө бир сомдон алынат.
Бишкек шаарында 19-сентябрь кунү “Куланак ынтымагы” клубу уюштурган марафон болуп өттү. Марафондун максаты — айылга футбол ойной турга аянтчаны куруп берүү.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылына таза суу чыгарып берүүчү дамба курулууда. Курулуш иштери 13-сентябрдан бери уланууда.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Карылар үйдүн куту” аттуу 7-б классы уюштурган кече болду. Кечеге мектеп жамааты жана ата энелер катышты.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде музыка сабагынан берген Жумабек агайдын иштегенине быйыл 30 жылдан ашты. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жаш таланттарды даярдап келген.
Бүгүнкү күндө ар бир жаш жаран өз алдынча аракет кылып, акча табууга кызыкдар. Көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жайга ээ болуу, билим алуу учун акча төлөө кыйынчылыктарды туудурат. Замандын талабына …
Гүлмира Жумагулова буга чейин «Манас таануу» интелектуалдык таймашына өзүнүн даярдаган окуучулары менен катышып, республикадан экинчи орунду алууга жетишкен. Өзүнүн манасчылар тууралуу билимин 11-класстын окуучуларына үйрөтүү максатында 26-сентябрь күнү ачык сабак …
Кыргыз тилинин 27 жылдык майрамынын жүрүшүндө кесиптик лицейдин директору Буусара Жалалова мекеменин эмгек жамаатын жана окуучуларын куттуктап өттү.
Бул китеп кана курулганына коп жылдар болгон китеп жетиштуу эле бирок китеп кана начар. Айыл окмот депутаттар жаныдан салып беребиз деп айтышкан бирок эч кандай жардам жок.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 10-классынын окуучусу Азиз Таалайбеков кичине кезинен бери айкелчиликке кызыгып, азыркыга чейин ал өнөрүн аркалап келет. Ал ар кандай жаныбарлардын жана адамдардын тулку боюн чопо …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде тил майрамына карата класстар аралык сынак болду. Ага 8-9-10-11-класстары катышышты.
23-сентябрь тил майрамына карата “Манас” орто мектебинде окуучулар арасында “Улуттун улуулугун сактаган Эне-тил” аттуу конкурс болуп өттү. Анда биринчи орунду 5-а класс утуп алды.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы маданият үйүнүн алдында ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.
23-сентябрь өлкө боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себептен бүгүн Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.
Кыргыз тил күнүнө 27 жыл толду. Эне тил майрамы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинде да өзгөчө белгиленди.
Лейлек районунун Манас атындагы орто мектебинде быйыл тартип өзгөчө болууда. Ага ылайык, мектеп формасынан тартып, мектепте жүрүү эрежелери да катуу каралууда.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мектебинде эмгек сабагынан берген Бактыгүл эже окуучуларга ар түрдүү буюмдардын жасалышын үйрөтүп келет. Ал Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде эмгектенип келгенине 57 жылдын жүзү болду.
Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себептен Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.
Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 21- сентябрь күнү 23- сентябрь тил күнүнө карата “Эне тилге таазим” аталышындагы майрамдык кече болуп өттү. Кече кыргыз тилине арналган ырлар, көөнөрбөс …