Талас районунун, Бакай-Ата айылындагы карылар үйүндө Таалайбек Ибраимов кол өнөрчүлүк менен кызмат кылууда. Анын кызматынан жергилктүү тургундар колдонушуп, керектүү буюм-тайымдарын жасатып турушат.
Барскоон айылында Ооган согушуна катышкан ардагерлерге салтанаттуу майрам уюштурулду. Майрамда мектеп окуучулары ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Барскоон айыл өкмөтү тарабынан Ооган ардагерлерине акчалай сыйлык жана сыйлуу тамак уюштурулуп берилди.
Заманыбыздын талабына ылайык азыркы учурда Барскоон айылында интернет колдонуучулары күн сайын өсүүдө. Мекеме, маданият үйү, мектептерде ал гана эмес үйлөргө чексиз интернет башкача айтканда,Wi- Fi коюшууда. Айыл жаштары өздөрүнүн көп …
Кароо-сынакка 5–11—класска чейинки окуучулар катышты. Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар көркөм окуу, бийлөө, ырдоо жана башка тапшырмаларды аткарышты. Фестиваль 100дөн ашык окуучулардын катышуусу менен өттү.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесин тренери Кошубаев Абдылас бирикменин жасаган иштери боюнча толук маалымат берди. Бакай-Ата айылынын тургундары, жашоочулары сурангандарынан “Арыш” коомдук бирикмеси 2003-жылдары келип маалымат берип кетишкен. Кийин “Эрайым” аялдар …
«Барскоон FM» Жамааттык Мультимедиа Борборунда эмгектенген волонтерлор менен ийгиликтуу иш алып баруу учун ЖМБнун координатору Гулькайыр Осмоналиева ар бир окуучуга папка даярдаган.
АРИС “Айыл жерин суу менен камсыз кылуу жана санитария-2” долбоорунун алкагында «Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында санитария жана гигиенаны илгерилетүү” программасын жүзөгө ашырууну баштады. Аталган программанын негизги максаты мектептерди таза суу …
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Англис тили эл аралык тил» деген аталыштагы англис тили жумалыгы жыйынтыкталды. Англис тилин сүйүүгө тарбиялоо максатында жарыяланган жумалыкта сүрөт сынагы өтүп, …
Сүрөттө чөгүп кеткен жолдун көрүнүшү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын нормадан бир топ жылуу болуусу менен жем-чөптүн баасы, көмүрдүн баасы арзандады. Бирок инфраструктурага зыяндуу кесепеттерин да алып келди. Атап айтсак январь …
Айыл үнү тиркемеси макалаларды окууга, аудио угууга, Кыргызстандагы жааматтык борборлордон видео програмаларын көрүүгө болот. Тиркеме айылдагы аялдардын, жаштардын жана балдардын көйгөйлөрүн кыргыз, орус, англис тилдеринде чечим кабыл алуу деңгээлинде жеткизет.
Кечээ кечинде жааган жамгырдан улам Бакай-Ата айылындагы бир канча турак-жайдын короосун суу каптады. Аталган айылдын тургуну Кадырбай Асылбековдун короосуна суу кирип, кой, отундарын агызып кеткен. Кадырбай Асылбековдун айтымында 12-февралда кечки …
Үч-Коргондогу ооруукананын алдында алгачкы ирет терапиялык бөлүм ачылды. Бул туурасында Хабибуллаева Гулчехра билдирди.
Токтоянда бозо салгандар көп. Жасалышынын оордугуна карабай, ден-соолукка тийгизген таасири зор, деп даярдап ичишет. Ал гана эмес күнүнө 20 литр өткөргөндөр да жок эмес.
Учурда балдар арасында кызамык күч алган мезгил. Бул ооруну кыргыз элинде кээ бир жерлерде кызыл көйнөк деп да атап келишкен. Кызамык-вирустар козгоочу, тез арада жугуучу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, …
Кошбулак аймактык башкармалыгындагы №7-, №4- орто мектептеринде, №9- гимназияда жана көмөкчү мектеп интернатында окуп жаткан 7 жаштан 13 жашка чейинки 52 тоголок жана жарым жетим окуучуларга, Кувейт мамлекетине караштуу кайрымдуулук …
Учурда республика боюнча балдарга карата жакындары тарабынан жасалып жаткан зордук-зомбулук негизги маселе болууда. Көңүл борборунда коомчулуктун талкуусунда туруп жаткан мындай көрүнүштү алдын алуу максатында Баетов айыл аймагында атайын иш мерчемдери …
2014-жыл ичинде жана 2015-жыл башында көмүр кенинде иштеп жаткан шахтерлордун өлүмү көбөйгөнүнө байланыштуу маселе 6-февраль күнү Сүлүктү шаардык Аткаруу Комитетинин отурумунда каралды. Бул маселеге шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери, Жергиликтүү Депутаттар катышып …
Баетов айылында 2 жылдан бери муз тебүүчү жай жашоочуларга кызмат көрсөтүп келет. Айрыкча жаштар, окуучулардын эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу борборго айланган бул жерде кезек күткөндөр абдан көп. Эртең менен …
Баетов айылында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү эми мекеме-ишканаларда жүрүүдө. Бүгүн адистер Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине келип, 1997-1998-жылдары туулган окуучуларды жана айрым кызматкерлерди каттоодон өткөрүштү.
Мектептин курулуш иштеринин башталганына бир ай болду. Курулуш иштерине мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилди. «Жалпысынан 45 млн сом бөлүнүп берилди. Мектептин ордун түздөп казганга 2 млн сом кетти», —деди айыл …